КСДП: Төртүнчү жолу системалык кризис
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
"Атамбаевсиз КСДП" кыймылы жаз айларында партия курултайын өткөрүүнү көздөп, Атамбаевди лидерликтен кетирүүгө умтулуп жатат. Алмазбек Атамбаев өз кезегинде СДПКнын тизмесин баштап, келерки жылы болуучу чоң шайлоого камынууда. Кыргызстандагы башкаруучу партия ичинен бөлүнүп-жарылган сайын, саясий келечеги бүдөмүк болуп баратат.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Кыргызстан социал-демократтар партиясы жакында эле өздөрүнүн айланасындагы акыркы окуялар тууралуу маалымат берген эле. Анда партиянын курамынын жаңыланышы боюнча сөз болуп, Атамбаев эртеби-кечки КСДПны өткөрүп бере турганын айткан.
"Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын дагы көздөгөнү ушул. Алар партияны жаңыртууга, уурулардан арылтууга умтулуп жатканын айтышууда. Бирок эки канаттын тең тилеги бир болгону менен ар бири өзүнчө саясий жол менен баратат.
"Биз саясий кеңешке, фракциянын лидерине кайрылып кезексиз съезд өткөргүлө деп жатабыз. Эгер алар съезд өткөрбөй турган болсо биз кол топтоо жолу менен өзүбүз өткөрөбүз. Атамбаев партияны өткөрүп берем деп жатат. Анын өткөргөнгө укугу жок. Анткени легитимсиз шайланган",- деди "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахманов.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Партияда ажырым качан башталган?
Социал-демократтарда ич ара бөлүнүп-жарылуу Атамбаев өлкөнү башкарып турганда эле башталган. Сагынбек Абрахманов жана Ринат Самудинов баш болгон партиянын айрым мүчөлөрү Атамбаевдин саясатын сындап, ал партияны узурпациялап алганын айтып чыгышкан.
Ал кезде азыркы президент менен Атамбаев экөө бир муштум болуп, ортосунан жел өтпөй турган эле. Президенттик шайлоодон кийин Жээнбеков менен Атамбаевдин мамилесинин солгундашы башкаруучу партиянын ынтымагын ого бетер ырбатты.
"КСДП партиясынын ички конфликтти, бул биздин саясий элитанын деңгээлин көрсөтөт. Эмне себептен абдан монолиттүү, күчтүү деген партия бири-бири менен каршылашып, ар кайсы жерде чогулуштарды өткөрүп бири-бирин жамандап жатышат? Бул жерде алар мамлекеттик кызматты жеке кызыкчылыгына пайдаланганы көрүнүп калды. Мындай кырдаалдын түзүлгөнү коом үчүн жакшы болду. Анткени биз саясий партиянын, элитанын деңгээлин көрдүк",- деди Би-Би-Сиге юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашов.
"Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын артында кимдер турат?
КСДП катчылыгынын жетекчиси Таалай Усубалиев партия учурда төртүнчү жолу системалык кризисти башынан өткөрүп жатат дейт. Бир жылга жакын убакыттан бери партия лидерине болгон кара пиар күч алганын айткан Усубалиев, партиянын айрым мүчөлөрү далысын салып кеткенин, айрымдары болсо үн катпай күн кайсыл жакка тийсе ошол тарапка ооп кетүүгө камданып жатканын дагы жашырган жок.
"Булардын партияны алууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок, бирок мыйзамсыз мүмкүнчүлүктөрү болушу мүмкүн. Алардын артында таасири күчтүү бийлик адамдары турат деп угуп жатабыз. Ошондуктан бардык нерсени күтсө болот. Эгер "Атамбаевсиз КСДП" кыймылы партияны алып кое турган болсо, муну биз саясий рейдерлик деп так кесер айта алабыз",- деди ал.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Кандай гана партия болбосун, ал бирдиктүү бир идеологиянын алдында иш алып барганда гана күчтүү саясий тутумга айланат. Кыргызстанда болсо партиялардын кризиси бир идеологиянын эмес, бир кишинин тегерегинде биригип жатканында дешет аналитиктер.
"Идеологияга баш ийбеген партиянын лидери кулаганда, мүчөлөрү көрүнгөн жакка сатылып кете берет. Маселен, КСДП Атамбаевдин аты менен бийликке келди дагы, ал кеткенден кийин Жээнбековго баш ийип берди. Атүгүл булардын экинчи адамы болуп эсептелген Сапар Исаковду адегенде жакшы иштеп жатасың деген болуп, бир аптадан кийин бийликтен алып ташташты. Ошол дагы идеологияга бириккен күчтүү партия деп айтылабы",- деди Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев.
Социал-демократтардын ичиндеги кризис бара-бара партиянын тарап жок болуп кетишине алып келет дегендер дагы бар. Бирок КСДП мүчөлөрү өздөрү өлкөдө күчтүү партия катары кала бере турганын айтышууда.












