Аза күтүү жана туулган күн: королева Елизавета II 95 жашта

Акыркы жолу королева Елизавета II 17-апрелде канзаада Филиппти жерге берүү зыйнатында коомчулуктун алдына чыкты

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акыркы жолу королева Елизавета II 17-апрелде канзаада Филиппти жерге берүү зыйнатында коомчулуктун алдына чыкты

Шаршембиде королева Елизавета II 95 жашын белгилейт. Учурда королдук үй-бүлө канзаада Филиппке аза күтүүдө. Ошондуктан королеванын туулган күнүндө салтанаттуу расмий иш чаралар өткөн жок. Пандемия башталгандан бери королева Виндзор аксарайында саналуу гана кызматычылары менен турат. Туулган күнгө байланыштуу анын жакындары гана чогулат.

Бул жылы Букингем сарайы узак жылдык салтты бузуп, биринчи жолу туулган күндө монархтын сүрөтүн расмий жарыялабайт. Өткөн жылы локдаунга байланыштуу королеваны сүрөткө тартууга уруксат беришпей, бала кездеги сүрөттөрүнүн бири жарыяланган эле. Бул жолу Филиппитин азасына байланыштуу сүрөт жарыяланбай турган болду.

Елизавета II эң узак жашаган монарх катары тарыхка 2015-жылы эле кирген. Анда ал 89 жашын белгилеген эле. Салт боюнча расмий түрдө Улуу Британияда монархтын туулган күнү июндун экинчи ишембисинде белгиленет.

Жайында туулган күндү белгилөө салты король Георг II тарабынан 1748-жылы киргизилген экен. Ал ноябрда туулуп, бул мезгилде Британиянын аба-ырайы катаал болуп, салтанат өткөргөнгө тоскоолдук жараткандыктан жайга жылдырып салат.