Алмазбек Атамбаев: "ЖЭБдеги кыйроонун себеби кенебестик жана шалакылык"

Бишкек ТЭЦ

Сүрөттүн булагы, Gov.kg

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептери жөнүндө билдирүү таркатты. Анда кыргыз өкмөтү ЖЭБди реконструкциялоого ТВЕА компаниясын туура тандап алганы, ал ишти эң арзан баада бүткөрүп бергени, ал эми ЖЭБдеги авариянын себеби кышка даярдык маселесиндеги шалаакылык болгону айтылат.

Эмне үчүн ТВЕА тандалган?

Атамбаевдин жазганына караганда, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо максатында эл аралык финансы институттары менен сүйлөшүүлөр болгондо электр тарифтерин көтөрүү жөнүндө талап коюлгандыктан, алардын кызматынан баш тартууга туура келген.

«Кредит алуунун эки гана мүмкүнчүлүгү калды: же Россиядан, же Кытайдан алышыбыз керек эле. Ошол учурда кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында россиялыктар ЖЭБди реконструкциялоо иши боюнча өзүлөрүнүн сунуштарын беришти. Бул Новосибирск долбоорлоо институтунун долбоору эле, анда ЖЭБдин аймагында кубаттуулугу 130 (кошкондо 260 мВТ.) мегаваттан турган жаңы эки блокту куруп берүү сунушталган. Алардын эсеби боюнча бул бизге 518 млн. АКШ долларына түшмөк»,-дейт Алмазбек Атамбаев.

Ошондой эле Кытайдын ТВЕА жана СМЕС компанияларынан эки сунуш келип түшкөн. ТВЕА компаниясы каржылоо Кытай өкмөтүнүн кепилдиги бериле турган ЭКСИМ банк аркылуу болорун дароо билдирген. Натыйжада 2013-жылдын 28-майында болгон кеңешмеде Энергетика жана өнөр жай министрлиги, «Электр станциялары» ААК жана ЖЭБдин адистери ТВЕА компаниясына токтошкон.

«Биринчиден, ТВЕА жалпы кубаттуулугу 300 мВТ болгон эки блокту, СМЕС болсо - ошондой эле эки блокту жалпы кубаттуулугу 270 мВТ менен куруп бермек. 30 мегаватт деген айырма кандай болорун энергетиктер жакшы билишет. Мисалы, Ат-Башы ГЭСнин кубаттуулугу - 40 мВТ. Мындайча айтканда, 1 мВт үчүн 1-2 миллион доллардын тегериндеги дүйнөлүк орточо нарк менен алганда, ЖЭБдеги кошумча 30 мегаватт кубаттуулук 30-60 млн. АКШ долларына турмак. Кытайда ТВЕА бир нече ЖЭБ жана алтымыш өлкөдө башка энергетикалык объекттерди куруптур»,-дейт экс-президент.

Атамбаев Алмазбек

Сүрөттүн булагы, B.STAMKULOFF

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алмазбек Атамбаев өзү көптөн бери эл алдына чыгып сүйлөй элек.

СМЕС компаниясы ишеним туудурган эмес

СМЕС компаниясы өзүнүн долбоорун жибергенде ТВЕАнын долбоорун үтүр-чекити, катасына чейин көчүрүп алганы билинип, долбоордун наркы 24 миллион долларга аз болсо да ишеним туудурган эмес:

«Болгону сметадан айрым объектилердин наркын алып салышкандыктан, долбоордун жалпы наркы да азайып калган. Мисалы, суммасы 24 миллион доллар турган эки позицияны алып салышкан. Маселен, түтүн чыгуучу морду алып салышкан. Жылуулук станциясын мору жок кантип курасың? «Электр станциялары» ААКнын жетекчилеринин бири айткандай, мору жок меш болобу? Ошентип керектүү нерселерди чийип салып, СМЕС сметасын 30 млн. долларга азайтып койгон».

