Израиль менен Палестина эмнеге согушуп жатат? Конфликттин себептери жана хронологиясы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Израилдиктер менен палестиндердин ортосундагы биздин замандын эң узак жана акыр-аягы көрүнбөгөн кагылышуусунун тамыры –– Навуходоносордун, Александр Македонскийдин, падыша Ироддун, император Титтин жана Султан Саладиндин дооруна барып такалат. Бирок еврейлер менен арабдар эмнени бөлүшө албай жатканын жана эмне үчүн Жер Ортолук деңизинин чыгыш жээгиндеги элге тынч жашоо буйрубаганын түшүнүү үчүн, өткөн кылымдын тарыхына кыскача көз чаптыруу жетиштүү.
Төмөндө палестина-израилдин бүтпөс кагылышындагы негизги окуялардын кыскача хронологиясы келтирилген. Бирок, адегенде, дагы бир маанилүү нерсе жөнүндө учкай кеп: жөөттөр менен арабдар ондогон жылдар бою күрөшүп келген жердин мифологиясы.
Баары эңсеген жер
Жер Ортолук деңизинин чыгыш жээгиндеги чөлдүү аймактын бир аз бөлүгүн жөөттөр, христиандар жана мусулмандар жөн гана өздөрүнүн үйү деп эмес - ыйык жер деп эсептешет.
Жерлердин ыйыгы – Иерусалим.
Жөөттөрдүн салтына ылайык, Кудай ааламды ушул жерден жасай баштаган. Бул жерде жөөттөрдүн ибадатканасы болгон, бирок анын биринчисин вавилондуктар, экинчисин римдиктер талкалашкан. Азыркы жөөттөрдүн негизги ыйык жери болгон Батыш дубалы гана аман калган.
Христиан салтына ылайык, Иерусалимде Иса пайгамбар айкаш жыгачка кадалган жана ошол жерден асманга көтөрүлгөн. Ал жерде христиандардын негизги храмы болгон Ыйык Мүрзө чиркөөсү жайгашкан.
Мусулмандардын ишеними боюнча Мухаммед пайгамбар бул жерден Аллага жолугуу үчүн көтөрүлгөн. Ошол окуянын орду Иерусалимдин борборунда жайгашкан Храм тоосундагы Аль-Акса мечити. Азыр ал мусулмандар үчүн Мекке жана Мединадан кийинки эң маанилүү жер катары саналат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Израил-Палестина жаңжалы азыркы адамзат тарыхынданы эң узак жана бүтпөчүдөй тирешүү болуп калды. Ал эми миф жана диний аспектилер Батыштын жана араб дүйнөсүнүн палестиндерди жана израилдиктерди колдоп жаткан себебин жарым-жартылай түшүндүрсө да, ал түшүнүктөр бул татаал жана кандуу тарыхтын бир гана бөлүгү десек болот.
Анда эмесе ошол кандуу тарых тууралуу сөз кылсак.
Осмон империясынын курамындагы Палестина жана биринчи алиялар
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
19-кылымдын аягында Осмон империясынын урашына жакын Палестина бир нече кылымдар бою негизинен арабдар жашаган аймак (мамлекет эмес) болгон. Көпчүлүгү ислам динин, кээ бирлери христианчылыкты карманышкан. Жөөттөр иудаизм динин тутунушкан жана азчылык болгон.
Бирок алардын баары – арабдар да, жөөттөр да – палестиналык деп эсептелчү.
20-кылымдын башында чет өлкөлөрдөгү жөөттөр жерлерди сатып алып, Палестинага көчө башташты. Батыш Европадагы жана Орусия империясындагы антисемитизм, жөөттөргө каршы талоондор, согуштар жана революциялар, жакырчылык жана, албетте, жөөт мамлекетин түзүү кыялы “Эңсеген жерге” кайтып келүүгө түрткү болгон.
