Кыргызстан Борбордук Азиядагы эң чоң балык өлкөсү боло алабы?
Кубат Чекиров, Бишкек, Би-Би-Си
Кыргызстанда балык чарбасын масштабдуу өнөр жайга айлантып, бүтүн Борбор Азия боюнча ири экспортерго айлантабыз деген азаматтар чыгууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мен Рустам менен Билим берүү министрлигинен жолугуп тааныштым. Ал бизнес өнөгү Майрамбек менен чогуу келди. Бул жакка Токтогулдагы кесиптик лицейде ихтиолог адистерди даярдоо сунушу менен келиптир. Көрсө, анын максаты абдан чоң экен. Кыргызстанда балык чарбасын масштабдуу өнөр жай деңгээлинде өнүктүрүп, бүтүн региондогу ири экспортерго айлантуу экен.
Бул үчүн, албетте, ошол ишти көтөрүп алдыга алып кете турган кесипкөй адистер керек. Кыргыздар эзелтен мал багып келаткан эл эмеспи, ошондуктан мал чарба адистерин даярдап келатат. Бирок Кыргызстанда балык өстүргөн адистер абдан керек болот деп көпчүлүк ойлобосо да керек.
"Балыктын жемин чыгара турган өзүбүздүн заводубуз курулуп бүттү. Эксклюзив жер, Европадан күчтүүлүк кылат. Сапаты өтө жакшы - экологиялык. Андан тышкары, Кочкордо инкубациялык цех салынып атат. Кыргызстанга бир жылдан кийин икра алып келбей калабыз. Биздин фирма толугу менен бүт өлкөнү камсыз кылат",-деп сөзүн баштады Рустам.

Анын айтымында, балыкты чоңойтуп өстүрүү боюнча Токтогулда көп иш болуп жатат. Торкенде беш гектар жер трансформация болуптур.
Балык өстүрүүнүн эң жакшы ыкмаларынын бири – индустриалдык, короо-короо кылып багуу. Кыргызстандын климаты жана анын суу ресурстары балыкты көп санда өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
"Ошол жерге икраларды алып барып даярдайбыз. Аларды жакшы сакталыш үчүн вакцинация кылабыз, андан кийин Токтогул суу сактагычында садковый линияларга салынат. Мамлекет менен макулдашуунун негизинде "Токтогул" балык чарбасы менен биздин жана илимдер академиясынын биргелешкен келишиминин негизинде элүү садок койгонго улуксатыбыз бар",-деп маектешибиз балык өстүрүүнүн өндүрүштүк циклдарын айтып берип отурду.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок ушунча мээнет кылып балык өстүргөн менен аны оорутуп албай карай турган адистер жок экен Кыргызстанда. Түркиядан беш миң доллар акча төлөп бир ихтиолог адисти чакырып, ошол карап жатат дейт.
"Бизге жок дегенде балыкты өстүрүүчү деген кесипке даярдаш керек болуп жатат. Мына азыр кесиптик-техникалык окуу жайына барган балдар үч жылдан кийин бүтүп чыгышат. Биз ал кезде өтө чоң масштабга кетип калабыз. Ошондуктан эки ишти көздөп атабыз. Балдарды топтоп бир жерге окутсакпы деп атабыз. Материалдык базасын өзүбүз түзөбүз. Тамак-ашын белендейбиз. Сүйлөшсөк норматив боюнча бир топто 25 бала болуш керек экен. Биз эми бир группа түзөлү, бирок 40 балага жатакана даярдап берели деп атабыз".
Келерки жылдардын планында 200 баланы окутуп, аларды жалаң элек балык адиси эмес, башка дагы кесиптерге окутуп үйрөтүү ойлору бар.
Билим берүү министрлиги Рустамдын сунушун дароо колдоого алып, Токтогулдагы кесипчилик окуу жайынын базасында ихтиолог адистерди даярдоону баштоого уруксат берүүнү лицензиялык бөлүмгө тапшырма берди. Буюрса, бул иш жаңы окуу жылынан башталып калат.
"Чет өлкөдөн эксперттерди чакырып, Токтогул суу сактагычындагы гана суу ресурстарын анализ кылып, биз пландаган долбоорду ишке ашыра турган болсок, беш жылдын ичинде эле Кыргызстан Борбордук Азиядагы эң чоң балык мамлекетине айланат",-дейт Рустамдын бизнес өнөгү Майрамбек. - Ошондо беш жыл ичинде биз кеминде 50 миң тонна балык өстүрөбүз деп турабыз. Ал эми эгерде бүтүндөй Кыргызстандын ресурсун ала турган болсок, дүйнөдө бизге тең келе турган аналог жок болот".
Ал эми Рустамдын айтымында, балык чарбаларында азыркы жаңы ноу-хауларды колдонуу менен дүркүрөп өнүккөн өндүрүш түзсө болот.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Айрым статистикалык маалыматтарга келсек, 2010-жылы Кыргызстандагы балык чарбасы өндүргөн продукция 43 млн сом болсо, 2021-жылы 938 млн сомго жеткен. Эксперттер баамында, соңку он жылда балык чарбасы 25 эсе көбөйдү.
Кыргызстандын балык чарба ассоциациясынын президенти Ренат Досаев бир топ жылдан бери Күрп-Сай суу сактагычындагы балык чарба уюштуруп форель өстүрүп, жылына 1,2 млн тонна чыгарууда. Азыр аны беш миң тоннага чыгаруунун камында жүрөт. Балык чарбада 50 адам иштейт, сезондо 100 чыгат.
Балыктын этинен ар түрдүү азыктарды, чала фабрикаттарды даярдайт.
Анын балык продукциясы Россияга жана Казакстанга экспорттолууда.
Токтогул суу сактагычынын аянты чоң, бул жакта тонналаган балык өстүрсө болот. Кара икраны 10-20 тонна чыгарса болот дешет.
Эгерде иш башталганда анын балык чарбасы 305 тонна чыгарса, азыр өндүрүштүк көрсөткүч он миң тоннага жетти.








