Атамбаевдин качат-кайтат деп кайраштырган сапары

Сүрөттүн булагы, facebook
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Илмиянов кармалганын айтып оозду жыя электе экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга сапары уу-дуу кептин учугун чубады.
Атамбаевдин Москвага азиялык саясий партиялардын жыйынына катышууга жөнөй турганы жарыяланаар замат кээ бир саясатчылар экс-президент саясий сапарга жамынып, ошондон ары качып кеткени жатат деп чыкты.
"Икрамжан Илмиянов камакка алынгандан кийин Атамбаев кийинки кезек өзүнө жеткенин түшүнүп турат. Себеби айныксыз далилдер чыга баштайт. Ал турган иш. Конституциялык сот, Жогорку Кеңеш эртең чечимдерди кабыл алат. Кабыл албаган күндө дагы, анын экс-президент деген иммунитети жок. Муну камакка aлууга мүмкүнчүлүк бар, буга мыйзам жол берет. Ал калабалуу окуялардан кийин бийликке келип, миллиарддап акча топтоп алган соң баарын күтсө болот. Ал ошол акчаларды адалдай албай убара. Кээ бирлер чыкса чыгып кетип, тынч жатсын деп да айтып жатат. Бирок бир нерсени билип коюш керек. Атамбаев тынч жаткыдай МГУнун профессору же Бакиев эмес. Бул кишинин кулк-мүнөзү такыр башка. Чет жакта жатып алып Кыргызстанга будуң-чаң салып, тынчтык бербей коюуга бул кишинин каражаты да жетет. Акыйкаттык үчүн айтып коюшум керек, конференция тигил бул деген жөн гана шылтоо",- дейт коомдук ишмер Эдил Байсалов.
Бирок ошол эле учурда КСДП партиясынын басма сөз кызматы боло турган конференцияга эбак эле чакыруу келгенин, бул сапар Илмияновдун кармалышынан мурун эле пландалган иш экенин Би-Би-Сиге билдирди.
"Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандан башка жакка качып кетүү тууралуу оюу да жок, ага негиз да жок. Сиздер Алмазбек Атамбаевдин позициясын жакшы билесиздер. Кыргызстандан чыгып кетүү жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Көрсөтүлгөн иш-чаралар аяктаган соң Кыргызстанга кайтып келет. Ал эми качат, из жашырат деген кептер болбогон эле бир сөздөр",-дейт аталган партиянын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева.

Сүрөттүн булагы, facebook
Бул талкууну башы ачык турган чакта Алмазбек Атамбаевдин учактын бортунда олтурган сүрөтү чыгып, күбүр-шыбыр кептерди андан ары тереңдетти.

Сүрөттүн булагы, facebook
Кезинде Алмазбек Атамбаев менен кырды бычак болуп келген саясатчы Нариман Түлеев экс-президент качуу ниетинде турат окшойт деген мазмунда пост жарыялап, жоромол-божомолдор дагы күчөдү. Ошентип алты күндүк сапардын аягы эмне менен, кандай аяктай турганы азырынча так белгисиз. Бирок кезинде Алмазбек Атамбаев президенттик кызматын тапшырган соң кайсы бир деңгээлде чыгармачылыкка убакыт бөлүп, Кыргызстандан эч жакка кетпей турганын баса белгилеп айтып келген. Ал бул маселеде Акаев же Бакиевдей эмес экенин далай ирет айткан.
Ошентип, экс-президент Алмазбек Атамбаев 24-27-октябрда Москвада Азиядагы саясий партиялардын конференциясынын онунчу генералдык ассамблеясынын ишине катышканы жатат. Ал жыйында экстремизм менен күрөшүү, эл аралык чыңалуу темалары талкууланат.
Экс-президент адегенде 23-24-октябрда Санкт-Петербургга барып, бир тууган агасынын жесири Шаршенова Еленаны жерге берүү зыйнатына да катышат.








