Кыргызстандын бешинчи президенти кызматына киришти
15-октябрдагы президенттик шайлоодон 50 пайыздан ашуун добуш алып утуп чыккан, КСДП талапкери Сооронбай Жээнбеков салтанаттуу ант берип, президенттик кызматына киришти.

Сүрөттүн булагы, official
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын «Энесай» залында өткөн инаугурацияга мамлекеттик жетекчилер, парламент депутаттары, коомдук ишмерлер, жалпысы болуп 450 киши катышты. Салтанат өлкөнүн коомдук телеканалы аркылуу түз чагылдырылып көрсөтүлдү.
Сооронбай Жээнбеков алты жылдык мөөнөткө шайланды. Эксперттер бүтүндөй чөлкөм боюнча экинчи ирет Кыргызстанда бийлик тынч жол менен өткөрүлүп берип жатканын белгилөөдө.
2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин өткөөл мезгилдин президенти болуп шайланган Роза Отунбаева 2011-жылы Алмазбек Атамбаевге президенттикти өткөрүп бергени бар.

Сүрөттүн булагы, official
«Бүгүнкү берген антым - өлкөмө жана Кыргызстанды эгемен, демократиялык, укуктук, светтик, унитардык жана социалдык мамлекет катары сыпаттаган анын Конституциясына берилгендигимди билдирген ант болуп саналат»,-деди Сооронбай Жээнбеков өз кайрылуусунда.
"Демократиянын эки досу бар! Биринчиси эркиндик, экинчиси жоопкерчилик! Мен президент катары бийликтин бардык бутактарында эң катуу талаптарды коём. Аткаминерлердин арасындагы коррупция менен күрөшүү - менин президенттик мөөнөтүмдөгү эң приоритеттүү багыт. Бул күрөштүн башкы маңызы - мыйзам алдында баардыгы бирдей болот. Урматтуу кыргызстандыктар, укук коргоо органдарынын жана сот системасынын айрым иш-аракеттери, коррупциялык көрүнүштөрү коомчулукта сын-пикир жаратып жатат. Алар коррупциядан арылып, адамдын, жарандын жана бизнестин кызыкчылыгын коргоону бирден-бир милдети катары таануусу зарыл. Биз соттордун инфраструктурасын жакшыртууга заманбап технологияларды колдонууга тийишпиз. Ошондо алардын иши ачык болот. Коомчулуктун алдындагы жоопкерчилиги жогорулайт",-деди Сооронбай Жээнбеков.
Мурунку президентке ыраазычылык
"Кымбаттуу кыргызстандыктар! Акыркы жылдар кылымга тете жылдар болду. Өлкөбүз улуттук кайра жаралууга багыт алды. Зор саясий өзгөрүүлөр орун алды. Кыргызстан дүйнөгө демократиялуу өлкө экендигин далилдеди.

Сүрөттүн булагы, official
Экономикада, социалдык чөйрөдө тарыхый ири долбоорлор ишке ашты. Бүгүн болсо эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекет башчысы өз ыктыяры менен таза шайлоону негизинде бийликти өткөрүп жатат! Атамбаев Алмазбек Шаршенович зор эрки менен өлкөбүздө жаңы саясий маданиятты калыптандырды. Кийинки муундарга үлгү болгон кадам жасады. Көптөгөн башка мамлекеттерге кыргыз элинин эркиндикке болгон умтулуусун даңазалап чыныгы демократ, улуу инсан экендигин дагы бир ирет дүйнө жүзүнө далилдеди. Өз тарыхыбызга, маданиятыбызга, каада салттарыбызга, элдин ишенимине таянган бийликти түптөдү. Мекенине ак эмгегин арнаган, Кыргызстанды өнүгүү жолуна алып чыккан урматтуу Алмазбек Шаршеновичке таазим кылып, элибиздин атынан терең ыраазычылык билдирем! Сиз баштап берген кыргыз көчү өз жолун улайт. Кыргызстаныбызга, элибизге аруу тилек, адал мээнет менен өтөп берген ак кызматыңыз, эрдигиңиз, акылман көрөгөчтүгүңүз үчүн сиз Кыргыз Республикасынын баатыры, эн жогорку артыкчылык даражасы "Ак шумкар" өзгөчө белгисине татыктуусуз! Сизге элибиздин атынан чоң сыйлык тапшырам деген үмүттөмүн. Президенттик кызматка киришкенден кийин биринчи жарлыгым, ушул жарлык болот!",-деди президенттик кызматка киришип жаткан Сооронбай Жээнбеков.
Атамбаев айрым аткарылбаган убадалар үчүн кечирим сурады

