ШКУнун Бишкектеги саммити: салмагы жана келечеги
Сталбек Абдижалил, Дастан Үмөтбай уулу
Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчылары

Сүрөттүн булагы, ШКУнун расмий сайтынан алынган сүрөт
Бишкек шаарында 26-октябрь күнү Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана Евразия өкмөттөр аралык кеңештеринин жыйыны өтөт.
Дүйнөдө соңку мезгилде түзүлгөн кырдаалдан улам Борбор Азия өлкөлөрүнүн таасири артып турган учур.
Би-Би-Си эл аралык мамилелер боюнча адис Сыймык Эдилбек уулуна кайрылып, ШКУнун жыйынын, ишмердигин учкай талдады.

Сүрөттүн булагы, gov.kg
Би-Би-Си: Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын саммитиндеги эң негизги маселелер кайсылар болушу мүмкүн?
Сыймык Эдилбек уулу: Коопсуздук, саясий-экономикалык жана гуманитардык маселелер каралат. ШКУ саясий уюм болгондугуна байланыштуу эл аралык мамилелердин күн тартибиндеги актуалдуу жактары, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы окуялар, ооган фактору жана башка геосаясий кызыкчылыктарды жараткан маселелер каралышы мүмкүн. Андан тышкары гуманитардык долбоорлор да каралышы ыктымал.
Кыргызстан улуттук кызыкчылыктарына ылайык, ШКУнун финансылык механизмдерин түзүүнү каалап келет. Анын ичинде ШКУнын банкын түзүү боюнча сунуш берген. Банкы түзүлүп, Бишкекте анын штаб-квартирасы болсо деген ойдо Кыргызстандын премьер-министри Акылбек Жапаров ШКУнун башкы катчысы менен жолугушту. Ал жолугушууда ШКУ өнөктөшү менен кирген жол картасын иштеп чыгуу боюнча өзүнүн оюн айтты. Ушул маселе да каралышы мүмкүн.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Өз стратегиясы боюнча ШКУ уюм катары эмнени көздөйт?
Сыймык Эдилбек уулу: Шанхай бешилтиги болуп алгач түзүлгөндө эле чек араларды чечүүнү көздөгөн. Кытай мамлекети чек ара маселелерин чечип жетишкенден кийин 2001-жылы Шанхай кызматташтык уюму болуп түзүлүп, башка маселелерге да өз кучагын жайган. Мисалы эл аралык коопсуздук маселелери, экономикалык-саясий диалог, гуманитардык маселелер.
Буга чейинки саммитерде ШКУ эң жакшы платформа катары каралып келет. Анткени саммиттерде, жолугушууларда ага мүчө мамлекеттер өздөрүнүн ойлорун, идеяларын айтып келишкен. Ошол эле ШКУнун алкагындагы саммиттерде кыргыз тарап Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол маселесин бир нече жолу айтып, бүгүнкү күндө техникалык жагы бүтүп, жакында курулуу алдында турат.
Би-Би-Си: Кыргызстан уюмга мүчө катары эмнелерге жетишти?
Сыймык Эдилбек уулу: Кыргызстан ШКУну түзгөн бирден бир мамлекет болуп саналат. Кыргызстандын демилгеси менен регионалдык, антитеррордук структура түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анын штаб-квартирасы Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында. Андан тышкары ШКУда мүчө болуп иш алып баруу Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына толук жооп берет.
Би-Би-Си: Соңку мезгилде аталган уюмда эмнелер жаңыланды жана жакынкы келечекте кандай өзгөрүү болушу мүмкүн?
Сыймык Эдилбек уулу: Эң башында беш мамлекетти гана камтыса, андан кийин алты мамлекетти, кийин Индия менен Пакистанды кошкондо сегиз мамлекетти, былтыркы жылы Иран менен тогуз мамлекетти, ал эми Беларусь өлкөсүнүн кошулушу менен он мамлекетти өзүнө камтышы мүмкүн. Андан сырткары ШКУнун өнөктөштөрү жана байкоочу мамлекеттери бар.
ШКУга бүгүнкү күндө эки дүйнөлүк держава жана регионалдык өлкөлөр мүчө. Борбордук Азия мамлекеттеринин дагы өзүнүн маанилүүлүгү күчөп турган учур. Азыркы геосаясий дүйнөдө геосаясий абалды эске алуу менен ШКУнун келечеги чоң деп эсептейбиз.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Би-Би-Си: Уюмдарга мүчө болуунун пайдасы барбы дегендер чыккан. Бул пикир канчалык жүйөлүү деп ойлойсуз?
Сыймык Эдилбек уулу: Бул уюмга мүчө болуунун пайдасы биринчи кезекте ШКУнун алкагында ар бир мамлекет өзүнүн позициясын, идеяларын айтып, ишке ашыруу механизмдерин караштыра алышат. Ошондой эле эл аралык мамилелер боюнча өзүнүн пикирлерин айта алышат. Андан сырткары ШКУ регионалдык деңгээлдеги көптөгөн долбоорду ишке ашырууга жардам берет. Коопсуздук маселелеринде дагы өзүнүн чоң мааниси бар. Экстремизмге, сепаратизмге, терроризмге каршы турууда дагы бир катар маселелер коюлуп келүүдө.

Сүрөттүн булагы, gov.kg
Маданият, спорт, билим берүү тармагында дагы өзүнүн пайдасын берет.
Жалпылап айтканда, уюмдун аскердик жана саясий биригүү потенциалы азырынча жетишсиз, бирок соода-экономикалык перспективасы бар экендигин баса белгилөө керек. Бирок, уюмда мүчө болгон дүйнөлүк, регионалдык державалар жана кичи мамлекеттердин дүйнөлүк аренада болуп жаткан окуяларга байланыштуу ар дайым эле көз карашы бирдей боло бербестигин баса белгилеп кетүү керек.












