"Тынчыраак иштетесиңерби?": Административдик имараттын акысына кетчү жердин чоо-жайы

Сүрөттүн булагы, president.kg
Садыр Жапаров өзүн сындап жаткандарга кыска жооп кайтарды. Кыргызстанда президентти каатчылык учурда, мектептер жетишпей жатканда өзүнө жаңы административдик имарат салып баштаганы үчүн сынга алышууда. Буга мамлекеттен бир тыйын кетпейт, болгону аны курган компанияга Бишкектен 16 гектар жер берилет деген билдирүү талкууну ого бетер күчөттү.
Социалдык калыстыкпы?
"Иш сапардан келгенден кийин атайын маек берейинчи. Өлкө боюнча жасалып жаткан иштерди ийне-жибине чейин айтып берем. Эл-журттун башын айландырып, удургуткандарга жооп болсун. Алагды кылбай, тынч иштетесиңерби туугандар?",-деп жазды Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына.
Президент “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна курула турган жаңы административдик имараттын курулушуна жума күнү салтанаттуу түрдө капсула салды. Ал имараттын жанына болочокто административдик комплекс салына турганы дагы жарыяланып, президент анын концепциясы менен да таанышты.
Андан бери 16 гектар жер каяктан бөлүнгөнү, аны ким алып жатканы, курулушту ким жүргүзөрү эң көп талкууланган тема болууда. Бийлик жактан кайсы жер экени так айтылбаганы менен иликтөөчү журналисттер анын “Ынтымак” паркынын маңдайындагы көптөн бери капчыгы калың компаниялардын көзүн кызытып келген эң чүйгүн жер экенин тактап чыгышты.
Бул жер шаардын түштүк тарабында экенин Президенттин Иш башкармалыгынын алдында жаңы түзүлгөн социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча генералдык дирекциянын башчысы Марат Турсунбеков дагы журналисттерге ырастады.

Сүрөттүн булагы, President.kg
"Жаңы Раимдер..."
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Би-Би-Сиге «бул туптуура эле алмашуу» болду деп билдирди.
«Президент өзүнө сарай салып аткан жок, ал мамлекетке калат. Президенттик администрацияга имарат куруу зарылчылыгы бар. Жер семирткич сатып алуу, мектеп салуу сыяктуу эле анын да зарылчылыгы бар. Ак үйгө кирип көрсөңүз, жүрөгүңүз ыйлайт тим эле. Уяласыз. Сасыктыгын айтпаңыз. Эскирген имарат. Кыйын эле»,-деди Би-Би-Сиге ЖК депутаты Балбак Түлөбаев.
Бирок иликтөөчү журналисттер президенттин кычыгына тийген башка дагы маалыматтарды чукуп чыгышты. Али Токтакунов Медиа-Хабдагы иликтөөсүндө бул курулушту баштап жаткан ишкер Марат Турсунбеков мурда дагы Бишкек ЖЭБди башкарууну күмөндүү чет өлкөлүк компанияга алып берүү үчүн жүгүргөнүн, «кагаздагы компанияга стратегиялык объектини алып берем дегени кылмыш болгонун» белгилеп, ошондой эле элге үй салып берем деп алдап жүргөн адам деп Нургалы Асаналиевди, Казакстанда контрабанда менен кармалып соттолуп келген Дамирбек Асылбек уулун көрсөтүп сынга алды.
«Жапаровдун айланасына өзү убада кылган жаш, жаңы жүздөр эмес, кезектеги жаңы Раимдер, жаңы Икрамдар, жаңы Алмамбеттер бат эле чогулду", -дейт Али Токтакунов.
Президент жогоруда айткандай, кыска гана жооп кылды. Ал эми президенттин таламын талашкан саясатчылар сындап жаткандарды оппозициялык жүрүш катары карап жатышат.
«Оппозициядагы журналисттер, «Ата Мекендин» балдары чукуп жатышат»,-деди Балбак Түлөбаев.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Бишкекте жер жок, бирок бизнеске табылабы?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
16 гектар жер кайдан пайда болгону, жеке менчикке кандай тартип менен сатылары дагы өзүнчө көп суроо жаратууда. Шаар бийлиги Бишкекте бош жер жок деп кайра-кайра какшап келатканда, бизнес компанияга жер каяктан табылып атат деген суроо мыйзам ченемдүү.
Ошол эле учурда бизнес компанияга жер кандай тартипте сатылары, же алмашуунун жол жобосу, кура турган компания кантип тандалды, аукцион болдубу, тендерби, анын баары ачык айтылбай жатат.
«Чындыгында жаңы мыйзамга президент кол койду. Бул жерде президентке уруксат бар. Өзүнүн чечими менен тендер жарыялабай, бир компаниядан сатып алса болот. Бирок азыр иштеп аткан мыйзамда уруксат жок. Ошон үчүн мен айтып атам, ачык болуш керек. Аны кантип тандады, же алардын долбоору жакшы болдубу, кубаттуулугун көрсөттүбү, ошол процедуралар эч жерде жазылган эмес. Биз компанияларды чакырып, алар менен талкуулап, ушул компанияны тандадык, 16 гектар жерди баалап, аны бердик деп айтса болмок. Мамлекеттик мүлктү бергенден кийин анын баасын коюш керек»,-деди ЖК депутаты Дастан Бекешов.
Президенттин иш башкармалыгы 16 га аянттагы жер тилкеси боюнча кошумча комиссиялык баалоо (экспертиза) жүргүзүлүп жатканын, эгер анын баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди дагы куруп берет деген гана маалымат жарыялады.
Айтмакчы, административдик имараттын архитектуралык долбоору, дизайнынын айрым элементтери Интернеттеги даяр эскиздерден көчүрүп алынганы жөнүндө да маалыматтар чыгып кетти. Эгер бул чын болсо, анда административдик имараттын курулушу баштала электе эле жаманаттыга калууда. (KC)