Сүрөттүн булагы, official
"Алты жыл тарыхый ченемден алганда көз ирмемге барабар. Бирок мен үчүн эми бул алты жыл чейрек кылымга барабар болду, андан ашык болбосо эле.
"Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей көп нерсе колуман келбей калды. Убакыт да жетпей калды. Анткени, билесиздер, болгону акыркы эки-үч жыл стабилдүүлүк, тынчтык, ынтымак келип, иштегенге мүмкүнчүлүк болду. Бирок болбой эле өкүнөм, айрым убадаларды, ойлорду жүзөгө ашыра албадым. Ал үчүн кечирим сурайм, айланайын кыргыз элим, кечирип койгула мени",- деди Алмазбек Атамбаев.
Жаңы президентке мурунку мамлекет башчынын ак батасы

Сүрөттүн булагы, official
Алмазбек Атамбаев президенттик кызматын өткөрүп берип жатып, жаңы президент Сооронбай Жээнбековго өзү бата берди:
"Оо, жараткан, кыргыздын жаңы ажосун кырсыктын балээсинен сакта, душмандын жалаасынан сакта! Дос көрүнүп, кас болгондон сакта, жаныңда жүрүп, өч болгондон сакта! Соке досум, береке жаныңдан кетпесин, бак-дөөлөт башыңдан кетпесин! Жорткондо жолуң шыдыр болсун, жолдошуң касиеттүү кыдыр болсун! Жараткан ар дайым сени колдосун! Аман бол, бактылуу бол, Соке досум! Элибизге ак жолтой ажо бол, Соке досум, оомийн!"
Президент Сооронбай Жээнбеков КСДП катарынан кетти
Президенттик кызматка расмий киришкен Сооронбай Жээнбеков Социал-демократиялык партиясындагы мүчөлүгүн токтотуу боюнча арыз жазды.
«Укуктар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 63-беренесинин, 3-пункту жана Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын 1994-жылы 24-сентябрындагы II съездинде бекитилген Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын Уставынын 2.5 пунктуна ылайык токтотулду. Буга байланыштуу белгиленгендей, арызды берген күндөн тартып, Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу Сооронбай Жээнбековдун атынан же ага шилтеме менен бардык иш-аракеттер жана билдирүүлөр анык эмес деп эсептелинет»,-деп айтылды расмий маалыматта.
Жээнбеков бүгүнкү кайрылуусунда, «улутчулдукка, жердешчиликке, трайбализм менен уруу-урууга бөлүнүүгө караманча каршы» экенин айтты.
Инаугурациясына Отунбаева катышкан жок
Инаугурациянын алдында экс-президент Роза Отунбаева иш-чарага катышабы деген суроо туулган. Кыргызстандын өткөөл мезгил президенти Отунбаева "Энесай кабыл алуулар үйүнө" келген жок.

Сүрөттүн булагы, official
Роза Отунбаева Атамбаевдин президенттик кызматтагы аткарган иштери боюнча:
"Негизи биз ойлогондордун көп нерсесин ишке ашырууга аракет кылды. Коррупция менен күрөшүүгө, чынчыл иштегенге. Бирок биз туш тарапка ажырап кеттик. Балдар мерт кеткенде биз көп нерсеге убада бергенбиз да. Конституцияны өзгөрттүк, себеби үй-бүлөлүк башкаруу жарабайт эле. Ушуну өзгөртпөйлү, он жылдык убакытта кармайлы дегенбиз. Референдум тууралуу ал кишинин сөзүнөн кийин ажырап кетип, ал киши менен бирге болууга жол көрбөй калдык", - деп билдирген.
Сооронбай Жээнбеков алты жылдык мөөнөткө шайланды. Эксперттер бүтүндөй чөлкөм боюнча экинчи ирет Кыргызстанда бийлик тынч жол менен өткөрүлүп берип жатканын белгилөөдө. (AbA)








