Хуситтер Азия менен Европаны бириктирген негизги соода жолун бууду. Кызыл деңиз жабылса эмне болот?

Сүрөттүн булагы, EPA
Израилдин ХАМАС менен согушу эки айдан ашык убакыттан бери биринчи жолу дүйнөлүк соодада ири мүчүлүштүктөргө алып келди. Йемендик хуситтер палестиндерге тилектештик билдирип коммерциялык кемелерди аткылашкан. Натыйжада эң ири эл аралык жүк ташуу компанияларынын чыдамы кетти. Андыктан алар Европа менен Азиянын ортосундагы негизги соода жолу — Кызыл деңиз, Суэц каналы жана Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу контейнерлерди, нефть, суюлтулган газ жана башка товарларды ташууну токтотушту.
Соода жолунун хуситтер тарабынан жабылышы дүйнөлүк соодага кандайча коркунуч туудурат жана дүйнөлүк экономика ага канчага чейин чыдашы керек болот?
Эмне болду?
Хусит козголоңчулары ХАМАС менен тилектештик билдирип ноябрдан бери Баб эль-Мандеб кысыгында коммерциялык кемелерге кол салууда. Хуситтер Йемендин чоң бөлүгүн көзөмөлдөп, Ирандын колдоосуна ээ жана Сауд Арабияны, АКШны жана Израилди душман деп эсептешет. Алар Израилдин соода флотун бутага алып жатканын айтышкан, бирок Израил менен байланышпаган кемелер да дрондор жана ракеталар менен аткыланган.
Натыйжада, дүйнөнүн көпчүлүк кеме ээлери, анын ичинде MSC, Maersk, CMA CGM гиганттары, контейнер ташыган кемелерин Африканы айланып өтүүчү узак жолго салышты. Эгерде алардын артынан жук ташыгычтар жана танкерлер да бул жолго сала турган болсо, Суэц каналы аркылуу кеткен эң маанилуу маршрут боюнча деңиз каттамы токтоп калат.

Kuehne+Nagel жүк ташуучу компаниясынын айтымында, азырынча кеме ээлери бортунда бир жарым миллиондон ашык контейнери бар 120дан ашык контейнер ташуучу кемелерди артка кайтарышты.
Танкерлер жана газ ташыгыч кемелер аларды ээрчип Илгери үмүт тумшугун карай Африканы айланып өтүүгө азырынча шашылбайт. Британ мунай компаниясы BP жана Норвегиялык Equinor кырдаал жөнгө салынганга чейин Кызыл деңиз аркылуу мунай жана суюлтулган газ ташууну убактылуу токтотту.
Жүктү дүңү менен ташыган кемелер жана чийки зат ташыган танкерлер жолдогу кыска кризистин өтүп кетишин күтө алышат, анткени ири компаниялар өз убагында келбеген мунайдын же суюлтулган газдын ордун башка жеткирүүлөр аркылуу толтурууга жөндөмдүү. Ал эми контейнердик кемелер негизинен эл керектеген товарларды жана жабдууларды ташыйт. Алар үчүн жеткирүү мөөнөтү жана өз убагында түшүрүү абдан маанилүү.
S&P Global Market Intelligence компаниясынын аналитиктеринин айтымында, Европа бардык товарлардын жана чийки заттын дээрлик 15% Азиядан жана Перс булуңунан деңиз аркылуу импорттойт, ага бардык мунайдын 13% жана мунай продуктуларынын дээрлик 22% кирет.
Орусиянын Украинага кол салуусунан улам жана Батыштын санкцияларынан кийин бул жол орус мунай экспорту үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп калды.
Суэц каналы жана Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу күн сайын ташылган 7 миллион баррель мунай жана мунай продуктуларынын 4 миллион баррели Орусиянын Азияга кеткен эспортуна туура келет, деп билдирет FT гезити Goldman Sachs аналитиктеринин Kplerin маалыматтарына таянып чыгарган эсептөөлөрүнө шилтеме жасап.
Блокаданын коркунучтары кандай?
Хуситтердин чабуулдары Кызыл деңиздеги жүк ташууну камсыздандыруунун жана анын коопсуздугун камсыздоонун баасын жогорулатты. Натыйжада бир жуманын ичинде жүк ташуунун баасы 4%га кымбаттады. Ал эми хуситтердин дрондорун айланып өтүү жолу Түштүк Африкадагы Илгери үмүт тумшугу аркылуу өтөт. Ал 10 күнгө жана 3,5 миң деңиз милиге көп.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жаңы транспорттук жана камсыздандыруу чыгымдары, жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашы жана порттордогу кезектер керектөөчүлөр үчүн баанын жогорулашына алып келет – май куюучу жайдагы бензин дагы, дүкөндөрдөгү товарлар дагы кымбаттайт.
Ковид пандемиясынан жана Орусиянын Украинага басып киришинен кийин ансыз деле инфляция жаңы рекорддорду көрсөттү. Ага каршы күрөшүү үчүн борбордук банктар кредиттик ставкаларды көтөрүштү, бул экономиканы начарлатат жана дүйнөдөгү бакубаттуулуктун ансыз да солгун өсүшүн басаңдатат. Инфляция жаңы эле салкындай баштаган, бирок хуситтердин чабуулдары баалардын жаңы өсүшүнө алып келсе, ал чендерди төмөндөтүү жана экономикалык активдүүлүктүн жандануу мөөнөтүн кечеңдетүү коркунучу бар.
Хуситтер канчага чейин жүк ташуучуларды Европа менен Азиянын ортосундагы негизги соода жолунан оолактатып, коркутуп турат болду экен? Бардыгы ошого жараша болот.
Батыштын алдыңкы бизнес гезити FT буга чейин хуситтердин блокадасын "Орусия Украинага басып киргенден берки дүйнөлүк сооданын эң ири кайра бөлүштүрүлүшү" деп атаган. Bloomberg учурдагы кризис 2021-жылы, Ever Given гиганттык контейнердик кемеси Суэц каналында тыгылып калган учурдагы кризистен ашып өтөт деп болжолдойт. Ал кемени бир жума дегенде араң чыгарышкан, ал эми анын кесепети дүйнөлүк соодага дагы бир нече ай бою сезилип турду.

