Борбор Азия: Москва менен Батыштын ортосундагы оюндар

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

2023-жылы Украинада согуш оту алоолонуп, Батыш менен Москванын санкциялык эрегиши күчөгөн шартта Борбор Азиянын геосаясий мааниси жана кадыры өстү. Батыштын лидерлери биринин артынан бири бул региондун президенттерин чакырып, бооруна тартып баштады. Ошол эле убакта Түркия менен Кытай да Борбор Азияны өзүнүн орбитасына тартуу саясатын активдүү жүргүзүп келатат.

Батыштын жаңы стратегиясы

Байден менен Жапаров

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ президенти Байден сентябрда Нью-Йоркто Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолукту

2023-жылы Борбор Азия лидерлерин озунуп биринчи чакырган Кытай болду. Борбор Азия лидерлери менен Си Цзинпиндин жолугушуусу 18-19-майда Сиань шаарында өттү.

Андан кийин Европа кеңешинин президенти менен БА өлкөлөрүнүн лидерлери июнь айында Чолпон-Атада жолугушту. 5+1 форматында жолугушуу сентябрда Вашингтондо Байден менен, Берлинде Шольц менен болду.

Жаңырган жылда бул региондун президенттерин өзүнчө саммитке Токио чакырган жатат.

Сентябрда Берлинде Германия менен Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн башчылары жолугуп жыйын курду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сентябрда Берлинде Германия менен Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн башчылары жолугуп жыйын курду.

Француз лидери Эммануиль Макрон октябрда Астана менен Ташкентке барган сапарында экономикалык байланыштарды күчөтүүгө орчундуу көңүл бурду. Макрон менен Токаев экология, атомдук энергетика, өнөр жай жана айыл чарбасындагы кызматташтыкты бекемдөөнү макулдашты. Ошондой эле саламаттык сактоо, жогорку билим жана туризм тармагында да алака-катыш кылуу жагы белгиленди.

Ташкенттеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Макрон менен Мирзиеёв француз компанияларынын инвестициясын көбөйтүү жана коргоо боюнча өкмөт аралык келишим түзүштү. Өзбекстанда отуздай француз компаниясы иштеп жатканы жарыя болду.

AFP агенттиги Елисей сарайындагы өзүнүн булагына таянып, Макрондун Борбор Азияга сапары АКШ, Евробиримдик, Кытай жана Түркиянын таасири күчөп жаткан региондо өзүнүн позициясын жоготуп албоонун камындагы иш экенин билдирди. Ал эми Bloomberg дагы өзүнүн булактарына таянып, Макрондун сапарынын эки максатын - энергетикалык коопсуздукту бекемдөө жана "мурдагы советтик республикалардын Россияга көз карандылыктан чыгуу аракети" деп атады.

Макрон Мирзиёев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эмманиуль Макрон менен Шафкат Мирзиёев, Самарканд 20023-жыл
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстандык эксперт Денис Бердаковдун пикиринде жазында Борбор Азия менен Кытайдын саммити өткөндөн кийин Батыш дагы бул региондо стратегиясын өзгөртүп баштады.

"Батышта Борбордук Азия менен карым-катыштын сапаттык жаңы парадигмасын киргизүү керектигин түшүнүштү. Бул парадигмага карасак, биринчиден, БА лидерлеринин Нью-Йоркто Байден менен жолугушуусунда адам укуктарынын, этникалык азчылыктардын укуктарынын сакталышы ж.б. жөнүндө талаптар болгон жок. Экинчиден, жашыл экономикага өзгөчө көңүл бурулууда. Аны өнүктүрүүгө гранттар жана арзан кредиттер менен кеңири каржылоо жүрүүдө. Үчүнчүдөн, Борбор Азияга тоо-кен байлыктарын казууга немис, жапон, түштүк кореялык, канадалык, британдык жана америкалык компаниялар көп келген жатат",-деп жазды Денис Бердаков өзүнүн Телеграм-каналында.

“Кытай фактору Американы кооптондурат. Бешөөнү чогуусу менен же кайсы бирин Россиянын орбитасынан чыгарып алуу аларды Бээжиндин кучагына киргизүү тенденциясын дароо жаратат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында Блинкендин 5 мамлекетке 25 миллион доллар жардамына басым жасашты. А чындыгында бул бүркүмгө арзыбаган чака тыйын. Маселе башкада. Америкалык дипломат Борбор Азия мамлекеттерине жетиштүү белгилерди берип, тыштагыларга түшүнүктүү ишарат жасады. Блинкен” Борбор Азия + АКШ” дипломатиялык жолугушуусуна “Борбор Азия өлкөлөрүнүн көз карандысыздыгын, коопсуздугун жана аймактык биримдигин сактоого багытталган” аракеттер катары мүнөздөмө берди. Ишараты ушул, тыштагыларга Борбор Азия Американын кызыкчылыктар алкагына кире турганын, кайдыгер карабастыгын, аларга каршы иштерге адекваттуу жооп болорун кыйытты”, - дейт коомдук ишмер, серепчи Алмаз Окин.

