ЖЭБ: казынаны "какшыткан" көмүр

Сүрөттүн булагы, Ainura Duishok kyzy
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Эки өкмөт башчы, бир министр дагы бир нече жетекчини абакка сүйрөгөн ЖЭБ (ТЭЦ) чуусу ар башка өңүтүнөн дагы далайга уланчудай. Бул иш өлкөнүн башкы саясий жетекчилерине чоң сыноо болоору айтылууда. Себеби, жазага тартайын десе мурдагы үзөңгүлөштөр, тартпайын десе эл турат.
Учурда ЖЭБдеги модернизациядан тышкары эл көңүлүн бурган дагы бир жагдай - көмүр маселеси болду. Бул иште миллондор кумга сиңген суудай жок болуп жатат дегендер жок эмес.
Энергетика боюнча эксперт Расул Үмбөталиев жаңы президент, жаңы өкмөттүн келиши менен Бишкек ЖЭБине көмүр ташуудагы коррупция токтойт деп үмүттөнгөнүн, бирок, азырынча алыгылыктуу аракеттер байкалбай жатканын айтууда.
Ал "Электр станциялары" ачык акционердик коому көмүрдү ортомчу фирмадан эмес, түздөн-түз кендин өзүнөн алса мынчалык чуу чыкпайт эле дейт. Эксперт көмүрдүн ар бир тоннасынан 1100 сомдон ашык акча үнөмдөлсө, миллиондогон доллар өлкөдө калмак деген пикирде.
"Аталган электр станциялары ачык акционердик коому көмүрдү түздөн-түз алса тоннасы 36 эле доллардан айланат. Төрт жыл бою "Рассвет Компани" ташып жатат. Колумда документтер да бар. Анын түзүүчүлөрү ким? "Прогресс Компани" менен "Рассвет Компанинин" негиздөчүсү бир. Ал Болотбек Абиров. Аны биз жакшы тааныйбыз. Компаниянын баштапкы капиталы болгону 699 миң эле сом. Бирок ушул каражат менен 3 миллиард сомго көмүр жеткирип жатпайбы",- дейт эксперт Расул Үмбөталиев.

Бирок эксперттин бул айтканын экинчи тарап дароо четке какты.
"Ал киши баштапкы капитал жана баланстын башка параматрлери тууралуу айтып жатат. Ал сом менен айтып койду. Орой айтканда ал киши туура эмес чечмелеп берди. Баары миңдиктер менен жазылган. Баланс тапшырып жатканда жогору жагына чен-өлчөм жазылып турат да. Ал анын баарын эле сом деп айтып жатат",- дейт "Рассвет Компанинин" эсепчиси Ни Светлана.
Айтмакчы, сөз болуп жаткан Болот Абировдун ысымы анчейин белгилүү эмес. Бирок мындан үч ай мурун, коомдук ишмер Эдил Байсалов "Атамбаевдин 11 досу" аталышындагы иликтөөсүн жарыялап, Абиров тууралуу айткан.
"Болот Абировдун атына "Рассвет Компани" фирмасы катталган. Ал фирма жыл cайын Бишкек ЖЭБге 50 млн долларга чейин Казакстандан көмүр жүктөп келет. Абировго мындан сырткары дагы эки фирма катталган. Ага ал Султанходжа Адылов менен бирге ээлик кылат. Бул фирмалар Казакстандык мурдагы миллиардер, теги уйгур Алижан Ибрагимовго таандык болгонун интернеттен оңой эле табасыз. Ал киши эл арасында "Граф" деген каймана ат менен таанымал", - деген эле коомдук ишмер Эдил Байсалов.

Сүрөттүн булагы, Ainura Duishok kyzy
ЖЭБ чуусу парламент трибунасында да талкуудан түшпөй келе жатат.
"Миллиарддаган тонна көмүрүбүз бар дейбиз. Биз анын пайдасын көргөнчө эле дүйнө энергиянын такыр башка булактарына өтүп баратат. Шабыркүлдүн лицензиясы бир канча кишиде бар экенин баарыбыз жакшы билебиз. Бирок 25 жыл бою казакстандык бир эле фирма ЖЭБге көмүр ташып келе жатат. Ушунча жыл ичинде ошол көмүр үчүн кеткен 1.5 миллардга Балыкчыдан Кара-Кечеге чейин темир жол куруп, иш орунун түзүп, акчаны өзүбүзгө алып калганга болбойт беле? Биздин саясат ушул бойдон калбашы керек",- деген эле Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков.
Бул мазмундагы сөздү башкалар да кубаттагандай.
"Орой айтканда 27 жыл ичинде 1 миллиард 200 млн доллар ЖЭБдин көмүрү үчүн эле Казакстанга кетти. Эмне ушул акчаны өзүбүздө калтырып, жергиликтүү көмүр өндүрүүчүлөргө жумуш берсек, каражатты сактап калсак жаман болот беле",- дейт эксперт Расул Үмбөталиев.
Бирок "Электр станциялары" ААК өкүлү мындай жүйөлөргө макул эмес. Алар кандай гана болбосун жыйынтыктап эсептей келгенде, Казакстандан келген көмүр арзан жана пайдалуу болот деп жатат.
"Быйыл кышка 1 млн тонна көмүр камдашыбыз керек. Анын 600 миңин жергиликтүү көмүр менен камсыздайбыз. Калган 400 миң тоннанын маркасы башка. Бизге ал көмүрдү кайдан алып келсе да айырмасы жок. Бирок азырынча эң жакыны эле Казакстан болуп турат. Бул боюнча тендерди такай тиешелүү порталга жарыялайбыз. Баары ачык-айкын, мыйзам чегинде ошол жерде турат. Биз тендерге сен катыш же катышпа деп ар кимге көрсөтмө бере албайбыз",- дейт аталган мекеменин өкүлү Тагжана Айдаралиева.

Сүрөттүн булагы, facebook
Биз буга чейин көмүр кендеринин бирин иштетип келген жеке ишкердин да оюн сурадык.
"Жергиликтүү көмүрдү алууга кызыкчылык, чечим болушу керек. Ансыз ЖЭБди бир эмес, беш жолу жаңыласа да пайда чыкпайт. Казакстан таркан көмүр жөнүндө кеп кылсак ал жерде өтө таасирдүү адамдардын ортосунда айланган акча кызыкчылыгы бар. Балким, 15-20 жылда технология өнүгүп, керек десе көмүрдү да пайдаланбай калабыз. Экологияны коргой турган дүйнөлүк уюмдар зыяндуу газ чыккандын баарын четинен жаптырып келе жатат. Дүйнө акырындап ошого баратат. Анын кезеги бизге келгенде биздин көмүрүбүз да эч нерсеге татыбай калат. Ошого чейин биз аны казып, кен-байлык катары акчага айландырып алуубуз керек. А бизде болсо анын ордуна кымбат же ташып келүү оор деген сөздөрдү айтып, чет жактан көмүр алып жатабыз",- дейт жеке ишкер Кылычбек Исамамбетов.

Сүрөттүн булагы, facebook
Чуусу бүтпөгөн ЖЭБде мындан бир нече жыл мурун да чоң чуу чыккан эле. Анда Казакстандан радиацияланган көмүр тымызын ташылып келип, ал кийин гана ачыкка чыккан. Бул иште Аскарбек Шадиев баштаган бир нече кишинин ысымы аталып, бирок аягы бүдөмүк бойдон.








