Сауд Аравия баш болгон ислам өлкөлөрү Израилге каарын төктү

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дүйшөмбү күнү ислам өлкөлөрүнүн лидерлери Газа жана Ливандагы согушту талкуулоо үчүн Сауд Арабияда чукул жыйынга чогулушту.

Ага Палестинанын президенти Махмуд Аббас жана Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган баш болгон 50дөн ашуун мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери катышты.

Бул саммит Израилди катуу колдогон жана Иранга каршы дагы эле көшөргөн позицияны карманышы ыктымал болгон Дональд Трамп АКШнын президенти болуп кайра шайланган учурда өтүп жатат.

Мындан улам бул жыйын Израилдин Газа жана Ливандагы аскердик агрессиясын токтотуу үчүн басым жасоо стратегиясы деп эсептелүүдө. Башкача айтканда Сауд Арабиясы баш болгон ислам өлкөлөрү Израилдин Газа жана Ливандан чыгып кетиши үчүн эл аралык коомчулук алдында кысым көрсөткүсү келет. Бул жерде Трамп маанилүү роль ойношу мүмкүн.

Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман

Январда кызматка расмий киришкенден кийин Трамп ок атышпоо үчүн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга көрсөтмө бериши мүмкүн деп болжолдонууда.

Саммиттин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман Израилдин Газадагы аракеттерин "геноцид" деп мүнөздөп, көз карандысыз Палестина мамлекети түзүлүшү керектигин билдирди.

Саудиянын расмий өкүлү согуш башталгандан бери Израилди биринчи жолу катуу сынга алып, Газа жана Ливандагы аскердик операциялардын тез арада токтотулушун талап кылды.

"Израилдин бейкүнөө адамдарга каршы кылмыштуу аракеттерин улантуусу, Аль-Акса мечитинин ыйыктыгын бузуусу жана Палестина бийлигинин бардык Палестина аймактарындагы ролуна шек келтириши Палестина элинин мыйзамдуу укуктарын камсыз кылуу жана аймакта чынчтыктын орношуна тоскоол болот".

Ханзаада Салман Израилди Ирандын аймагына чабуул жасабасын деп эскертти. Анын бул пикиринен көптөн бери аймакта атаандаш болуп келген Эр-Рияд менен Тегерандын ортосундагы мамилелердин жакшыра баштаганын баамдоого болот.

Сауд Аравиянын ханзаадасы БУУнун Жакынкы Чыгыштагы палестиндерге жардам берген UNRWA агенттигинин ишине бөгөт коюлушун да кескин айыптады.

Жакында эле Израил бул агенттикке тиешеси бар адамдар ХАМАС согушкерлерине жардам берип жатат деп тыюу салган эле.

Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Газадагы согуштун токтобой жатышын “эл аралык коомчулуктун чабалдыгы” деп мүнөздөп, Израилди аймакты ачарчылыкка кептеп жатат деп айыптады.

Жыйынга катышкан башка лидерлер Саудиянын мураскор ханзаадасына кошулуп, Израилдин Батыш жээктен жана Газадан толук чыгып кетишин талап кылып, биринин-артынан бири катуу билдирүүлөр менен чыгышты.

Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитине 50дөн ашуун мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери катышты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитине 50дөн ашуун мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери катышты

Дагы кимдер эмне деди?

Кезексиз саммитке катышкан лидерлер Израилдин Батыш жээктен жана Газадан аскерлерин толук чыгарып кетүү талабын колдоду.

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Израил Палестинанын аймактарын басып алганы үчүн мунун кунун төлөй турган күн алыс эмес экенин белгиледи. Ал Нетаньяхунун өкмөтүнө жооп берчү күн бар экенин түшүнүүгө мажбурлай турган бардык конкреттүү жана реалдуу сунуштарды ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

"Бир ууч батыш өлкөлөрү Израилге ар кандай колдоо көрсөтүп жатса, мусулман өлкөлөрүнүн жооп бербегени кырдаалды ушул абалга кептеди", – деди Эрдоган.

Бул жолугушууда Эрдоганды тышкы иштер министри Хакан Фидан жана Түркия президентинин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча улук кеңешчиси Акиф Чагатай Кылыч коштоп жүрдү.

