"Азаттык" Башкы прокуратура менен ИИМге кайрылды

«Азаттык» радиосунун микрафону

Сүрөттүн булагы, Азаттык

Кыргызстандагы "Азаттык Медиа" мекемеси кызматкерине күч колдонуп, жабдыктарын тартып алуу боюнча козголгон кылмыш ишин кароону Оштон Бишкек шаарына которуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылуу жолдоду. Ушундай эле өтүнүч каты ички иштер министрине дагы берилген.

Мындай кайрылууга негиз катары биринчиден, журналисттердин коопсуздугу, экинчиден, "Ош шаарындагы укук коргоо органдарына айрым бир кызыкдар тараптардан басым болуп, бул жагдай тергөөнүн жүрүшүнө таасир этүү тобокелчилигин пайда кылышы мүмкүн" экени айтылды.

"Буга чейин социалдык тармактардагы радикалдык маанайдагы чакырыктардан улам "Азаттык" Айбек Кулчуманов менен Оштогу аймактык кабарчысы Ыдырыс Исаковдун коопсуздугуна байланыштуу Ички иштер министрлигине да кайрылган",-деп билдирди "Азаттык".

Соңку окуя Кыргызстандагы интернет колдонуучулар арасында кызуу талкууга түшкөн тема болуп калды. Айрымдар "журналисттер жеке менчик укугун бузду" деп сынга алса, көпчүлүк муну "сөз эркиндигине кол салуу" катары баалап жатышат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирген. Мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыков экспертизанын тыянактары боюнча маалымат берди:

«Кулчумановдун арызында "баш мээсинен жабык жаракат алган" деп көрсөтүлгөн. Бирок соттук-медициналык экспертизанын кортундусу муну тастыктаган эмес. Ал эми башына дрон түшүп кетти делген жарандын баш мээси чайкалган, ал жумуру жана катуу нерсенин таасиринде пайда болушу мүмкүн деген тыянак чыгарышты. Соттук-медициналык экспертизага эч ким басым жасай албайт. Анткени, бул тараптардын жана жактоочулардын катышуусу менен жүрдү",-деди З.Сыдыков.

"Азаттыктыктын" кол салууга кабылган оператору Бишкекке келип, учурда ооруканалардын биринде тийиштүү медициналык жардам алып жатканы айтылды.

Мунун алдында парламент депутаты Искендер Матраимов "Азаттык" боюнча Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды териштирген комиссияга кайрылганы белгилүү болду. Аталган комиссия даттануу келип түшкөнүн ырастап, кызыкчылыктар кагылышы болбош үчүн курамындагы "Азаттык" кабарчысын бул арызды кароого катыштырбай турганын билдирген. Матраимов "өздөрүнө карата бир тараптуу каралоо жүрүп жатат" деп эсептейт.

«Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчуманов

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, «Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчуманов

28-сентябрда "Азаттык" оператору тасма тартып жүргөн учурда белгисиз бирөөлөр келип, күч колдонуп, жабдыктарын тартып алган. Журналист бул боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Кийин жабдыктарды тартып алгандар дагы милицияга кайрылып, журналисттин үстүнөн арыз жазышкан. Алар техникаларды милицияга өткөрүп берип, арызында "жеке менчик үйдү уруксатсыз тартканын", "дрон башына кулап кеткенин" жүйө келтиришкен экен.

Бул окуя боюнча бир катар саясатчылар жана жарандык активисттер билдирүү таратып, бул ишти адилеттүү териштирүүгө чакырууда. Апта башында ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир «Твиттер» баракчасына билдирүү жазды.

