ЖЭБ кырсыгы: Депутаттык комиссиянын корутундусунда эмне жазылбай калган?

Сүрөттүн булагы, Kenesh.kg
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептерин жана модернизацияга алынган кытай кредитин териштирген депутаттык комиссия ишин аяктап, корутунду документин даяр кылганы белгилүү болду. Бирок документке комиссиянын айрым мүчөлөрү "жумшак жазылып калыптыр" деген негизде кол коюшкан эмес. Би-Би-Си эмне себептен депутаттык комиссиянын корутундусуна макул болбой жатканын сурап, комиссия мүчөсү, ЖКнын депутаты Алмазбек Токторовго кайрылды.
А. Токторов: Булар келишимди аябай кылдаттык менен түзүшкөн, тийиштүү кишлерди жоопко тартуу жагы кыйын. Ошон үчүн мен комиссияга айттым, биз жок дегенде саясий чечим чыгаралы деп. Ушулардын шалаакылыгына, ушулардын коррупциялык иштерине, кыргыздын кызыкчылыгына каршы келген аракеттерине саясий баа берели дедим. Кийин справкага карасам, анча окшошпой, жумшак болуп калыптыр.
Баш прокуратурага, УКМКга, Эсеп палатасына кайрылуу бар, ага баарыбыз макул болдук. Бирок саясий бааны так беришибиз керек. Биздин кызыкчылыкты көздөгөн эмес, мына бул жери шалаакылык, кайдыгерлик деп өзгөчө баса белгилеп чыгарышыбыз керек деп мен талап кылып жатам.
Кээ бир маанилүү учурлар таптакыр жазылбай калыптыр. Мисалы, президенттик администрациядан ошол кезде TBEA менен келишим түзгүлө деген көрсөтмө берилген жолдомо кат болгон экен. Бизде кыргызчылыкты билесиз: эгерде кат администрациядан келген болсо, ошону туу тутуп, сөзсүз аткарыш керек.

Сүрөттүн булагы, Gov.kg
Би-Би-Си: Демек, бул маселе ошол учурда президенттин өзүнүн көзөмөлүндө турган болуп жатабы?
А. Токторов: Ооба, ошондой болуп жатат. Ошондой эле ошол убактагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билип барганбы, же билбей барганбы, аны тергөө аныктайт. Бирок комиссия түзүп, кол койгон ошол киши.
Ал эми энергетика министри Осмон Артыкбаевдин да катышы бар. Кандай деңгээлде катышы бар, аны тергөө аныктайт. Бирок, ким аркылуу кол коюлганын даана, так жазыш керек эле.
Би-Би-Си: Башкача айтканда, кытай кредитин алып келип, ЖЭБди модернизация кылууга иштеткенге тиешеси бар жетекчилердин баарынын аты аталып, көрсөтүлүшү керек деп жатасыз да?
А. Токторов: Кимдин тиешеси бар, ким бул ишти активдүү жылдырган, баары даана, кызматы эле эмес, фамилиясы, аты-жөнү да так жазылыш керек. Карапайым эле ким жөнүндө сөз болуп жатканын угушу, билиши керек.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
Би-Би-Си: Кытайдан келген кредит эч кандай техникалык экономикалык негизи, тендери жок эле иштетилип кеткен деген сөз көп айтылды. Ушул жагы такталдыбы?
А. Токторов: Ушулар дагы жазылбаптыр да справкада. ТЭО бар дегендей жазышыптыр. ТЭО болгон эмес, тендери жок өткөрүшкөн. Кытай элчисинин бир жардамчысы эле кат жазып койсо, ошону туу тутуп, аткарып жатышпайбы. Башка кытай компаниялары менен сүйлөшөлү деген сөз, аракет жок.
Би-Би-Си: Коррупциялык иштер жөнүндө алдыда айтып кеттиңиз. Коррупция бар-жок экенин комиссия аныктай алдыбы?
А. Токторов: Коррупциялык элементтер бар. Коррупциялык элемент жок деген комиссияда бир дагы киши жок. Ал тараптын кызыкчылыгын коргогон, коруган учурлар бар. Ал боюнча баарыбыздын оюбуз бир жерден чыгып жатат.
Кытайга барган депутаттык топту дагы такташыбыз керек, ким барган, эмнеге барган. Президент администрациясынан жазылган каттарды табыш керек.
Баалар абдан кымбат көрсөтүлгөн деген тыянакка келдик, бирок ошону справкага жумшак жазып коюшуптур.
Мен айттым, толуктоолорум бар, ошолорду кошсоңор кол коюп берем деп. Кошпосоңор кол койбойм, палатага чыкканда өзүмдүн пикиримди айтайын деп жатам.









