Адам өлбөс болобу жана кванттык компьютерлердин тиши эмнеге өтпөйт? Физик Митио Каку келе жаткан жаңы доор жөнүндө
Алехандро Милан Валенсиа
Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Америкалык физик-теоретик жана илимдин популяризатору Митио Каку кванттык доор адамзаттын келечегин аныктайт деп ишенет. Анын ою боюнча, жасалма интеллектиден кооптонууга азыр эрте, ал эми кванттык компьютерлер адамзаттын көптөгөн олуттуу көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет.
77 жаштагы Митио Каку жалпы коомчулукка татаал илимий теорияларды жөнөкөй жана жеткиликтүү тил менен түшүндүрө алган теориялык физиканын популяризатору катары кеңири белгилүү болду.
Каку Нью-Йорктогу Сити университетинин теориялык физика профессору жана көптөгөн китептердин автору, анын ичинде "Кудай теңдемеси: бардык нерсенин теориясын издөө", "Келечектин физикасы" жана "Кванттык үстөмдүк: компьютердин кванттык революциясы баарын кантип өзгөртөт?" жана башка эмгектери белгилүү.
Акыркы эмгегинде ал кванттык компьютерлер адамзаттын алдында турган эң курч көйгөйлөрдү кантип чече алат деген маселени изилдеген. Кванттык компьютерлер бир катар ооруларды жок кылуудан баштап, планетабыздын өсүп келе жаткан калкын багууга чейинки мүмкүнчүлүктөрдү ачары айтылат.
Жапониядан келген иммигранттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн америкалык физик жасалма интеллект адамзатка белгилүү бир деңгэлде коркунуч туудурушу мүмкүн деп эсептейт, бирок аны башкарууну үйрөнүүгө али убакыт бар дейт.
Би-Би-Си Митио Какуга кайрылып, ал китебинде баяндагандай, келечекти кандай көрөрүн түшүндүрүп берүүнү өтүндү.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Сиз китептериңизде адамдын "үч мээси" бар экенин көп жолу айттыңыз. Сиз эмнени так айтып жатасыз?
Митио Каку: Адамдын мээсин карасаңыз, ал кеминде үч бөлүктөн турат. Арткы бөлүгү сойлоп жүрүүчүлөрдүн мээси, ал тамакты же олжону таанууга жооп берет жана биз турган чөйрөнү үч өлчөмдө талдайт. Адам эволюциялашкан сайын анын мээси татаалдашып, лимбикалык система деп аталган, башкача айтканда, социалдык иерархиядагы мотивация, эмоция жана жүрүм-турум үчүн жооптуу борбор пайда болду. Башкача айтканда, мисалы сиздин кошунаңыздын социалдык иерархияда жогору же төмөн экендигин тааныйт. Бул - коомдук же “маймыл " мээ.
Акыры, мээнин алдыңкы бөлүгү - бул префронталдык кабык. Анын бул бөлүгү өзүнчө бир убакыт машинасынын бир түрү деп айтсак болот. Ал келечекти көрөт. Ал окуялар кандай жол менен өнүгөрүн дайыма карап турат.
Би-Би-Си: Келечекти көрө билүү — бардык адамдарда бирдей болобу же жокпу?
Митио Каку: Карапайым адамдын мээсин генийдин мээсинен эмне айырмалап турат? Орточо адамдын мээси көз ирмемдеги мүмкүнчүлүктөргө гана жооп берет, башкача айтканда, алардын көз алдында тургандарын гана карайт. Мындай мээ дээрлик эч нерсени пландаштырбайт.
Мисалы, кээ бир майда уурулар түздөн-түз көргөнүн гана алат. Алар пландаштырбайт. Ал эми улуу ойчулдар жаратылыш берген бул убакыт машинасын акылдуулук менен колдоно алышат. Алар келечекти моделдей алышат. Алар жаратылыштын мыйзамдарын түшүнөт, ошондуктан учурдагыны келечекке долбоорлоп, анын кандай болорун болжой алышат.
Би-Би-Си: Бүгүнкү күнгө чейин билгендерибиздин негизинде жакынкы 100 жылда адамзат жасаган эң чоң ачылыш кандай болорун айта алабызбы?
Митио Каку: Буга чейинки эң чоң илимий жетишкендиктер өтө кичинекей жана өтө чоң нерселер жөнүндө болду.
Кичинекей деп мен, албетте, адамдын мээсинин түзүлүшүн жана функциясын жана генетикасын айтып жатам. Эң чоң ачылыштардан - Биг Бенг теориясын айтсам болот. Азыр биз ааламды кванттык теориянын көз карашы менен көрө баштадык.
