Кыргызстан коррупция эң жогору өлкөлөрдүн тобунда

Бишкек ТЭЦ

Сүрөттүн булагы, Gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ЖЭБдеги коррупция боюнча айыпталып, эки экс-премьер-министр, бир экс-министр, энергетика тармагынын бакандай алты жетекчиси камакта отурат.
    • Author, Кубатбек Чекиров
    • Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек

Кыргызстан коррупция деңгээли эң жогору өлкөлөрдүн тизмесинде. Бул жөнүндө Дүйнөлүк экономикалык форум жарыялаган коррупция боюнча жылдык глобалдык отчетто айтылат.

Аталган уюмдун изилдөөсү боюнча 30 баллдан төмөн алган өлкөлөр коррупция эң жогору өлкөлөр болуп саналат. Кыргызстан 29 балл алып, Украина, Россия, Тажикстан менен бир топко кирди. Түркмөнстан менен Беларус отчетко кирген эмес. Кыргызстанда эки жолу тең революцияга алып келген башкы себептердин бири бийликтеги коррупция болгон. Бирок улам жаңы келген бийлик коррупцияга каршы жарыялап жаткан менен анын кылы да кыйшайган жок. Бул эмне болгон парадоксалдуу көрүнүш? Би-Би-Си ушул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевге жолдоду.

Каныбек Иманалиев

К. Иманалиев: Коррупция бизде системага айланган көрүнүш, коррупция өзүнчө институт. Ал мамлекеттик институттардан да күчтүү иштейт. Аларга каршы күрөш жүргүзүү үчүн мыйзам базасы да, күч түзүмдөрү да жетиштүү.

Эң керектүү болгон үч нерсе: Биринчиден, коом бүт жапа тырмак күрөшүү керек. Армениянын мисалын көрбөдүкпү. Экинчи, саясий эрк керек. Үчүнчү, коррупция менен күрөштүн башында турган адам өзүнүн иш-аракеттери менен үлгү болуш керек.

Мына азыр карасаңыз, биз коррупция менен күрөшүп жатабыз, бирок бюджет андан көбөйүп кеткен жок да.

Би-Би-Си: Мурдакы президенттин тушунда коррупцияга болгон күрөштү оппозициянын ойронун чыгара турган саясий оюн катары сындап келишти. Ал эми азыркы убакта өзүнүн түз маанисиндеги күрөш болуп жатат деп түшүнөсүзбү?

К. Иманалиев: Анча-мынча фонд ачылып, акча түшө баштады. Жыйынтыгын күтө туралы. ЖЭБдин тегерегинде коррупция менен байланышкан иштерди тергөө иштери жүрүп жатат. Ошонун жыйынтыгына жараша жооп болот.

Би-Би-Си: Коррупция дегенде бүт эле президенттин саясаты жөнүндө айтып жатышат. Ошол эле убакта коррупцияга каршы күрөш Жогорку Кеңештин мойнундагы дагы жоопкерчилик эмеспи?

К. Иманалиев: Жогорку Кеңеш өзү саясий бутага айланып калды. Анткени оппозициялык багыттагы депутат болсо ага сөзсүз иш козгойт, аны өзүңөр көрдүңүздөр.

Башка жагынан алсак, депутаттар эл алдындагы сөзү менен күрөшөт, сөз менен күрөшкөндөргө иш козгоп жатышса, анда эки канатын кескен кушка окшоп калып жатышат.