Облустук гезиттердин тагдыры кылдын учунда

Талас байрагы

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм, жаштар саясаты министрлиги облустук гезиттерди жоюу жөнүндө Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду. Ошентип өткөн кылымда согуш жылдарында да чыгып келген облустук гезиттер биротоло жабылуу алдында турат.

Облустук гезиттердин алды өткөн кылымдагы согуш жылдарынан бери чыгып келатат

Сүрөттүн булагы, foto.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Облустук гезиттердин алды өткөн кылымдагы согуш жылдарынан бери чыгып келатат

Талкууга коюлган токтом долбоорунда облустук гезиттердин редакцияларын жоюнун себеби, негизи көрсөтүлгөн эмес.

Кеп баардыгы он эки гезиттин редакциясы жөнүндө болуп жатат. Бул "Баткен таңы", "Ош жаңырыгы", "Уш Садоси", "Эхо Оша", "Акыйкат", "Талас байрагы", "Теңир-Тоо", "Чүй баяны" жана "Ысык-Көл кабарлары" гезиттери.

Булардын алды жыйырманчы кылымда согуш жылдарында негизделип чыгып баштаган. Нарын областындагы газета "Нарын правдасы", "Ысык-Көл областында "Ысык-Көл правдасы" деген ат менен чыгып келген. Эгемендик доорунда алардын аттары өзгөргөн. Чүй областы менен Баткен областы жаңы уюшулганына байланыштуу областтык гезиттер жаңыдан ачылган.

Бир топ жыл мурун Маданият жана маалымат министрлиги облустук гезиттерди облустук телерадиокомпаниялар менен кошуп, ар бир областта бирден медиа борбор түзүлгөн. Анын максаты мамлекеттик маалымат каражаттарында бирдиктүү маалымат саясатын жүргүзүү жана санариптештирүү болгон. Бирок телерадиокомпаниялар менен гезиттердин оту күйүшпөй, гезитчи журналисттер медиа борбордо гезит каралбай калды деп Бишкекке көп арызданышты.

Ошондон кийин Маданият министрлиги аларды кайра ажыраштырып бөлүп салууга аргасыз болгон эле. Бирок баш редакторлордун баары бошотулуп, ордуна жаңылары дайындалган. Мында дагы кызматтан бошогон баш редакторлордун айрымдары нааразы болуп президентке чейин кат жазышты. Облустук гезиттердин редакцияларын жоюу жөнүндө токтом долбоору ошондон кийин болуп жаткан иш.

"Булар актуалдуулугун жоготуп атат. Биз буга чейин бир чоң реформа кылып, облустук телерадиокомпаниялар менен гезиттерди бириктирип, областтык медиа борборлорду түзгөнбүз. Улуттук телерадио боюнча мыйзам кабыл алынгандан кийин медиа борборлор жабылууда. Облустук гезиттер кайра түзүлдү. Ошонун негизинде облустук гезиттерди жабуу боюнча тапшырма берилди. Биз токтом долбоорун даярдап коомдук талкууга койдук. Келген сунуштарды карап чечим кабыл алабыз",-деди министрликтин өкүлү Бектур Ибрагимов.

Облустук гезиттердин сапатына министрлик тараптан көп дооматтар айтылып келди. Атап айтканда, заманбап контент жаратуунун ордуна Интернеттен көчүргөн же коомдук актуалдуу эмес маалыматтар менен гезитти толтуруп, санарип мультимедиялык ыкмаларга көчүүдө кашаңдык кылып, эски советтик журналистиканын салттарынан арыла албай жаткан кемчиликтери жөнүндө сөз болууда.

"Окурмандарга оор сокку"

Кенже Бөдөшова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кенже Бөдөшова "Талас байрагы" гезитинде корректорлуктан баштап, жакында эле баш редактор болуп дайындалган.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул кабар Талас облустук "Талас байрагы" гезитинин баш редактору Кенже Бөдөшова үчүн жаңылык болгон жок. Ал өзү февралдын башында эле дайындалган экен. Андан бери министрликтеги болуп жаткан сөздүн чет бучкагын кулагы чалып жүргөн.