Жөөт иммиграциясынын (алия) бир нече толкуну арабдар менен кылымдар бою мамиледе болгон Палестинанын жергиликтүү жөөт калкын өзүнө сиңирип алган. Чыр-чатактар башталып, алар тополоңго айланып, акыры кан төгүлдү.
Жаңы келген жөөттөрдүн колонизаторлор аборигендерге жасаган мамилесиндей мамиле кылганы арабдарга жаккан жок. Алар европалашкан келгин жөөттөрдүн, алардын оюн боюнча бузулган мүнөзүнөн жийиркеништи. Баарынан да жөөттөрдүн интеграцияланбастан, жаңы жашоо образын, жаңы конуштарды жана жаңы реалдуулукту обочолонуп түзүүгө болгон аракети жаккан жок.
Арабдар кылымдар бою өздөрүнө таандык деп эсептеп келген жерлерде жөөт мамлекетинин эле көрүнө баштаган эле. Жөөттөр да ал жерлерди өздөрүнө таандык деп эсептешкен, анткени алар анда миңдеген жылдар бою жашашкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Биринчи дүйнөлүк согуштун натыйжасында Осмон империясы кулап, Палестина ушундай жарылуу коркунучунда турган.
Ал убакта Палестинада жарым миллион мусулман жашачу. Христиандар жана еврейлер азчылыкты түзүшкөн - ар бири 60 миңге жакын, ал эми жөөтөрдүн төрттөн үч бөлүгү жергиликтүүлөр болгон, 15 миңге жакыны гана иммигрант жөөттөр эле.
Бирок, кырдаал абдан тез өзгөрдү.
1917-1922. Бальфур жана Британ мандаты
Осмон империясы Биринчи дүйнөлүк согушта Германия жана Австрия-Венгрия тарабында согушуп, жеңилип калган. Жакынкы Чыгышты жеңүүчүлөр – Британия менен Францияга бөлүп алган. Алардын мурдагы союздашы Орусия 1917-жылы 7-ноябрда революциядан улам согуштан чегинген.
Европанын ондогон жылдардагы тагдырын чечкен Санкт-Петербургдагы большевиктердин козголоңунан бир нече күн мурда, Лондондо, Жакынкы Чыгыштын тагдырын өзгөрткөн дагы бир доорго тете окуя болду.
Британ тышкы иштер министри Артур Балфур британдык сионисттердин лидери лорд Ротшильдке “Королдун даражалуу өкмөтү Палестинада жөөт элинин улуттук коломтосунун калыбына келтирилишине түз көз карашта жана бул максатка жетүү үчүн бардык аракеттерди көрөт” деп жазган.

Үч жылдан кийин Британия Улуттар Лигасынан Палестинаны башкаруу мандатын алган. Балфурдун декларациясы анда дээрлик сөзмө-сөз кайталанат.
Осмон доорунан кийинки Жакынкы Чыгышта таасир чөйрөлөрүнүн бөлүнүшүнүн натыйжасында Сирия жана Ливан француздарга, Палестина жана Месопотамияга (азыркы Ирак) англичандарга өткөн. Трансиордания дагы бир аз кечирээк Британиянын карамагына өткөн, бирок Балфур декларациясында жазылган, сионисттерге берилген убадалар ага тиешелүү эмес эле.
Британия арабдар менен жөөттөрдү элдештире алган жок. Британдыктардын руху жана маданияты Европадан келген жөөтөргө жакын болуп, аларга ачык жан тарткан. Бул жергиликтүү арабдардын көпчүлүгүн Британ империясы Палестинанын келечектеги эгемендигин адилеттүү камсыздап бере албасына ишендирди.
Репатрианттардын санынын көбөйүшү менен кырдаал дагы начарлады: жөөттөр нацизмдин айынан Европадан жапырт качышкан эле.

1947-жылга карата БУУнун комиссиясы Палестинадагы 1,2 миллион арабдардын арасында 600 миңден ашуун жөөт бар экенин эсептеген. Мындан 30 жыл мурда араб калкы жөөт калкынан дээрлик 10 эсе көп болсо, эми эки эсе гана көп болду.
