Оштогу тилсиз жоо: "Кызымдан, беш неберемден ажырап калдым"

ош өрт

22-октябрда Ош шаарынын Орозбеков көчөсүнүн №26 үйүндө чыккан тилсиз жоо алты адамдын өмүрүн алып кетти. Келин 34 жашта, балдары 13, 11, 9, 6 жана 3 жашта болгон. Президент Садыр Жапаров өрттөн каза болгон үй-бүлөнүн жакындарына көңүл айтып, жардам берилерин билдирди. Ал тиешелүү мекемелерге өрт кырсыктарынын алдын алуу тапшырмасын берди.

Үч жашар Мухаммадкадыр, анын бир туугандары Раёна, Саида, Сафия, Мухаммадали жана апасы Садбар ушул таңдын атканын көрбөй калды. Тилсиз жоо алты адамдын өмүрүн алып кетти. Маркум келиндин атасы Сулоймон Абдуллаев азыр дендароо абалда турат:

"Ушундай балекет жүз бериптир. Үйдүн ичинде калып калышыптыр. Биз келгенде баары бүтүптүр. Үй күйүп, өздөрү о дүйнөгө кетип калышыптыр. Беш неберем, кызымдан ажырап калдым".

Маркум келиндин атасы Сулоймон Абдуллаев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маркум келиндин атасы Сулоймон Абдуллаев

Өрттөн каза тапкан балдардын атасы ушул жумада Түштүк Кореядан келмек

Келиндин жолдошу Түштүк Кореяда иштеп жүргөн. Ош шаардык мэриясынын Жибек-Жолу муниципалдык башкармалыгынын башчысы Махамадамин Канатовдун айтымында, ал ушул жумада үй-бүлөсү менен жолугушуу үчүн Кыргызстанга келмек. Билет алып койгон:

"Ойбек азыр Кореяда. Эртең менен таңга маал жетип келет экен. Ал сөөктөрдү эртең менен таңга маал коёлу деп бийликтен суранып жатат. Балдарымды, аялымды акыркы сапарга өзүм узатайын деп суранып, ыйлап жатат. Кече кечинде Ойбек өзүнүн апасы, аялы менен видео байланыш аркылуу сүйлөшкөн экен. Бейшемби күнү барып калам, балдарды паркка барып ойнотом деген сөздөр болгон экен. Эми минтип жаназасына келгени жатат. Мен дагы өрт өчүрүлгөндөн кийин ичкери кирдим эле. Балдардын сөөгүн көрүп калдым. Нес болуп турам".

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ош шаары боюнча башкармалыгы билдиргендей, өрт таңкы саат 3:30 чамасында жеке турак жайдын жер төлөсүнөн чыккан. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыкка электр жылыткычы себеп болгон. Жалын жалпысынан 280 чарчы метр аянтты каптаган.

мчс

Сүрөттүн булагы, mchs.gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Алтынбек Абылаев

"Бизге кошуналары кабарды таңга маал, тактап айтканда 05:54тө беришти. Өрт үйдүн жер төлөсүнөн чыгыптыр. Өрт өчүрүүчү балдар окуя болгон жерге саат алтыда барышты. Өрт чыкканда аябай түтүн каптап, үйдүн ичиндегилер иске ууланып, турбай калышыптыр. Тилекке каршы, 34 жаштагы келин балдарын кучактаган бойдон жатыптыр. Сөөктөр таанылгыс болуп калыптыр", – деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Алтынбек Абылаев.

Окуя болгон жерге эртең менен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да барган.

Президент өрт коопсуздугун камсыздоо тапшырмасын берди

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул трагедия коомчулуктун кабыргасын кайыштырып турган маалда дагы бир кайгылуу окуя Чүй облусунан келди. 21-октябрда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан газоблок чыгаруучу ишканада цемент цистерна жарылып, эки адам мерт кеткени маалым болду. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдиргендей, мерт кеткен жумушчулар 34 жана 61 жашта. Күбөлөр сурак берип, жарылуунун себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул арада президент Садыр Жапаров кайгылуу окуялардын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жардам берилерин билдирди. Ошол эле маалда өлкө башчысы ӨКМге жана башка тиешелүү министрликтерге өзгөчө кырдаалдардын жана өрттүн алдын алуу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды".

"Сууктун түшүшү менен жеке турак жайларда, ошондой эле өндүрүш объектилеринде электр энергиясын жана жылытуучу шаймандарды колдонууда өрт жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу жогорулайт. Калк арасында сактык чаралары боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл", - деген Садыр Жапаров.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, быйыл тогуз айда 2748 өрт кырсыгы катталды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22% көп.

Материалдык чыгымдардын көлөмү 9 айда 1,5 млрд сомдон ашты.

Бүгүнкү күнгө карата өрт кырсыгынан жалпысынын 40 адам көз жумду. Алардын арасында 12 жаш бала бар.

ӨКМ "Өрт коопсуздугу жөнүндө" мыйзамга ылайык, жеке турак үйлөрдү алдын ала текшерүүгө укугу жок экенин, бирок жер-жерлерде өрт эрежелеринин талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканын белгилейт.