"Бул жакта тарыхый жолубуз бар"

Розенберг жана Лавров

Француз лидери Казакстанга келип кеткенден кийин бир аптадан кийин эле Астанага Путин расмий сапар менен келди. Эки лидер экономикалык кызматташтыкка басым жасап, эл аралык саясаттын чырлуу маселелерин ачыкташкан жок, балким, өзүнчө жабык сүйлөшкөн болушу мүмкүн.

Астана Батыштын Россияга санкциялык талаптарын аткарарын ачык эле айтып, Кремлди кыжаалат кылган билдирүүлөрдү жасап келатат. Мындай күңкүл кептердин чекеси Эммануил Макрондун сапарынан кийин да элге угулуп калды.

Макрондун Казакстандын кандайдыр бир державалардын вассалы болуудан баш тарткан ниетин колдой турганын билдирген сөзүнө ансыз деле кызганыч менен карап турган Москва теригип үн катты.

«Евробиримдик бизди Борбор Азиядан, Кавказдын ары жагынан сүрүп чыгаруу ниетин ачык эле көрсөтүүдө. Бул ишке ашпайт. Бул жакта тарыхый жолубуз бар, эч жакка кетпейбиз. Биздин өнөктөштөр да, союздаштар да муну сопсонун билет",- деди Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Россия" каналындагы маегинде.

Россия Борбордук Азия өлкөлөрүнүн саясий, экономикалык жана аскердик союздашы. Экинчиден бул региондогу эмгек миграциясынын негизги багыты да Россия. Ошондуктан Москванын тышкы саясатын караган министрдин билдирүүсү реалдуу кырдаалдан келип чыккан сөз,-дейт Бишкектеги "Ой-Ордо" эксперттер клубунун башчысы Игорь Шестаков.

"Лавровдун билдирүүсү сенсация деле эмес. 2022-жылдан кийин Россия мамлекеттерди дос жана каска бөлдү. Борбордук Азия регионун алсак, ал дос мамлекеттердин катарына кирет. Демек өзгөчө стратегиялык мааниси бар. Ошондуктан Лавровдун позициясы ушул аспектиден чыгууда. Биздин региондогу мамлекеттер үчүн эгемендикке жеткенден кийин да Россия таасири жагынан эң башкы өлкө катары туруктуу болуп келатат. Азыр АКШ, Евробиримдик, Россиянын ортосунда бул регион үчүн күрөш, албетте, курчуйт. Бирок экинчи жагынан экономикалык көрсөткүчтү алып көрсөк, өткөн жылы БА менен Россиянын ортосунда товар жүгүртүү рекорддук деңгээлге чыкты".

Ал эми Россиянын тарыхый жолуна келсек, анын Борбор Азияны 19-кылымда колониялык, экспансиялык жол менен каратып алганы белгилүү. Андан кийин СССРдин курамында бирге болгон менен Москванын үстөмдүгү менен жашады. Ошол себептен Россия Борбор Азияны өзүнүн таасириндеги аймак катары эсептейт.

Бирок бул жүйө азыр жаңы кырдаалга канчалык жарактуу жооп боло алат? Азыркы реалдуулук менен эсептешпей жаткан жокпу деген да суроолор да чыкпай койбойт.

"Азыркы убакта постсоветтик мейкиндикте көп өзгөрүүлөр, кайра түзүүлөр болуп жаткан мындай шартта, ачык айтканда мурдагы тарыхый жолу сыяктуу нарративдер иштебей калышы мүмкүн",-дейт Алматыдагы саясий эксперт Айдар Амребаев.

"Тарыхый деген негизге таянсак, бул жакта монголдор да болгон, эми анда Монголия менен союз түзмөк белек? Жок. Тарыхый негиздеме менен эл аралык саясий аналитиканы жүргүзүү адвекваттуу эмес саясатка алып келүүдө. Путиндин Крым маселесинде тарыхты бетке кармашы, бул анын катасы болду, ошонун айынан ал постсоветтик мейкиндикте өзүнүн тарыхый кадыр-баркынан кетип жатат".

Көп векторлуу саясат

Евробиримдиктин Борбор Азияда чоң кызыкчылыгы бар, анткени Борбор Азиянын стратегиялык географиялык орду чоң жана Европа менен Азиянын ортосундагы кызматташтыкта орчундуу роль ойнойт, потенциалдуу энергетикалык ресурстары бар. Ошондой эле Афганистандагы окуялардын контекстинде регионалдык коопсуздукту камсыз кылууда бул региондун мааниси чоң.

Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык мамилелерди түзгөнүнө 30 жылдан ашты. Эки региондун алакасы 1990-жылдардан тартып кеңейе баштаган. 2007-жылы Евробиримдик Борбор Азия боюнча биринчи стратегиясын, 2019-жылы жаңы стратегиясын кабыл алды. Анда бул региондун Евробиримдик үчүн стратегиялык маанисине басым жасалган.