Ошол эле учурда, учурдагы кризис жүк ташуудагы тынч мезгилде болуп жатат, деп белгилейт S&P Global Market Intelligence компаниясынан Крис Роджерс. Көйгөйлөр, айрыкча керектөө товарларын жеткирүүдө сөзсүз болот, бирок алар Ковидден кийинки кризис учурундагыдай оор эмес. Анда пандемия учурунда сатылып алынбаган товарларга жана чийки заттарга суроо-талаптын кескин өсүшү жүк ташуулардын кымбатташына жана дүйнө жүзү боюнча товар ташуу чынжырларынын олуттуу үзгүлтүккө учурашына алып келген болчу.
"Мен мунусунда ошол кездегидей оор болот деп ойлобойм" деди, өткөн жума күнү “Al Jasrah” контейнердик кемеси хуситтердин аткылоосуна кабылган Германиянын Hapag-Lloyd кеме компаниясынын кызматкери Нилс Хаупт Би-Би-Сиге.
“Ооба, үзгүлтүккө учуроо болот. Ооба, кечигүүлөр болот. Бирок жеткирүүлөр толук кыйрайт деп айта албайм".
Эмне кылса болот?
Америка Кошмо Штаттары баш болгон НАТО өлкөлөрү бул көйгөйдү чечүүнүн эң оңтойлуу жолун ойлонуштуруп жатышат.
Сомалилик каракчыларга каршы сыналган варианттардын бири – жүк ташыган кемелердин аскер кемелеринин коргоосу астында конвой менен өтүшү. Ал кечигүү менен коштолот, ал эми кечигүү баарына эле жага бербейт. Болгондо да, каракчылардан айырмаланып, хуситтер кемелерди басып алуу менен чектелбестен, аларды камикадзе дрондору жана ракеталар менен аткылап жатышат.
Ошондуктан, батыш маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө караганда, азыр иштелип жаткан пландын негизги варианты НАТО өлкөлөрүнүн деңиз жана аба күчтөрү тарабынан аймакты күзөтүү жана Йеменден деңизди көздөй учкан нерселердин баарын токтотуу болуп саналат.

Сүрөттүн булагы, EPA
Үчүнчү вариант – Хуситтерге алардын өз аймагында сокку уруу – бирок бул эң начар вариант, анткени ал зомбулуктун күчөшүнө алып келет. Хуситтер азырынча кемелерди гана аткылап жатышат, бирок мурдараак АКШ жана Орусия менен бирге дүйнөдөгү үч ири мунай өндүрүүчүнүн бири болгон Сауд Аравиянын аймагы да алардын чабуулдарына кабылган.
2019-жылы хуситтер Сауд Аравиядагы дүйнөдөгү эң ири мунай иштетүүчү заводдун жардырылышына жоопкерчилик алышкан, андан кийин падышалыктын мунай өндүрүүсү бир аз убакытка эки эсеге кыскарып, мунайдын дүйнөлүк баасы 10% жогорулаган.
Хуситтердин чабуулдары Иран үчүн да, Орусия үчүн да пайдалуу, анткени ал чабуулдар Жакынкы Чыгыш аймагындагы глобалдык сооданын жана Батыш кызыкчылыктарынын коопсуздугунун кепили катары АКШнын беделине доо кетирүүдө. Кошумчалай кетсек, жаңы кризис Украина менен Израилге аскердик жардам берүү түйшүгү менен убара болуп жаткан НАТО өлкөлөрүнө кошумча баш оору болот.
Америка Кошмо Штаттары менен НАТОнун негизги экономикалык жана аскерий атаандашы Кытай азырынча четте байкап турат. Бирок, эгер кризис созулуп, дүйнөлүк соодага доо кетирип, энергиянын кымбатташына алып келсе, хуситтер менен Иранга Бээжин тарабынан кысым болушу мүмкүн. Анткени, Кытай экономикасы оор күндөрдү башынан кечирүүдө жана анын өсүп-өнүгүшү Европа менен тоскоолдуксуз соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө түздөн-түз көз каранды. (DO)










