Аскер кызматчыларынын ачуусун келтирген пенсиялык реформа
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Социалдык фонддун иштеп аткан аскер кызматчыларына пенсия төлөөнү токтотуу жөнүндө сунушу дагы бир курч талкууну жаратты. Коргоо министрлиги бул демилгенин эч мааниси жок, аскер кызматындагыларды сыйлабастык деп билдирүү жасады.
Министрликтин комментарийи анын социалдык медиадагы баракчасына жарыяланды.
“Биринчиден, аскер кызматчылары «иштебейт», кызмат өтөйт. (Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамынын 80% татаал климаттык жана бийик тоолуу шарттарда өздөрүн да, жакындарын да аябастан кызмат кылып, ошол эле учурда Кыргызстандын жарандарынын тынч эмгегин камсыздап келишет). Экинчиден, аскер кызматчыларынын пенсияга чыгуу мөөнөтү аскер кызматчысынын каалоосу менен эмес, Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик-укуктук актылары менен аныкталган. Аскер кызматчыларынын кызматтык убактысы 10-12 саат, ал эми кээ бир учурда суткасына 24 саат убакытты дагы камтыйт. Мындан тышкары, өздүк курамдын кээ бир бөлүктөрү дем алыш жана майрам күндөрүн дагы кызматта өткөрүшөт.Жөнөкөй математикалык эсептөө менен, кыргыз аскер кызматчыларынын кызматтык убактысы жумасына 60-80 саат, ал эми Социалдык фонддун кызматкерлеринин жумуш убактысы күнүнө 8 саат, жумасына 40 саат, ошондой эле милдеттүү дем алыш күндөрү дагы эки күндү түзөрү белгилүү”,-деп айтылат билдирүүдө.
Коргоо министрлиги ошондой эле Социалдык фондду Россия менен Казакстандагы аскер кызматчыларынын пенсиясы жөнүндө бир жактуу, туура эмес маалыматты таратып жатат деп сынга алды:
“Россия, Казакстан жана Өзбекстандын аскер кызматчыларынын пенсиялары биздин Ата Мекенди коргоочулардыкына караганда кыйла жогору”.
Аталган министрлик Социалдык фонддун демилгеси такыр ойлонулбаган, аскердик коопсуздукка зыяндуу жана аскердик-саясий жетекчиликтин аскер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатына кайчы келет деп жатат.
Жогорку Кеңештеги пенсиялык реформа боюнча талкуу убагында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гульнура Жуматаева бир эле убакта пенсия дагы, эмгек акы дагы алган практиканы токтотуу каралып жатканын билдирген эле.
Коргоо министрлигинен башка УКМК, ички иштер, өзгөчө кырдаал министрлиги дагы бул демилгеге каршы чыкпай койбойт.
"Булар иштей турган болсо, пенсиясын албасын деп атат. Анда ким болсо эле айтпайбы, он беш миң сом пенсия алат экем, он беш миң сом айлык алат экем. Айырмасы жок экен деп, 20 жыл толгондо кетип калат. Анда кызматкерлердин кеминде 50% кетет",-деди ИИМдин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Бакыт Сейитов.
Анын жүйөсүндө, Кыргызстандагы аскер кызматчыларынын ишинин оорчулугун, пенсиясын Россияга же Казакстанга да салыштыруу орунсуз.
"Россияда аскер кызматындагылар 70 миң рубль пенсия алышат, айлыктары 100 миңге чейин. Дем алыш күндөрү иштешпейт. Сегиз саат иш күнү бүттүбү, автоматтык түрдө кошумча төлөнөт. Биз эртең менен сегизден түнкү саат онго чейин жүрө беребиз. Дем алыш күндөрү да иштейбиз, аны эч ким төлөбөйт".
Аскер кызматчыларынын пенсиясы жөнүндө маселе биринчи жолу көтөрүлүп жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аскер кызматындагылар пенсияга эрте чыгат
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мыйзам боюнча аскер кызматчылары 20 жыл кызмат өтөгөндөн кийин пенсияга чыгууга укуктуу. “Аскер кызматчыларынын пенсиясы жөнүндөгү” мыйзамда көп жыл иштегендиги үчүн пенсияга чыгуу укугу аскер кызматы же ички иштер органдарында иштегендерге берилет. Бул эреже ошондой эле прокурорлорго, тергөөчүлөгө, өрт өчүрүүчүлөргө, жаза аткаруу, баңгизаттарды көзөмөлдөө, финансы полициясы, атайын байланыш кызматындагыларга да тийиштүү.
Ошондой эле 25 календардык жыл жана андан ашык стажы бар, анын жарымын аскер кызматында өткөргөн, 50 жашка толгон эркектер да пенсияга чыга алат.
Алардын эрте чыкканы бир артыкчылык болсо, жакшы суммадагы пенсия чегерилгени экинчи артыкчылык. Аскер кызматына баргандарды кызыктырган негизги стимулдардын бири ушул.
Аскер кызматчыларынын пенсиясынын көлөмү канча экени тууралуу ачык маалыматтар жок. Бирок генералдардын чоң суммадагы пенсиясы жөнүндө маалыматтар анда-санда чыга калып жүрөт.
Аскер кызматчыларына пенсия Социалдык фонддун каражаттарынан эмес, республикалык бюджеттен өзүнчө төлөнөт.
Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев аскер кызматчыларынын пенсиясына байланыштуу алардын эч кандай планы, долбоору жок экенин Би-Би-Сиге билдирди. Талкуу жараткан маселе парламенттик угуу убагында айтылган расмий эмес анчейин гана ой-пикир экенин кошумчалады.
Анын айтымында, Социалдык фонд аскер кызматчыларынын пенсиясынын саясатын жүргүзбөйт жана республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатты гана таратып берет. Пенсия алган аскер кызматчыларынын саны 23 миң. Аларга жыл сайын республикалык бюджеттен 4 миллиард сом каралат.
Аскер кызматчыларына пенсия кантип эсептелет?
Көп кызмат өтөгөндүгү үчүн пенсиялардын өлчөмү 20 жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине “акчалай каражаттардын тиешелүү суммасынын 55 проценти, ал эми курагына же оорусуна байланыштуу отставкага кеткендерге 60 проценти” деп жазылган мыйзамда.
20 жылдан ашык кызмат өтөгөн ар бир жыл үчүн акчалай каражаттардын тиешелүү суммасынын 3 проценти эсептелет, бирок бардыгы бул суммалардын 80 процентинен ашык болбоого тийиш.
Бул жерде "тиешелүү сумма" дегени аскер кызматчысы алып жаткан эмгек акынын көлөмү. Ошол себептүү ар бир аскер кызматчысынын пенсиясы ар башка болуп чыгышы мүмкүн.
Мисалы, чек арада кызмат кылган офицер болсо, анын иштеген жылдары календарлык күн менен эсептелип, бир жылы бир жарым жылга эсептелет.
"Ар биринин өзүнө тийиштүү сумма болот. Кээ бирөөнүкү 50%, кээ бирөөнүкү 60% болуп эсептелет. Кээ бирөө 20 жылдан ашык иштеп, керек болсо 30 жыл иштеп кеткендер болот армияда. Алардыкы 80% болуп чыгат. Ар кимдики ар түрдүү болот. Мен он эки жыл же жыйырма жыл менен эле кетип калсам, өзүнчө пайыз, башкасыныкы башкача пайыз менен эсептелет",-деди Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Асель.