Кийинки чоң секирик биз чоң менен кичинекейди бириктире алганыбызда болот. Кеп кванттык теорияны генетиканы жана адамдын мээсин түшүнүүгө колдоно алганыбыз жөнүндө.
Буга кванттык компьютерлер жардам бериши керек. Мындайча айтканда, мындай кванттык компьютер жаратылыш эненин өзү. Азыр биз экилик код менен иштеген компьютерлерди колдонуп жатабыз. Бирок жаратылыш башкача иштейт. Ал санариптик акылдан айырмаланып, нөл же бирдик менен ойлонбойт. Анда кванттык акыл-эс бар. Бул акыл-эс атомдорду, электрондорду жана фотондорду түшүнөт. Ааламдын тили дал ушулардан турат. Дал ушул нерсе илимдеги кийинки чоң жетишкендик болот.
Митио Каку: Бул чоң секирик физикада гана болобу же ал башка илимдерге, мисалы медицинага да тиешеси болобу?
Митио Каку: Заманбап медицина сыноо жана каталар жолу менен иштейт. Келгиле, бул дарыны колдонуп көрөлү дейбиз. Ал иштейби? Биз билбейбиз. Макул, башкасын сынап көрөлү. Ал жардам береби? Биз дагы билбейбиз. Макул, анда үчүнчүсүн сынап көрөлү.
Көптөгөн керемет дарылар кокустан табылган. Бирок, эгер биз кванттык теорияны медицинага колдонсок, анда изилдөө молекулярдык деңгээлде жүргүзүлөт. Сиз ар бир молекуланын кандай иштээрин көрүп, түшүнө аласыз.
Андан кийин, сиз азыркы билимдеги кемтиктерди толуктап, нөлдөн баштап жаңы дары-дармектерди түзө баштайсыз. Бул химиктер жумушсуз калат дегенди билдиреби? Анткени алардын бизге кереги жок болуп калат. Бул бардык жумуштарды кванттык компьютерлер жасайт дегенди билдиреби? Жок.
Келечектеги химиктер химиялык реакцияларды түшүнүү үчүн кванттык теорияны колдонушат. Келечектеги биологдор ДНКны тереңирээк түшүнүү үчүн кванттык теорияны колдонушат. Бирок химия жана биология менен гана алектенген дарыгерлер жана илимпоздор жумушсуз калышат. Келечек кванттык механикада болгондуктан, биз кванттык механиканын негизинде дары-дармектерди жаратабыз.
Митио Каку: Бул биз адамдар өлбөс болуп калабыз дегенди билдиреби? Анда рак дагы жок болобу?
Митио Каку: Кванттык компьютерлер ракты жеңүүгө жардам берет. Биз келечектеги рак шишигин ал пайда боло электе эле болжолдой алабыз. Мисалы, сууга чайканып жатканда же дааратканага барган сайын ДНК кодуңузду оңой окууга болот дейли. ДНКнын учурдагы абалы боюнча келечекте эмне болорун алдын ала айтууга болот. Рак шишиги пайда болгонго чейин он жыл мурун алдын ала айтууга болот.
АКШда азыр ракты аныктоо үчүн кан тапшырса болот. Азыр деле мындай анализ сизде рак оорусу бар же жок экендигине кеилдүү жооп берет. Келечекте "шишик" деген да, "рак" деген сөз да тилибизден жок болуп кетет.
Митио Каку: Сиз ошондой эле интернет азыркы түрүндө болбойт, дүйнөлүк маалымат тармагына мээ, б. а. акыл аркылуу түз байланышабыз деп жатасыз…
Митио Каку: Келечектин интернети санарип болбойт. Санариптик технология өтө жай жана өтө машакаттуу. Келечектеги Интернет кванттык болот жана мээ менен биригет. Ал "брейнет" (англ. мээ тармагы деп аталат. Адам жөн гана ойлонот жана анын ойлору башка ойлор же нерселер менен өз ара байланышып, дүйнө кезип турат.
Ошондуктан бизге зымдардын кереги жок болуп калат. Жөн эле ойлонуу жетиштүү болот, калганын брейнет жасайт. Адам жөн гана ойлонуп, анын ойлору дүйнөгө тарап турат.
Митио Каку: Акыркы убакта көптөгөн окумуштуулар жасалма интеллекттин жайылышы менен байланышкан коркунучтар жөнүндө айтууда. Бул жагынан сизге келечек кандай көрүнөт?
Митио Каку: Ооба, бир күнү машиналарыбыз өтө акылдуу болуп, бизге кол салат дегендер бар.
