Дубай канбийкесинин аккаунту: "Мен ажырашканыбызды жарыя кылам"

Дубайдын канбийкеси

Сүрөттүн булагы, INSTAGRAM/HHSHMAHRA

Рут Комерфорд, Би-Би-Си кабарлары

Дубайдын башкаруучусунун кызы коомдук сайттардагы баракчасында ажырашып жатканын кабарлады.

Инстаграмдагы Махра бинт Мохаммед бин Рашид Аль Мактум деген аккаунт чыгарган кабарда "мен биздин ажырашканыбызды жарыя кылам" деп айтылат.

Би-Би-Си бул кабардын чын-төгүнүн бышыктоо үчүн өлкөнүн расмий бийликтерине кайрылды.

Махра бинт Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун күйөөсүнөн же анын атасынан эч кандай түшүндүрмө жарыяланган жок.

Инстаграмдагы постто мындайча айтылат:

"Мен сени менен ажыраштым, сени менен ажыраштым, сени менен ажыраштым" деген сөздөр менен аяктаган. Бул ислам салтына ылайык үч жолу талак берген болушу мүмкүн айтылып жатат.

Мындай үч жолу талак берип ажырашууга көп өлкөлөрдө тыюу салынган. Адатта аялы менен ажырашкан эркектер гана талак беришет.

Урматтуу күйөөм де башталган инстаграмдагы пост "өзүңдү кара, сенин мурдагы аялың" деп аяктады.

Шейх Махранын күйөөсүнүн бардык сүрөттөрү аккаунттан тазаланды. Шейх Мананын аккаунтунда дагы анын аялынын сүрөттөрү жок.

Түгөйлөр 2023-жылы апрелде дүңгүрөгөн той берип үйлөнүшкөн, эки ай мурда алардын биринчи баласы төрөлгөн эле.

Инстаграмдагы кээ бир колдонуучулар Махранын аккаунту бузулган болушу ыктымал деп болжоп жатышат. Бирок расмий маалымат да болгон жок.

Дубайдын өкмөтү жана БАЭнин Лондондогу элчилиги бул кабарга эч кандай түшүндүрмө беришкен жок. (КС)