Бишкектеги ыштын азабы жана ЖЭБдеги көмүр сапаты
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Баш калаадагы ЖЭБ мэриянын башкаруусуна өтүп жаткан чакта, шаар бийликтери алдыдагы от жагуу сезонунда Кара-Кече көмүрүн жагууга чектөө киргизип, Казакстандын жогору калориялык көмүрүн киргизүү жөнүндөгү сунуштарды карап талкуулап жатат.

Бишкектин бийлиги баш калаанын абасын булгаган объектилерге жеңин түрүп кирише баштаган түр көрсөтүп жаткан чакта, мэриянын алдындагы мекемелер аралык комиссиясынын кезектеги жыйынында биринчи кезектеги жана узак мөөнөттү иш чаралар талкууланды.
Биринчи кезектеги маселелердин катарында шаардагы отканаларды газга которуу жана Бишкек ЖЭБине сапаттуу көмүр алып келүү жөнүндө сөз болду.
Атап айтканда, Бишкекте келерки от жагуу мезгилинде Кара-Кече көмүрүн жагууга чектөө киргизип, Казакстандын жогору калориялык көмүрүн киргизүү жөнүндө сунуштар көтөрүлдү.
Жакында эле өкмөт Бишкек ЖЭБин шаардын бийлигине өткөрүп берген токтомун чыгарды. Бул чечим шаардын мэри Эмилбек Абдыкадыров баш калаанын абасын булгаган эң биринчи ЖЭБ деп айтып турган учурга туура келди. Ошол себептүү мэриянын жыйынында ЖЭБдеги көмүрдүн сапаты жөнүндө маселе биринчи кезекте каралып отурат.
ЖЭБ курулгандан баштап эле Казакстандын көмүрүнө ылайыкташып курулуп, негизинен коңшулардын көмүрү, Өзбекстандын газын жагып иштеп келген. 2017-жылы ЖЭБ модернизация болгондо жаңы отказандар Кара-Кеченин көмүрүн жагууга өткөн. Бирок Кара-Кечеден көмүр ташыган компаниялар ЖЭБдин суроо-талабын канаттандырганга жетишпейт, ошол себептүү сырттан темир жол менен келип жаткан көмүр дагы эле көп.
Ошол эле убакта 2022-жылы октябрда жарыяланган БУУнун айлана чөйрөнү коргоо программасынын изилдөөсүндө, Бишкектин абасын булгаган биринчи объект ЖЭБ эмес, басымдуу түрдө көмүр жаккан шаар ичиндеги жана аны курчаган жаңы конуштардагы үйлөр көрсөтүлгөн.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“ЖЭБдин чыккан заттар башка булактарга салыштырмалуу бийик болгон менен, ЖЭБ Бишкекте кышында абанын эң коркунучтуу деңгээлдеги булганышынын негизги себеби болуп эсептелбейт. Түтүн чыккан турбалары бийик болгондуктан, булганыч заттар Бишкектин чар тарабына бүт Чүй өрөөнүнө таркап кетет, ошондой эле ЖЭБде булгоочу заттарды көзөмолдөгөн жабдуулар бар”,-деп айтылат жогоруда айтылган изилдөөдө.
Би-Би-Си "Улуттук электр станциялары" ишканасы менен байланышканда дагы ушул эле жүйөнү уктук.
"Биринчиден анын турбалары бийик, андан чыккан түтүн шаарды каптабай асманга тарап кетет. Анын трибуналарынын баарында чыпка коюлган",-деди аталган ишкананын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева.
Ошол эле убакта жергиликтүү энергетик Расул Умбеталиев бул изилдөөгө ишенбейт, анын өзүнчө аргументтери бар.
"Кышында ЖЭБ күнүгө 7-8 мин тонна көмүр жагат, ал эми жаңы конуштагы 60-70 миң үйлөр жаккан көмүр миң тоннага да жетпейт. Айырмасы барбы?- дейт.

