Кыргыз бийлиги Талибан менен экинчи ирет жолукту

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Сини Бишкектеги кабарчысы

Таалатбек Масадыков

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кабул, 23-сентябрь, 2021

Бишкекте бүгүн Афганистандагы соңку кырдаалды талкуулаган эл аралык конференцияда Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Таалатбек Масадыков баштаган кыргыз делегациясы экинчи ирет Кабулга барып келгени белгилүү болду.

Буга чейин сентябрда Борбор Азия өлкөлөрү ичинен кыргыз бийлиги биринчилерден болуп Талибанга кол сунуп, Афганистанга гумжардам жеткирип келген.

Масадыков эл аралык коомчулукту Талибанга сыртын салбоого чакырып, өлкөдөгү кырдаал эл аралык медиа сүрөттөгөндөн башкача экенин айтты:

“Афганистандагы де-факто бийлик болуп жаткан Талибанды обочодо калтыруу туура эмес деп ойлойм. Биздин өлкөнүн позициясы дагы ушундай. Биз бай өлкө эмеспиз, бирок Афганистанга гумжардам бергенген аракет кылып жатабыз. 23-сентябрда Афганистанда жаңы бийлик менен сүйлөшүүлөр өткөрдүк. Өткөн аптада мен Кабулда дагы эки-үч күн жүрүп келдим. Ар кайсы министрлик, күч органдары менен да суйлөшүүлөр өткөрүп келдим. Ал жакты көрүп келген киши катары эл аралык маалымат каражаттары жазып жаткан менен ал жактагы чыныгы турмуш ортосунда чоң айырмачылык бар экенин айта алам”, - дейт Масадыков.

Афганистан

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Укук коргоочулар Талибан бийликке келгени өлкөдө аялдар укугу басмырланып жатканын айтып келишет

Масадыков эл аралык эксперттер катышкан жыйында Афганистанда өзү барып байкаган нерселери менен бөлүштү. Аялдар өлкөдө эркектердин коштоосу жок эле, өтө чулганбай, шарф оронуп көчөдө эркин басып жүргөнүн айтты. Кыздарга алты класска чейин мектептерде билим алуу кадыресе мүмкүн экенин байкаган.

Ошондой эле кыргыз чиновниги БУУда иштеген кесиптештерине шилтеме берип, Афганистанга коопсуздук мурункуга караганда кыйла жакшырганын белгиледи:

“Ашраф Ганинин тушунда Афганистанда күнүнө 5 миллион доллардай бажы төлөмдөрү түшүп жатыптыр. Бирок азыр өлкөнүн экспорт жана импорту дээрлик 80% түшүп кеткен учурда деле күнүнө 4 миллион доллардан ашык бажы төлөмдөрү чогулуп жатыптыр. Коррупция боюнча мурда жана азыр абал кандай экенин түшүнүп жатасыздар да? ”

Масадыков Афганистандагы азыркы бийликтин адвокаты же лоббисти эмес экенин, болгону фактыларды келтирип жатканын айтты. Эгер азыркы афган бийлигине жардам болбосо, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин, террордук уюм катары таанылган “Ислам мамлекетинин” жоокерлери көбөйүп жатканын да кошумчалай кетти.

 Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Афганистан менен чектешкен алты өлкөнүн жарымы Борбор Азия мамлекеттери (Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан) экенин белгиледи. Андыктан Афганистанда абалдын курчуп кетпеши, аймак үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн маанилүү дейт.

Жыйында “Мутакалим” мусулман аялдарынын уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы Кыргызстандын Талибан маселесинде расмий позициясына кызыкты:

Жамал Фронтбек кызы

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жамал Фронтбек кызы
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Афганистанга эки жолу барып келдиңиздер, биз бул нерсени айыптабайбыз. Боло турган нерсе болду. Бирок Кыргызстанда 2006-жылы Биринчи май райондук соту тарабынан Талибан террордук уюм деп табылбадыбы беле. БУУ дагы 1999-жылы Талибанды терррористтик деп тапкан. Гумжардам жеткизгенден башка Кыргызстандын позициясы ошондо кандай болуп атат?”

Кыргызстан Талибанды таануу тууралуу маселени карай электиги белгилүү болду.

Эл аралык мамилелер боюнча саясат талдоочу Эмилбек Жороев кыргыз делегациясынын Талибан менен биринчи ирет жолугушуусун “ойлондурган маселе” деп Би-Би-Сиге комментарий берген эле.

Эксперттин айтымында эл аралык коомчулук тааныбаган Талибан Афганистанга бийликке келгени көп мамлекеттерде дилемма болуп жатат.

“Ушундай кырдаалда Кыргызстандан Таалатбек Масадыков чоң деңгээлде делегация менен Кабулга барганы ойлондурган маселе болуп жатат. Бул бир жагынан көп мамлекеттердин түшүнбөстүгүн, терс мамилесин туудура турган маселе”, - деген эле Жороев.

“Бул жерде кандай мотивация болгон деген да суроо бар. Кыргыз өкмөтүнүн гумжардам ала барып, позитивдүү нукта сүйлөшүүгө барганы ойлондурбай койбойт. Мунун аркасында кандай жүйөөлөр жана стратегия бар? Биз муну билүүгө аябай кызыкдар болуп жатабыз. Бирок ошол жакка барып Талибандын жогорку деңгээлдеги бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүсү бул кандай сөз айтылбасын, баары бир де-факто ошолорду “тааныды” дегенге барабар”.

Таалатбек Масадыков чыгыш таануучу катары таанымал Ал 13 жыл БУУнун түзүмүндө Афганистанда иш алып барганы белгилүү.