Кыргызстан күн энергиясын алуучу панелдерди экспортко сатууда
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда жашыл экономика жумалыгы уланууда. Өкмөт соңку жылдары жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында жашыл экономикага өзгөчө көңүл буруп келет. Бул багытта Орто Азия боюнча күн энергиясын иштеп чыгуучу панелдерди жасай турган жалгыз ишкана Кыргызстанга курулган.
Күн энергиясын алуучу панелдерди жасай турган заводдун реалдуу иштей баштаганына бир жарым жылдан ашып калган. Бул убакыт аралыгында завод Германия, Казакстан, Орусия сыяктуу мамлекеттерге төрт миң күн батареясын экспорттогон. Ал эми ишкананын жылына жүз жыйырма миң панелди даярдап, экспорттоого кубаты жетет.

"Ишкана германиялык инвесторлор менен бирге уюштурулган. Бул Кыргызстанда гана эмес Орто Азияда дагы күн энергиясын иштеп чыгуучу панелдерди жасай турган жалгыз ишкана. Завод иштей баштагандан тартып 10 млн сомдон ашык товар экспорттолду. Күн батареяларын иштеп чыгууда бул завод жаңы технологиянын негизинде иш алып барат. Учурда Германиядан технологдор келип, жергиликтүү жумушчуларды окутуп, биз менен бирге иш алып барып жатат",- деди Бишкек эркин экономикалык аймагынын өкүлү Нурдин Дилдебеков.
Дүйнөдө өнүккөн өлкөлөр табигый ресурстарды үнөмдөө үчүн күн нуру, жел, деңиз суулары сыяктуу кошумча энергияны пайдаланууга эбак эле өткөн.
Күндүн кубатынан электр энергиясын алып, күн панелдерин пайдалангандардын саны Кыргызстан дагы жыл сайын көбөйүүдө. Ошондой болсо дагы күн энергиясын алуучу панелдерге жергиликтүүлөргө караганда чет мамлекеттин суроо-талабы көбүрөөк. Андыктан "Нью Тек" ишканасында өндүрүлгөн панелдердин токсон пайызы чет мамлекетке жөнөтүлөт.

"Европа мамлекеттеринде альтернативдүү энергиянын түрлөрү популярдуу экенин эске алуу менен ишкана башында эле экспортко багытталып ачылган. Аларга ошондой эле өндүрүлгөн продукцияларды чет мамлекетке көбүрөөк жөнөтүп, валюталык запастарды көбөйтүү тапшырмасы бериген",- деди Бишкек эркин экономикалык аймагынын өкүлү Нурдин Дилдебеков.
Кыргыз бийлиги күндүн энергиясын алуучу панелдери колдонуу, электр энергиясынын чыгымдарын алда канча кыскарта турганын айтат. Негизи эле жашыл экономикага өтүү, өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө боло турган багыттардын бир экенин экономисттер буга чейин эле байма-бай айтып келген.