ЖЭБ Бишкекти булгаган негизги себеп болбогон учурда дагы БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасынын эксперттери шаардын экологиясын жакшыртуу үчүн көмүрдөн энергиянын башка таза булактарына көчүрүү зарыл деп корутунду чыгарышкан.
Ал эми жылуулук борборуна Кара-Кеченин көмүрүн эмес, Казакстандын жогорку калориялуу көмүрүн пайдаланыш керек дегендер кандай негизги таянып жатканы түшүнүксүз. Ансыз деле Казакстандан алып келинген көмүрдүн сапатына толтура доомат болуп, токтобой келатат. Казакстандан келген радиоактивдүү көмүрдүн чуусу шаардыктардын эсинде. Бул элге билинип калганы, билинбей калганы канча. ЖЭБке коңшу өлкөдөн көмүр ташыган компаниялар менен түзүлгөн коррупциялык жылма схемалар бар деген сын-дооматтар дагы токтой элек.
ЖЭБдеги көмүрдүн сапатына катуу сындар жаңы жылдын алдында өкмөттү угуп жатканда Жогорку Кеңеште да айтылган болчу.
Энергетика эксперти Расул Умбеталиев ЖЭБге азыркы убакта Кара-Кечеден дагы сапатсыз көмүр ташылып жатканын айтты:
“Кара-Кеченин көмүрү эң жакшы, Көк-Мойнок, Токсон-Теке, Мин-Куш, Дүңгүрмөмө. деген жерлер бар. Сапатын карсак, 4700 килокалорий бир килограммга. Ал эми ЖЭБ караган “Улуттук электр станциясы” ишканасы конкурс жарыялап, көмүрдүн сапатын төмөндөтүп, 3400 килокалорийден сатып алып жатпайбы. Мен канча айттым сапатсыз көмүр алып жатасыңар деп”.
Ал эми Казакстандан болсо эң сапатсыз көмүр келип жатат дейт.
“Алардыкы таш көмүр, биздики күрөң көмүр. Ар бир көмүрдүн учуучу зат деген көрсөткүчү бар, жаккандан кийин ыш, күл пайда болот. Казакстандын көмүрүнүн учуучу заттарынын көлөмү 48-50%, ал эми Кабактын көмүрүнүкү 34-38%. Казакстандан бизге эң сапатсыз көмүр келип атпайбы. Мен казак кесиптештерим менен сүйлөшсөк айтат, карап койбосуңарбы. Сапатсыз көмүр, күйбөй турган көмүр кетип атат, калдыктарды жүктөп жөнөтүп атат деп канча долу чалышты”.
Ошентип Бишкек ЖЭБке келип аткан аткан көмүрдүн сапатына, ал Казакстандан келеби, же Кабактан келеби, тийиштүү талап жана көзөмөл канчалык болуп жатканын айтуу кыйын. “Улуттук электр станциялар” ишканасы көмүрдүн сапаты көзөмөлдө деп отчет берип жаткан менен эксперттер башка пикир айтууда.
Эми ЖЭБ Бишкек мэриясынын башкаруусуна өтүп жатканда, баш калаанын калкында баягы эле кышында тумчуктурган ыш канчалык азаят деген убайым суроо турат.

Суук түшкөн сайын кир аба көйгөйү Бишкектин туруктуу баш оорусуна айланат.
Буга чейин БУУ үчүн Финляндиянын метеорологиялык институту жасаган изилдөөдө Бишкектеги булганыч абанын кесепетинен жылына 4100-5000 адам көз жумары, бул каза болгондордун жылдык санынын 12-13% түзөрү айтылган.
Кыргызстандын Статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө ар бир миң төрөлгөн баланын орто эсеп менен 15,2 өлүү төрөлүү туура келет - бирок алардын баары кир абадан чарчап калат деп айтууга болбойт. Салыштырып көрсөк, Орусияда ар бир миң ымыркайдын ичинен 3,8, ал эми Улуу Британия менен АКШда үч бала өлөт.
Изилдөөдө абадагы PM 2.5 (адамдын канына кире ала турган кичинекей бөлүкчөлөр) менен түйүлдүктүн өлүмүнүн ортосундагы байланыш гана каралган. PM2.5 микробөлүкчөлөрү - мунай жана көмүрдүн күйүп кеткенден кийин абага чыккан калдыктары.
30-ноябрда ЮНИСЕФтин “Кир абанын саламаттыкка жана Бишкектеги аялдар менен балдардын жашоосуна тийгизген таасири” аттуу иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланды. Анда кир абадан коргоонунун алдын ала чаралары тууралуу да сунуштар берилет.
“Абанын кирдеши Кыргызстандагы эрте өлүм жана саламаттыктын кескин начарлашынын эң башкы экологиялык фактору болуп жатат. Кир аба жаңы төрөлгөн ымыркайдан тарта кары-картаңдардын ден-соолугуна залакасын тийгизүүдө. Анын жыйынтыгында 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнга чейин 112 өлүм катталган”, - деп айтылат иликтөөдө.









