Икрамжан Илмиянов жети жылга түрмөгө кесилди

Сот Икрамжан Илмиянов президенттин кеңешчиси болуп турганда "Дизель комплект" компаниясына салык төлөбөгөндүгү үчүн козголгон кылмыш ишин жабыш үчүн андан 150 миң АКШ долларын алганы далилденди деген негизде аны жети жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялады жана 160 миң сом айып пул салды.

Илмиянов өткөн жылы октябрда кармалып, Кыргызстанга алынып келинген

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Илмиянов өткөн жылы октябрда кармалып, Кыргызстанга алынып келинген

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда айдоочу, кийин кеңешчи, президенттик аппарттын жетекчи орун басары кызматтарын аркалаган Икрамжан Илмияновго Башкы прокуратура алдамчылык беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ага өткөн жылы октябрь айында издөө жарыяланганып, ошондон бир күндөн кийин Орусия аймагында кармалып, Кыргызстанга алып келинген.

Тар чөйрөгө айдоочу катары таанымал Икрамжан Илмиянов 2010-жылдан тарта саясатта негизги фигуралардын бирине айланган болчу. Ишмердигин чуу коштогон Икрамжан Илмияновду колдоп, абдан чарбачыл дегендер да бар. Такай болбосо да маал-маалы менен анын карааны ар кайсы жерден ачык көрүнө калчу.

Соңку президенттик шайлоонун алдында Баткенде курулуп жаткан мектептердин биринде Илмиянов курулушка жооптууларды зекип, "Баарыңарга кылмыш ишин козготом, тууганчылык менен ишти аралаштырбагыла" деп өктөм сүйлөп аткан видеосу да тараган.

Канткен менен экс-президент Алмазбек Атамбаев ишеним арткан кадр катары Сапар Исаков, Фарид Ниязовдор менен катар эле Илмияновдун ысымы да аталып келген. Ал тургай "Президентти коштогон сырдуу караан" деп видео баян да жарыяланып, анда ал өзү тууралуу буларды айткан.

"Мен 1998-жылдан бери Алмазбек Атамбаевге айдоочу болуп иштеп келдим. Кийин ушундай чон кызматтарга да дайындалдым. Демек, адамдык сапаттарым же кээ бир иштерге жөндөмдүүлүгүм ал кишинин купулуна толсо керек"- деген эле.