КМШнын Бишкектеги саммити: эң маанилүүлөрү, жүрүшү жана билдирүүлөр

Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Саммиттин аягында жыйырмага жакын документке кол коюлду

Сүрөттүн булагы, official

Бүгүн, 13-октябрда, Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги саммити өттү. Андагы эң эле негизги билдирүүлөр - дүйнөнүн көп полярдуулугу тууралуу Путиндин сөзү, Израил-Палестин көйгөйү боюнча билдирүү болду көрүнөт. Айрым талдоочулар бул билдирүүлөр эл аралык коомчулукка багытталды деп жатат.

Саммиттин жыйынтыгында жыйырмага жакын документке кол коюлду.

Саммитке катышуу үчүн Азербайжан, Беларус, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Түкмөнстан, Тажикстандын президенттери жана КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедев келди. Армениянын премьер-минтистри Никол Пашинян саммитке келе албай турганын телефон аркылуу кабарлаган эле. Ал эми Молдова президенти уюмдан чыгууга кам көрүп жатканы үчүн келбеди көрүнөт.

Бишкектеги саммит

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги саммит

Быйыл КМШ саммити орус-украин согушуна байланыштуу Москва эл аралык масштабдуу санкцияларга кабылып, Борбордук Азия үчүн геосаясий оюндар кызыган татаал мезгилде өттү.

КШМ саммитин утурлай орус президенти Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Анын Жапаров менен болгон жолугушуусунан кийин алты документке кол коюлду.

Ал эми бүгүн саммит башталар алдында Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон менен жолугуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулады. Жакында эле эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топтору кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 43,32 чакырымы боюнча макулдашканы белгилүү болгон.

Эмне маселелер талкууланды?

Саммитте адаттагыдай эле ички интеграция маселелери менен катар эл аралык күн тартибиндеги маселелер да талкууланды. Путин Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча АКШнын саясатын сындаган билдирүү жасап, Чыгыш Иерусалим борбору болгон көз каранды эмес Палестинаны түзүү зарыл деп билдирди:

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Израилдеги кырдаал масштабдуу трагедия - бул АКШнын жарамсыз саясатынын жыйынтыгы, алардын бир жактуу саясаты кырдаалды туюкка кептеди".

Орусия президенти азык түлүк коопсуздугу боюнча айтып, дан экспорттоо боюнча "КМШдагы биздин досторубуздун муктаждыктары канааттандырылат" деди.

Анткен менен соңку убактарда КМШ өзүнүн ичиндеги чыр-чатактарды жөндөй албай келатканы көп айтыла баштады. Бул Орусия менен Украинанын, Азербайжан менен Армениянын согушу. Украинада согуш башталгандан бери Киев КМШга келбей калды. Кишинев да көптөн бери катышпай жүрөт. Тоолуу Карабактагы жаңжалда жабыркап турган Армениянын премьер-министри да бул саммитке келбегенин негизги себеби ушунда дегендер да бар.

Саммитинин чакан форматтагы жыйынында адаттагыдай эле Беларус лидери Лукашенко Батыштын кысымына чогуу күрөшөлү деп, уюмдун кандай максатта түзүлгөнүн эстеп өттү.

"КМШны түзүүнүн негизги максаты Советтер Союзу кулагандан кийин алакалардын үзүлүшүнө жол бербөө болгон. Бул биздин атаандаштарыбызга жаккан эмес жана азыр да жакпайт. Батыш бүгүнкү күнгө чейин бизди алсыратып, өз кызыкчылыктарына баш ийдирүү аракеттерин токтотпой келет. Адегенде Грузия уюмдан чыгып кетти, Украина да иш жүзүндө биз менен эмес. Молдова боюнча суроолор көп. Армения да дайыма эле өнөктөш боло бербейт".

Орусия азыркы тапта Батыштын санкциялык кысымына кабылып, Борбор Азиянын транзиттик мүмкүнчүлүгүн колдонуп, бир эсе алардын саясий колдоосуна муктаж болуп турат.

Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери Орусия менен Украинанын создуккан согушуна бейтарап болуп, эки тарапты ынтымакка чакыргандан башка аргасы жок. Ошентсе да өздөрү үчүн геосаясий жүрүштөрдөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да карап көрүшүүдө. Анткени Орус-украин согушуна байланыштуу Москванын таасирин азайтуу максатында Борбор Азия өлкөлөрүн өз тарабына тартууга аракет кылган тараптардын жолугушуулары соңку кезде байма-бай өтүп жатат.

Садыр Жапаров саммитинин чакан форматтагы жыйынында климаттын өзгөрүшү жана жаратылыш ресрустарын натыйжалуу пайдаланууга басым жасады.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров (ортодо)

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров (ортодо)

Ал региондогу суунун 40 пайызга жакынын Кыргызстан камсыз каларын эске салып, бул маселедеги жогорку жоопкерчиликти билебиз деди:

"Бул контекстте суу ресурстары пайда болгон аймакка климаттын терс таасирлерин, ошондой эле аймактагы өлкөлөрдүн суу инфратүзүмдөрүнүн эскилиги жеткенин эске алуу менен, биз өз убагында чараларды көрүүнү жана ирригация, энергетика, инфратүзүм жаатында суу жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, арзан жана экологиялык жактан таза электр энергиясы менен камсыз кылууга, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга багытталган тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууну улантууну жактайбыз”.