Эрдоган Ираилге карата буга чейин да катуу сындарды айтып келген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Режеп Таййип Эрдоган
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жыйында Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф да жогорку даражалуу делегациянын башында катышты. Ал 1967-жылдын 4-июнундагы чек аралардын негизинде, баш калаасы Иерусалим болгон Палестина мамлекетин түзүүнү колдой турганын баса белгиледи.

1967-жылдын май айынын аягында араб өлкөлөрү Израилдин чек араларына аскерлерин топтоп, жөөт мамлекетин жер бетинен жок кылабыз деп коркутушкан. Израил 5-июнда аларга алдын ала сокку уруп, алты күнгө созулган согуш тутанган. Бул кагылышуу тарыхта алты күндүк согуш деп аталып калган.

Ошондон тартып Газа сектору, Иордан дарыясынын Батыш жээги жана Чыгыш Иерусалим Израилдин оккупациясында калды. Муну менен катар Израил Сириянын Голан дөңсөөлөрүн жана Египеттин Синай жарым аралын да басып алган.

Ирандын президенти Масуд Пежешкян маанилүү мамлекеттик иштерден улам жыйынга бара албай турганын айтып, вице-президент Мохаммад Реза Арифти жөнөткөн. Ирандын расмий өкүлү ХАМАС жана "Хезболланын" лидерлеринин Израил тарабынан өлтүрүлүшүн "уюшкан терроризм" деп сыпаттады.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Израилди кескин сындап, "мындан ары бул өлкө цивилизациялуу мамлекеттердин тобуна кирбеши керек" деди.

"Израилдин ырайымсыздыгын эске алып, азыр Жакынкы Чыгыштын гана эмес, дүйнөлүк тартиптин коопсуздугу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалышы керек деген чечимди кабыл алууга убакыт жетти", – деди малай премьери.

Араб лигасынын баш катчысы Ахмед Абул Гейт да Израилге каарын төктү.

"Палестина элинин башынан өткөргөндөрүн сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Палестин элине каршы Израилдин агрессиясы тынчтыкка жетүү аракеттердин баарын ойрон кылды. Аймакта толук тынчтык болгондо гана адилеттүүлүктү орното алабыз".

Ливандын премьер-министри Нажиб Микати анын өлкөсү оор кризисти башынан өткөрүп жатканын айтты. Израил Ливандагы Хезболланын буталарына тынымсыз сокку урууда. Күн алыс ондогон адамдар өлүп жатат.

Ливандын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, акыркы 13 айда "Хезболла" менен Израилдин ортосундагы жаңжалда 3000 адам каза болгон.

Саммиттин аягында мусулман өлкөлөрүнүн лидерлеринин атынан атайын билдирүү жарыяланды.

"Жыйынга катышкан лидерлердин пикири мусулман дүйнөсүнүн бирдиктүү үнү. Бул биздин элибиздин биргелешкен милдеттенмесинен келип чыкты. Израилдин Газадагы зордук-зомбулугунан улам азыр эл аралык коомчулуктун алдында ага тыюу салуу жана аны бул жамааттан чыгаруу мезгили келди", – деп айтылат анда.

Жыйында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да сөз сүйлөп, бейкүнөө жарандардын, анын ичинде наристе, өспүрүмдөр менен аялдардын курман болуусу – эл аралык коомчулук тарабынан кеңири айыпталууга тийиш экендигин баса белгиледи.

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жыйында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да сөз сүйлөп, бейкүнөө жарандардын, анын ичинде наристе, өспүрүмдөр менен аялдардын курман болуусу – эл аралык коомчулук тарабынан кеңири айыпталууга тийиш экендигин баса белгиледи.

ХАМАС башкарган саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Израилдин чабуулунан Газада былтыртан бери 43 400дөн ашуун адам набыт болду.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсеси өз баяндамасында Газада алты ай ичинде тастыкталган курмандыктардын дээрлик 70 пайызы аялдар жана балдар болгон деген жыйынтыкка келген.

Израил ХАМАСты карапайым калкты тирүү калкан катары колдонууда деп такай айтып, жай тургундардын өлүмүн болтурбоо үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз деп актанып келет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Израилдин былтыртан бери уланып жаткан чабуулунан Газада жарадар болгон 24 миңден ашуун адам өмүр бою жаракаттардын кесепетин тартат.

Гахадагы согуш былтыр 7-октябрда ХАМАС Израилге кол салып, 253 кишини барымтага алган күндөн бери токтобой келет. Ал күнү куралчан топтун чабуулунан 1200дөй киши каза тапкан. (SA)