Өкмөт Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетет
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таировду кабыл алып, экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөшүүдө көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматын укту.

Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайты кабарлады. "Мухаммедкалый Абылгазиев бажы органдарында коррупцияга каршы аракеттерге, аткезчилик жана көмүскө импорт менен күрөштү күчөтүү чараларына өзгөчө көңүл бурду",-деп жазат өкмөттүн басма сөз кызматы.
Премьер-министр ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү маселесин козгоду жана текшерүү процессин тездетип, коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүүнү тапшырган.
"Райым миллион" деп элге кеңири таанылган Раимбек Матраимов Бажы кызматында иштеген. Атамбаев президент Жээнбековдун бийлигин Бакиевдин бийлигине салыштырып, бажыдагы коррупция жана "Раим миллион" темасын козгоп, анын коррупцияга каршы күрөшүн жасалма деп сынга алып келатканы белгилүү.
Раимбек Матраимов 2017-жылдын ноябрь соңунда кызматынан алынган. Ал учурда өкмөттүн башында Сапар Исаков эле. Андан кийин өкмөт бажы төлөмдөрү бюджетке эселеп көп түшкөнүн билдирген. Мисалы, Ош бажысы мурда күнүнө эки миллион сомдун тегерегинде чогултса, ошол учурда 15 млн сомго жеткенин айткан.
Көп өтпөй мурдакы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди жаңылоо ишиндеги коррупция боюнча айыпталып, камакка алынды. Ушундан тарта экс-президент Алмазбек Атамбаев менен анын жактоочулары "Раим-миллиондор" жаңы бийликти колго алып, "өч ала баштады" деген билдирүүлөрүн айтып келүүдө.
Ошондой сын-пикирлерден кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерип баштаганы айтылган эле.

Ушул айдын башында Оштун Кара-Суу районунда Матраимовдор өткөргөн иш-чарага коомчулук катуу реакция кылгандан кийин бийлик өкүлдөрү актанып түшүндүрмө берүүгө аргасыз болгон. Биринчи май күнү Кара-Сууда бир тууган Матраимовдор спорттук, маданий иш-чара өткөрүп, ага өкмөттүн жана парламенттин жоон топ өкүлдөрү барышкан эле. Өкмөт менен соттошуп, артынан көп сөз ээрчиген Раимбек Матраимовду бийлик өкүлдөрү жандай олтурган сүрөттөр тарагандан кийин, коомдук сайттарда катуу кыжырданган пикирлер жайнаган.
Кийин өкмөт жана парламент өкүлдөрү Матраимовдордун улуусу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун чакыруусу менен барышканын айтып, актанышты.
Көп өтпөй Раимбек Матраимов экс-президентке кайрылып, аны менен кармашууга кудурети жете турганын эскертти. Ал өзүнүн видео кайрылуусунда кезинде экс-президент менен абдан ынак болгонун, кийин ортосун кара мышык аралаганын айтты. Ошондой эле Атамбаев менен кармашууга кудурети жете турганын, керектүү маалыматы да бар экенин баса белгилеген. Экс-президент Алмазбек Атамбаев тарап Раим Матраимовдун кайрылуусун "Ак үйдөгүлөрдүн кезектеги чабуулу" катары баалаган эле. (AbA)