2013-жылдын күзүндө тийиштүү түшүндүрмө сурап Кыргызстан Кытай тарапка кайрылганда, КРнын Тышкы иштер министрлигине Кытайдын КРдагы Элчилигине караштуу соода-экономикалык кеңешчисинен Кытай "ТВЕА компаниясы КЭРдын өкмөтүнүн деңгээлинде аталган долбоордун бирден бир аткаруучусу болуп бекитилди» деген жооп келген.

"Эң төмөнкү баа"

Алмазбек Атамбаев өзүнүн макаласында ошондой эле ЖЭБди реконструкциялоо долбоорунун наркы жогору болгон деген пикирлерди дагы четке кагат:

"Кыргызстан ЖЭБди 1 мВТ кубаттуулук үчүн 1,28 млн. долларга, башкача айтканда, аймактагы эң төмөнкү баа боюнча реконструкциялаган. Анан кантип Сапар Исаковду, Жантөрө Сатыбалдиевди, Осмонбек Артыкбаевди, Айбек Калиевди жана Салайдин Авазовду ЖЭБди реконструкциялоонун наркын жогорулаткан деп айыптоого болот?"

Кыргыз өкмөтү ТВЕА компаниясын тандап алгандан кийин дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бааны ылдыйлатууга ынандырышкан. Натыйжада ТВЕА 30 миллон долларга кемиткен.

"Кенебестик жана шалакылык"

Алмазбек Атамбаев ЖЭБдеги авария андагы манометрлер тоңуп калгандан башталганын, анын себеби борборду кышка даярдоодо болгон шалаакы мамиледе деп санайт:

«ЖЭБдеги кыйроонун себеби кенебестик жана шалакылык болду. ЖЭБдин суукка тоңгон эски участокторунун сүрөттөрүн баарыбыз көрдүк, бул участоктор кышка карата даярдануу убагында ремонттон өткөрүлүүгө тийиш эле. Бирок тергөөнү ЖЭБди кышка даярдагандар, ЖЭБдин эски бөлүгүн сынган терезеси, тешилген чатыры менен калтыргандар кызыктырбайт. Жогоруда айтылган манометрлер менен жабдуунун импульстук линиялары болсо, так мына ушундан улам тоңуп калган. Ошол эле убакта ЖЭБдин эски цехтерин ремонттоо үчүн 2016-жылы 472 млн. сом, ал эми 2017-жылы 408 млн. сом каражат бөлүнгөн!».

Кыштын кыраан чилдесинде январь айында Бишкек жылуулук борборунда техникалык кырсык болуп, шаардыктар бир жума бою үйлөрү жылыбай, үшүп чыгышкан. Анын себептерин иликтей келгенде ЖЭБдеги от казандардын эле иши эмес, модернизациялоого алынган 386 миллион кредиттин пайдаланышына байланышкан дагы көп иштер ачыкка чыккан.

ЖЭБге коюлган баасы 14500 АКШ долларын чапчыган камералар

Сүрөттүн булагы, A. Jamangulov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ЖЭБге коюлган баасы 14500 АКШ долларын чапчыган камераларды депутат Акылбек Жамангулов өзү тартып келип, коомдук сайттарга чыгарган эле.

Кредиттин эсебинен алынган 600 долларлык аттиш менен 14 миң долларлык видео камералар жөнүндөгү маалымат элдин оозун ачырып, кыжырын келтирген өзүнчө бир сенсация болуп калды.

Депутаттык комиссия ЖЭБдеги кырдаалды иликтеп чыгып, бул кырсыкка жоопкерчилик көтөргөн тийиштүү жетекчилердин аттарын атаган. Анын ичинде мурдакы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков, мурдакы энергетика министри Осмон Артыкбаев биринчи сапта айтылган. Азыр булардын үчөө тең ЖЭБдеги авария боюнча козголгон кылмыш иш боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө абагында отурат. Алардан башка бул иш боюнча Бишкек шаарынын мурдакы мэри Кубанычбек Кулматов жана энергетика тармагынын беш жетекчиси камакта. (КС)