Бүгүнкү күнгө чейин адамзатка үч коркунуч бар: өзөктүк согуш, биологиялык курал жана глобалдык жылуулук. Бирок, бул тизмеге төртүнчү коркунучту дагы кошууга туура келет: жасалма интеллекттен келип чыккан коркунуч. Бирок анын өнүгүшү эки потенциалдуу коркунуч менен коштолот жана алар таптакыр башкача.
Биринчиси конкреттүү жана жеке адамдардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч туудурат: бет түзүлүшүн таанып, ким жана кайда болбосун, атайылап же кокустан өлтүрүүгө жөндөмдүү дрондор. Ошентип, биз автоматтык өлтүрүүчү машинаны алабыз. Ал учуп жүргөн, кайсы бир аймакты байкап, конкреттүү адамды аныктап, кырсыкка алып келип, өлтүрө турган машина. Буга согуш, башкача айтканда, бир өлкөнүн экинчи бир душман өлкөнүн жоокерлерин өлтүрүү аракети кирет.
Бул кийинки бир нече жылдын ичинде болот. Бирок экинчи коркунуч олуттуу жана көпкө чейин болот. Ал адамдын акылына жакындаган жасалма интеллект болгондо келет.
Ырас, буга дагы көп бар. Бирок эртеби-кечпи биздин роботтор акыл жагынан чычкандарга теңдешет. Андан кийин алар коендун акылына ээ болот. Андан кийин кезек иттер менен мышыктарга келип, акыры, алардын ой жүгүртүү жөндөмү маймылдыкына жетип келет. Мына ушул учурда алар кооптуу болуп калат, анткени маймылдар маймыл менен адамдын ортосундагы айырманы түшүнөт.
Мен 100 жылдан кийин адамдан дээрлик айырмаланбаган роботтор болушу мүмкүн деп ойлойм. Биз ошондо алардын өз пикири болбошу үчүн жана алар бизге кол салбашы үчүн бардык аракетти жасашыбыз керек. Эгерде алар адам өлтүрүүнү ойлонушса, анда биз алардын мээсине чип киргизишибиз керек.
Бирок, менимче, бул дагы эле алыс жана жасалма интеллект ушундай деңгээлге жеткенге чейин адамзаттын колунда дагы көп убакыт бар. Ал эми дрондор дароо эле коркунуч туудурат, алар ким болбосун, каяктан болсо да өлтүрүп кое алат.
Митио Каку: Кванттык компьютерлер биздин келечегибизди канчалык деңгээлде аныктайт?
Митио Каку: Кээ бирөөлөр кванттык революция ушунчалык чоң ачылыштарга алып келип, бардык ооруларды жок кылат деп ишенет. Кванттык компьютерлер чындыгында көп нерсе жасай алат. Алар акыры карылык көйгөйүн чече алат жана адамдар карылыктан өлбөй калат деп ойлойм.
Карылык көйгөйүн биз теориялык жактан чече алабыз, бирок мен кванттык компьютерлер адамзатты карым-катыш процессинде пайда болгон көйгөйлөрдөн куткара аларына күмөнүм бар. Бул процесстер өтө татаал, анткени бул социалдык өз ара мамиледен келип чыгат. Бирок, кандай гана болбосун, биз адамдарды бириктирип, тынымсыз согушкандын ордуна тынчтыкта жашоо үчүн кандайдыр бир жол табышыбыз керек.
Би-Би-Си: Квант доору кандай маселелерди чече албайт?
Митио Каку: Менин оюмча, компьютерлер бир маселеден башка көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө кудуреттүү. Алар глобалдык жылууланууну чечүүгө жардам берет деп ишенем. Алар бизге өзөктүк калдыктарды чыгарбаган термоөзөктүк электр станцияларын берүүгө жөндөмдүү. Алар рак, Альцгеймер же Паркинсон синдрому сыяктуу ооруларга жаңы дары-дармектерди табат, албетте, коомдун жыргалчылыгын жогорулатуунун булагы болот.
Бирок кванттык компьютерлердин тиши өтпөгөн бир нерсе бар: адамдардын согушуу же көрө албастык сыяктуу кемчиликтерин жок кыла албайт.
Эволюция бизге чоң мүмкүнчүлүк берди, биздин өзүбүзгө таандык нерсени коргоого күч берди. Эволюция бизди көптөгөн сапаттар менен сыйлады, алардын бир адамзатка пайда алып келсе, экинчисинен зыян гана болот. Бирок эволюция буга маани бербейт. Ал жөн гана жашоого жөндөмдүү адамдарды жаратат. Эгер аман калуу үчүн башка адамдарды өлтүрүү керек болсо, анда эволюциялык жол менен ошондой болсун дейт. Мына ошондуктан адамдар кынтыксыз боло албайт. (МА)