Жапаров жыйындын кеңейтилген форматында Кыргызстан өзүнүн төрагалыгынын алкагында уюмдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга салым кошуу милдетин койгонуна токтолду.

Касым-Жомарт Токаев геосаясий карама-каршылыктардан улам дүйнөлүк экономикада туруксуздуктун күчөгөнүн белгиледи. Ал уюмдун алкагында соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнү жана тоскоолдуктарды жоюуга басым жасады. Токаев ошондой эле Шериктештик мейкиндигинде транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Шавкат Мирзиёев 30 жылдан бери Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маселелерди чечүүгө эч ким чыгынбаганын айтып, кесиптеши Садыр жапаров экөөнүн эрки менен көп маселелер чечилгенин баса белгиледи.

Ал ошондой эле КМШга мүчө өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүдөгү техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуу кабыл алуу зарылдыгына токтолду.

Мындан сырткары уюмдун алдындагы тобокелдиктерди биргелешип баалоо үчүн аналитикалык борборлор менен эксперттердин конференциясын уюштурууну сунуш кылды.

Кол коюлган документтер

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өткөн КМШнын кезектеги жыйынында төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • Орус тили боюнча Эл аралык уюмду түзүү;
  • Санариптик технологиялар чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системаларын шайкеш келтирүү боюнча кызматташуу;
  • Көп полярдуу дүйнөдө мамлекеттер аралык мамилелердин принциптери боюнча билдирүүсү;
  • Жарандын дин тутуу эркиндигине болгон укуктарын коргоо;
  • Орус тилин улуттар аралык баарлашуу тили катары колдоо;
  • Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого тобокелдиктерди баалоо боюнча эл аралык борбор түзүү;
  • Соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө координациялык кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуу;
  • 2024–2028-жылдарга кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын мамлекеттер аралык программасы;
  • Самарканд шаарын 2024-жылы Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо;
  • КМШнын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  • КМШнын Аткаруу комитети тууралуу 200-жылдын 21-июундагы жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  • КМШ органдарынын чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  • КМШнын бюджетине үлүштүк төгүмдөрдү которуу боюнча 2003-жылдын 19-сентябрындагы чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү.
president.kg

Сүрөттүн булагы, president.kg

Адистердин анализи

КМШ саммитинде Орусия тарабынан региондогу коопсуздук жана позицияларды тактоо маселеси күн тартибине коюларын, бирок талкууланган маселелер толугу менен ачыкка чыкпай турганын эл аралык мамилелер боюнча адис Чынара Эсенгул Би-Би-Сиге айтты.

"Орус-украин согушунун фонунда Орусия изоляцияда калып, КМШ мамлекеттери канчалык колдойт, мамилелерди кандай нукка буруу керек деген маселелерди тактоо үчүн Путин Кыргызстанга келди. Себеби Борбор Азия өлкөлөрү Орусиядан оолак болуп, башка өлкөлөр менен мамилени жакшыртууга аракет кылууда. Түрдүү саммиттердин өткөнү да ошондон. Борбор Азия – Кытай, Борбор Азия – АКШ, Борбор Азия – Европа, Араб мамлекеттери баары бири-бири менен жолугуп, улам бир сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Мындай саммит мурда да өтүп келген, азыркы саммитте региондогу коопсуздукту, саясий маселелерди, позицияларды тактоо Орусия үчүн күн тартибиндеги маселе".

Эл аралык мамилелер боюнча адис Сыймык Эдилбек уулу КМШ саммитинде айтылган урунтту учурлар катары төмөнкүлөрдү атады:

"Төрт билдирүү жана бир катар макулдашуулар кабыл алынды. Эл аралык мамилелер деген өңүтүнөн алып караганда "көп полярдуу дүйнөнү куруу" деген билдирүү эң эле урунтуусу. Анткени башка билдирүүлөр негизинен КМШнын ички маселерин камтып, уюмдун алкагына тиешелүү болсо көп полярдуу дүйнөнү куруу боюнча билдирүү эл аралык коомчулукка карата билдирүү болуп саналат. Орусия 2024-жылы уюмга төрагалык кылаарын айтып, айрым бир пландарын да учкай атап өттү. Алардын ичинде КМШ БРИКС сыяктуу уюмдар менен кызматташуусу керек жана жаңы деңгээлге чыгуусу керек деген пландар айтылды. Эң урунттуу билдирүүлөр деп ушуларды эсептейм".

Путин баштаган президенттер катышкан саммитке эл аралык коомчулук кандай реакция кылышы мүмкүн деген суроого саясат талдоочу Марс Сариев буларды айтты:

"Батыш өлкөлөрүндө деле инструменттер жок. Батыш Борбор Азия өлкөлөрүнө канча кысым кылса, ошончолук Орусияга жакындатабыз деп чочулап жатышат".

Путиндин Кыргызстанга расмий сапары жана КМШ саммити деген себептерден улам окуу жайлар менен мектептер эки күн онлайн режимге өттү. Бала бакчалар убактылуу ишин токтотту. Бишкекте коопсуздук күчөтүлдү.

КМШга Азербайжан, Армения, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мүчө. Кийинки жылы уюмга Орусия төрагалык кылат.