"Өткөн ишемби күнү Ош шаарында төрт белгисиз кишинин "Азаттык" радиосунун оператору Айбек Кулчумановго кол салганы тынчсыздандырды. Медиа кызматкерине каршы зомбулук жана коркутууга жол берилбеши керек. Бийликти окуяны адилет тергөөгө чакырам",-деп жазды ЕККУ өкүлү.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Маселени эки тараптуу карашыбыз керек, дейт Улуттук журналисттер союзунун төрага орун басары, журналист Азимжан Ибраимов:

"Бул жерде канчалык мыйзамдуу же мыйзамсыз аракеттер болгонун тергөө амалдарынын жыйынтыгы көрсөтөт. Бирок тергөө иштери акыйкат жүрүшү зарыл. Муну жалпы коомчулук көзөмөлгө алып турууга тийиш. Журналисттер бирөөнүн жеке менчик үйүнүн короосуна уруксатсыз кирип барып тартканга канчалык мыйзам жол берет? Бул дагы талаш маселе. Журналистке карата күч колдонууну айыптайбыз. Себеби алар журналист укугумду бузду деп эсептесе, күч колдонбой эле мыйзам алкагында аракеттениши керек да. Дегинкиси акыркы учурларда Кыргызстандагы актуалдуу темаларды көтөргөн, ачык-айрым чагылдырган журналисттерге кысым жасалган учурлар көп болуп кетти. Буга кээде бийлик тарабынан дагы жасалып келген аракеттер мисал болот. Мындайга жол бербеш үчүн журналисттер укуктук жактан сабаттуу болуп, өз укугун коргой билиши керек. Этиканы сакташы талапка ылайык".

Райымбек Матраимов деген ким?

Бул окуяларда "Райым миллион" деп элге кеңири таанылган Райымбек Матраимовду ысымы аталып жатат. Ал мурда Бажы кызматында иштеген. Буга чейин ага байланыштуу бир катар ММКлар иликтөөлөрүн жарыялашкан. Анын ичинде "Азаттык" дагы бажыдагы коррупция боюнча иликтөөлөрүн чыгарган.

Матраимов

Сүрөттүн булагы, Social media

Райымбек Матраимов 2017-жылдын ноябрь соңунда кызматынан алынган. Ал учурда өкмөттүн башында Сапар Исаков эле. Андан кийин өкмөт бажы төлөмдөрү бюджетке эселеп көп түшкөнүн билдирген. Мисалы, Ош бажысы мурда күнүнө эки миллион сомдун тегерегинде чогултса, ошол учурда 15 млн сомго жеткенин айткан.

Көп өтпөй мурдакы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди жаңылоо ишиндеги коррупция боюнча айыпталып, камакка алынды. Ушундан тарта мурдакы президент Алмазбек Атамбаев менен анын жактоочулары "Райым-миллиондор" жаңы бийликти колго алып, "өч ала баштады" деген билдирүүлөрүн айтып келгени бар.

Ошондой сын-пикирлерден кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерип баштаган.

Матраимовдорго байланышкан окуялар коомчулуктун кызуу талкуусунан түшпөй келе жатат. Май айында Оштун Кара-Суу районунда Матраимовдор өткөргөн иш-чарага коомчулук катуу реакция кылганы бар. Биринчи май күнү Кара-Сууда бир тууган Матраимовдор спорттук, маданий иш-чара өткөрүп, ага өкмөттүн жана парламенттин жоон топ өкүлдөрү барышкан эле. Өкмөт менен соттошуп, артынан көп сөз ээрчиген Райымбек Матраимовду бийлик өкүлдөрү жандай олтурган сүрөттөр тарагандан кийин, коомдук сайттарда катуу кыжырданган пикирлер жайнаган.

Кийин өкмөт жана парламент өкүлдөрү Матраимовдордун улуусу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун чакыруусу менен барышканын айтып, актанышты.

Көп өтпөй Райымбек Матраимов мурдакы президентке кайрылып, аны менен кармашууга кудурети жете турганын эскертти. Ал өзүнүн видео кайрылуусунда кезинде Атамбаев менен абдан ынак болгонун, кийин ортосун кара мышык аралаганын айтат. Ошондой эле Атамбаев менен кармашууга кудурети жете турганын, керектүү маалыматы да бар экенин белгилеген. Ошол маалда азыр камакта жаткан мурдакы президент Алмазбек Атамбаев тарап Райым Матраимовдун кайрылуусун "Ак үйдөгүлөрдүн кезектеги чабуулу" катары баалаган эле. (AbA)