1947-1949. БУУдагы Палестинаны бөлүү планы, биринчи согуш, "катастрофа" жана көз карандысыздык
1947-жылы ноябрда БУУнун Башкы Ассамблеясы Палестинаны эки көз карандысыз өлкөгө – еврей жана араб мамлекетине бөлгөн резолюция кабыл алган. Иерусалимге, анын ичинде Вифлеемге БУУнун көзөмөлүндөгү аймак катары өзгөчө статус берилмек.
Резолюция эч кимге жаккан жок, анын эртеси эле кагылышуулар башталды.
Британ мандаты 1948-жылдын 14-майында аяктаган. Ошол эле күнү Дэвид Бен-Гурион көз карандысыз жөөт мамлекетинин түзүлгөнүн жарыялаган. Ал эми эртеси араб мамлекеттери Израилге кол салышкан.
Бирок алар жеңилип калышты. Эми эле пайда болуп, өз чек арасын деле анык билбеген Израиль жеңишке жетти.
Израилде “көз карандысыздык согушу” же араб дүйнөсүндө “катастрофа” деген ат менен белгилүү бул окуяларлын натыйжасында, жаш жөөт мамлекети БУУ тарабынан Араб өлкөсү үчүн бөлүнгөн аймактын жарымына жакынынын ээлеп алган.
Калган жарымын араб өлкөлөрү - Батыш жээк менен Чыгыш Иерусалимди Иордания, Газа тилкесин Египет басып алган.

Кийинки согушка чейин ушундай эле болуп турган.
1967. Алты күндүк согуш, качкындар жана конуштар
1967-жылдын май айынын аягында араб өлкөлөрү Израилдин чек араларына аскерлерин топтоп, жөөт мамлекетин жер бетинен жок кылабыз деп коркута башташты. Израиль алдын ала сокку урду – 6 күндөн кийин ал согуш бүттү.
Газа сектору, Иордан дарыясынын батыш жээги жана чыгыш Иерусалим Израилдин оккупациясында калды. Ошол эле учурда Израиль Сириянын Голан дөңсөөлөрүн жана Египеттин Синай жарым аралын да басып алган.
Ошол кезден тартып конфликт туруктуу фазага өттү. Арабдар акыры жөөт мамлекетинин касташкан жоосуна айланышты. Ал эми Араб-Палестин мамлекетин түзүү жөнүндөгү алардын үмүтү бүдөмүк болуп калды.
Иордан дарыясынын батыш жээгинин жана Газанын согуштан качкан жашоочулары эч качан үйлөрүнө кайта алышкан эмес: Израиль аларды өлкөнү толугу менен арабдаштыруу жана жок кылуу коркунучу катары карайт.
Азыр Газада 2 миллионго жакын палестиналык, Батыш Жээкте дээрлик үч миллионго жакын палестиналык бар жана БУУнун маалыматы боюнча алты миллиондон ашык палестиналык качкындар чет жактарда, негизинен аймактын коңшу өлкөлөрүндө отурукташкан.
Салыштыруу үчүн: Израилдин калкы он миллион адамга жакындап баратат, анын эки миллиону арабдар.

Ошол эле учурда Израиль оккупацияланган аймактарга калкты жайгаштыра баштады. БУУнун маалыматы боюнча, Иордан дарыясынын батыш жээгинде жарым миллиондон ашык, Чыгыш Иерусалимде 200 миңден ашуун израилдик отурукташкан. Голан дөңсөөлөрүндө да чакан конуштар бар, бирок Газада конуштар жок – Израиль 2005-жылы Газадан баарын алып чыгып, ал жерди чоң тосмо менен курчап салган.
Эл аралык коомчулук жөөт конуштарын мыйзамсыз деп эсептейт, бирок Израиль ал жерлерге укугу бар экенин билдирген.