"Бул жергиликтүү окурмандарга оор сокку болот. Биринчиден биз биринчи жарым жылдыкка жазылуу кылып койгонбуз. Экинчиден, биздин өзүбүздүн туруктуу окурмандарыбыз бар. Үчүнчүдөн мамлекеттин саясатын аймактарга, алыскы айылдарга жеткирүү милдети мойнубузда. Аймактарда областтык эле газеталар калды. Булар жабылса, медиа айдыңында тарыхый бир чоң окуя болот",-деди Кенде Бөдөшова.

"Талас байрагы" гезитинде баардыгы 19 адам иштейт. Жакында эле редакцияга бир жеңил автоунаа беришкен. Маданият министри жыл башында облустук гезиттердин жаңы дайындалган баш редакторлору менен жолугуп, жаңыча иштөө жөнүндө талап койгон экен.

Облустук басылмалардын сапатына айтылып жаткан сын-дооматтардын чындыгы бар дейт Кенже. Бирок аны жоюп жиберүү туура эмес, анын ордуна колдоп жаңы жолго салып өнүктүрүү керек дейт.

"Биз деле алардын талабына ылайык аракеттерди баштаганбыз. Азыр медиа океанда сүзүү өтө татаал. Бир жаңылык бир секундда эскирет. Биз жаңылыктарды ыкчам чыгара албасак дагы маани-маңызын түшүндүрүү жагынан алда канча эле алдыдабыз деп ойлойм".

"Өзүнүн маанисин жоготуп койду"

Абдыжапар Эгембердиев "Ысык-Көл кабарлары" гезитин көп жыл жетектеп иштеп жүрүп, жакында эле бошогон.

Сүрөттүн булагы, Social media

Кыргыз эл акыны Абдыжапар Эгембердиев "Ысык-Көл кабарлары" гезитин көп жыл жетектеп иштеп жүрүп, жакында эле бошогон.

"Облустук гезиттер көп жылдар бою элдин калың катмарына жеткен, өз милдеттерин жооптуу аткарган, өлкөнүн саясий турмушунда өз орду бар басылмалар эле. Айрымдары 80-85 жылдан бери чыгып келатат. Маданият министрлиги реформа жасайбыз деген шылтоо менен калыптанып калган системаны бузуп салды. Кадр маселесинде, басма сөздү ырааттуу өнүктүрүүдө, аны заманбап техника менен жабдууда көп кемчиликтер кетти. Ошол себептүү облустук гезиттер милдеттерин толук аткара албай калды. Өзүнүн маанисин жоготуп койду, чаржайыт эле бир оокат болуп калды",-деди А. Эгембердиев Би-Би-Сиге.

Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанда да маалымат концентрациясы социалдык сайттарга көчүп, жаңы медиа катуу өнүгүп жаткан шартта салттуу маалымат каражаттары четке сүрүлүп, четинен жабылууда. Бишкекте ондогон жылдар бою чыгып келген орус тилдүү "Дело №", "Вечерний Бишкек" гезиттери басма түрүндө чыкпай калды.

Кыргыз тилинде аз нускада чыккан жеке менчик гезиттердин көбү рыноктон өзүнүн ордун таба албай, күркөлөрдөн көрүнбөй калды, айрымдары анда санда чыгып жатат.

Өкмөттүк "Кыргыз Туусу", "Эркин-Тоо" гезиттери гана үзбөй чыгып келатат, бирок алардын деле нускасы аз, каржылык мүмкүнчүлүгү өп-чап. "Жыл мыктысы", "Кыраан кыздар" сыяктуу наам-сыйлыктарды таратып сатуу менен пайда таап отуруп калды.