“Евробиримдиктин стратегиясы - Борбордук Азиянын туруктуу, гүлдөгөн жана кызматташтыкка даяр регион катары өнүгүшүнө жардам берүү”,-деп айтылат Евробиримдиктин расмий сайтындагы маалыматта.

Украинада согуш башталганы Евробиримдиктен Кыргызстанга товар ташуу 300% өстү. Бирок, Евробиримдик эл аралык санкцияларга кабылган Россияга Кыргызстан жана региондогу башка өлкөлөр көмүскө жол менен товар ташып жатабы деп шектенүүдө.

Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан жазында чаап келип, бир катар тынчсызданган билдирүүлөрдү жасап кетти.

Анын соңунан Кыргызстанга Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид келип кеткен эле.

Евробиримдик Россияга жардам берип аткан үчүнчү өлкөлөргө дагы санкция саларын Евробиримдиктин төрагасы Шарль Мишель Чолпон-Атадагы саммитте сүйлөгөн сөзүндө да учкай айта кеткен.

Анткени, Европадан Кыргызстанга өтө көп өлчөмдө ташылып баштаган товарлардын көп түрүн согушта колдонуу ыктымалдыгы бар.

Бирок Евробиримдиктеги өлкөлөр бул регионго кысым көрсөтүүнүн ордуна бооруна тартып, колго алуу стратегиясын тандагандай.

Мисалы, көп жылдан бери Россиянын шаарларына агылган кыргызстандыктар үчүн маршрут эми батыш өлкөлөрүнө карай өзгөрүүдө.

Борбордук Азия өлкөлөрү өзүнүн башкы саясий, аскердик жана экономикалык союздашы болгон Москванын маанайын карап иш кылбаса болбойт. Ошол эле убакта Батыш менен болгон мамиленин да бузулушун каалабайт.

"Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өзүнүн улуттук кызыкчылыктары бар. Ошондуктан улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен тышкы саясатын жүргүзүп, Евробиримдик менен кызматташтык жүргүзүүгө умтулуп келишүүдө. Алар Россия менен бир аскердик уюмда болгон менен экономикалык кызыкчылыктары биринчи кезекте",- дейт эл аралык мамилелер боюнча адис Сыймык Эдилбек уулу.

Түрк мамлекеттеринин союзу жана стратегиясы

Бул жылы түркий мамлекеттердин интеграциясын чыңдоо саясаты да ырааттуу уланды.

Түрк мамлекеттер Уюмунун 3-ноябрда Астанада өткөн саммитинде саясат, эл аралык маселелер, экономика, коопсуздук, маданият, космос, өзгөчө кырдаал ж.б. маселелер каралып, Астана акты кабыл алынды.

Түрк мамлекеттер уюму

Сүрөттүн булагы, Акорда

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Астанада 3-ноябрда Түркий мамлекеттер уюмунун онунчу саммити болду

Мурдакы саммитте Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев түрк цивилизациясын модернизация кылууга чакырып сүйлөгөн. Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв биригүүнүн жаңы этабы жөнүндө айтканы бар. Ошондой эле Азербайжанга Тоолуу Карабак үчүн Армения менен болгон согушта Түркиянын көмөгү чоң болду. Түрк мамлекеттеринин ортосундагы биригүү, жакындашуу процесси барган сайын күч алып баратканы кашкайган факт деди Бишкек мамлекеттик университетинин профессору Тилектеш Ишемкулов.

“Түрк элдеринин ынтымагын, кызматташтыгын чыңдашыбыз керек деп эле абдан катуу аракеттер болуп жатат. Мисалы Эрдоган дайыма Азербайжанга барып атат. Ал Азербайжанга армяндар менен кармашта өзүнүн “Байрактар” деген учкучу жок башкарылган учактары менен жардам берди. Майда, чачыранды элдер кандайдыр бир идеологиянын алдына баш коюп, кадам шилтесек деген пикирлер азыр көбүрөөк. Ошондуктан булар азбы, көппү, башкачабы, айтор түрк калктарына бир кылка жардам беришибиз керек, моралдык жактан да материалдык жактан да көп колдошубуз керек деген сөз кийинки убакта көп чыгып атат. Мындай кадамдар аз-аздан болсо дагы көзгө көрүнүп калды”.

2024-2025-жылы уюмга төрагалык Кыргызстанга өтөт. Ал эми азыркы учурда уюмдун баш катчылыгын Кыргызстандын өкүлү башкарууда. Баш катчылык ар төрт жылда алмашып турат.

"Дал ушул эки мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Кыргызстан аймагына уюмдун бир институтун куруп калуу керек. Кийинки төрагалык дагы 20-30 жылда келет",-дейт эксперт Алмаз Кулматов.

Кыргызстан президенти жаңырган жылы уюмдун санариптик форумун Бишкекте өткөрүүнү, 2025-жылы түрк дүйнөсүн туристтик борбор деп жарыялоону сунуштады.