Бардык жөнгө салуу сүйлөшүүлөрү Иерусалимдин статусу жана Араб Палестинасын түзүү жөнүндөгү негизги маселелерге жете электе эле качкындардын жана конуштардын көйгөйлөрүнө келип такалып калып жатат.
1979-1993. Жаңы согуш, Израилди таануу жана тынчтык сүйлөшүүлөрү
Коңшу араб өлкөлөрү менен тынчтык орнотуу жана палестиндер менен макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр акыркы элүу жылда кээде ийгиликтүү, кээде ийгиликсиз жүрүп жатты. Формалдуу түрдө ал сүйлөшүүлөргө Орусия жана Евробиримдик тартылган, бирок негизги ортомчу – ар дайым Израилдин коопсуздугунун башкы өнөктөшү жана гаранты АКШ болуп келген.
Президент Жимми Картердин ортомчулугу менен Израиль 1979-жылы Кэмп-Дэвидде Египет менен биринчи тынчтык келишимине кол койгон.
Анын алдында 1973-жылдагы Йом-Киппур согушу болгон, анда Египет менен Сирия 1967-жылы колдон чыгарган аймактарды кайтарып алууга аракет кылышкан.
Египет менен түзүлгөн келишимдин натыйжасында картада еврей мамлекетинин биринчи талашсыз чек арасы пайда болгон. Кийинки келишим - Иордания менен - 1994-жылы расмий түрдө түзүлгөн. Ливан жана Сирия менен азырынча келишимдер жок.
Ал эми мындан бир жыл мурун, 1993-жылы Ослодо американын дагы бир президенти Билл Клинтондун ортомчулугунда израилдиктер менен палестиндердин ортосунда биринчи документке кол коюлган.
Норвегиялык келишимдер акыры ийгиликсиз болуп чыкты. Чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча түз аракеттер 10 жыл мурун токтогон.
2007-2023. ХАМАС менен согуш жана кошуналар менен тынчтык
Палестиналыктар менен тил табышуу мүмкүн болбогондуктан Америка Израиль менен коңшу араб өлкөлөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөргө өттү.
Дональд Трамптын тушунда Израиль адегенде Бириккен Араб Эмираттары менен, андан кийин Бахрейн жана Судан менен мамилесин жөнгө салган. Жо Байден Израилди Сауд Арабиясы менен элдештирүүгө үмүттөнгөн болчу.
Бирок ага жетишпей калды - 2023-жылы күзүндө ХАМАС Израилге кол салып, жаңы согуш башталды.
Бул согуш биринчиси да, акыркысы да эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1987-жылдан бери Израиль жалпы он жылдан ашык убакытка созулган эки палестин интифадасын (ред. көтөрүлүш) башынан өткөрдү. Экөө тең Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун жана Ясир Арафаттын жетекчилиги астында башталган эле.
2005-жылы экинчи интифаданын аягында, Ясир Арафат өлгөндөн кийин палестиналыктар өз ара согуша башташты.
Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө террорчу деп таанылган радикал исламчыл ХАМАС тобу Газа тилкесин ФАТХтан тартып алды. Иордан дарыясынын батыш жээги ФАТХтын көзөмөлүндө кала берген жана Израиль ошондон бери ХАМАС менен согушуп келет.
2007-жылы израилдиктер Газаны толук блокадага алып, бир нече жолу аскердик операцияларды жүргүзүшкөн: 2008-жылы жыйырма эки күн, 2012-жылы сегиз күн, 2014-жылы бир жарым ай жана 2021-жылы он бир күн.
Учурдагы согуш 2023-жылдын 7-октябрында, жөөттөрдүн негизги майрамы - Йом Киппурда (Кыямат күнү) Израилге кол салуудан туура 50 жыл өткөндөн кийин башталган.
Бул согуш күн сайын биздин замандагы эң узакка созулган конфликттин курмандыктарынын санын көбөйтүп, Жакынкы Чыгышта тынчтыктын орношун кечеңдетип жатат. (DO)












