"Бул жакта тарыхый жолубуз бар". Москва Борбор Азиядан кетпей турганын билдирди

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Путин Астанага расмий сапары, 9-ноябрь 2023-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин Астанага расмий сапары, 9-ноябрь 2023-жыл

Франция президенти Эммануиль Макрондун ноябрдын башында Казакстан менен Өзбекстанга расмий сапары Борбор Азия үчүн геосаясий кызыкчылык күчөгөн контекстте көп талкууга алынууда. Москва Россиянын Борбор Азиядан сүрүп чыгаруу аракеттери күчөгөнүн ачык эле айтып, андан эчтеке чыкпайт деген шекилде үн катты.

Макрон менен Токаев Астанадагы маданий көргөзмөнү көрүү убагында кол алышууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Макрон менен Токаев Астанадагы маданий көргөзмөнү көрүү убагында кол алышууда

Француз лидери Казакстанга келип кеткенден кийин бир аптадан кийин эле Путин расмий сапар менен келди. Эки лидер экономикалык кызматташтыкка басым жасап, эл аралык саясаттын чырлуу маселелерин ачыкташкан жок, балким, өзүнчө жабык сүйлөшкөн болушу мүмкүн. Астана Батыштын Россияга санкциялык талаптарын аткарарын ачык эле айтып, Кремлди кыжаалат кылган билдирүүлөрдү жасап келатат. Мындай күңкүл кептердин чекеси Эммануил Макрондун сапарынан кийин да элге угулуп калды.

Макрондун Казакстандын кандайдыр бир державалардын вассалы болуудан баш тарткан ниетин колдой турганын билдирген сөзүнө ансыз деле кызганыч менен карап турган Москва теригип үн катты.

«Евробиримдик бизди Борбор Азиядан, Кавказдын ары жагынан сүрүп чыгаруу ниетин ачык эле көрсөтүүдө. Бул ишке ашпайт. Бул жакта тарыхый жолубуз бар, эч жакка кетпейбиз. Биздин өнөктөштөр да, союздаштар да муну сопсонун билет",- деди Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Россия" каналындагы маегинде.

Россия Борбордук Азия өлкөлөрүнүн саясий, экономикалык жана аскердик союздашы. Экинчиден бул региондогу эмгек миграциясынын негизги багыты да Россия. Ошондуктан Москванын тышкы саясатын караган министрдин билдирүүсү реалдуу кырдаалдан келип чыккан сөз,-дейт Бишкектеги "Ой-Ордо" эксперттер клубунун башчысы Игорь Шестаков.

"Лавровдун билдирүүсү сенсация деле эмес. 2022-жылдан кийин Россия мамлекеттерди дос жана каска бөлдү. Борбордук Азия регионун алсак, ал дос мамлекеттердин катарына кирет. Демек өзгөчө стратегиялык мааниси бар. Ошондуктан Лавровдун позициясы ушул аспектиден чыгууда. Биздин региондогу мамлекеттер үчүн эгемендикке жеткенден кийин да Россия таасири жагынан эң башкы өлкө катары туруктуу болуп келатат. Азыр АКШ, Евробиримдик, Россиянын ортосунда бул регион үчүн күрөш, албетте, курчуйт. Бирок экинчи жагынан экономикалык көрсөткүчтү алып көрсөк, өткөн жылы БА менен Россиянын ортосунда товар жүгүртүү рекорддук деңгээлге чыкты".

Ал эми Россиянын тарыхый жолуна келсек, анын Борбор Азияны 19-кылымда колониялык, экспансиялык жол менен каратып алганы белгилүү. Андан кийин СССРдин курамында бирге болгон менен Москванын үстөмдүгү менен жашады. Ошол себептен Россия Борбор Азияны өзүнүн таасириндеги аймак катары эсептейт.

Бирок бул жүйө азыр жаңы кырдаалга канчалык жарактуу жооп боло алат? Азыркы реалдуулук менен эсептешпей жаткан жокпу деген да суроолор да чыкпай койбойт.

"Азыркы убакта постсоветтик мейкиндикте көп өзгөрүүлөр, кайра түзүүлөр болуп жаткан мындай шартта, ачык айтканда мурдагы тарыхый жолу сыяктуу нарративдер иштебей калышы мүмкүн",-дейт Алматыдагы саясий эксперт Айдар Амребаев.

"Тарыхый деген негизге таянсак, бул жакта монголдор да болгон, эми анда Монголия менен союз түзмөк белек? Жок. Тарыхый негиздеме менен эл аралык саясий аналитиканы жүргүзүү адвекваттуу эмес саясатка алып келүүдө. Путиндин Крым маселесинде тарыхты бетке кармашы, бул анын катасы болду, ошонун айынан ал постсоветтик мейкиндикте өзүнүн тарыхый кадыр-баркынан кетип жатат".

Батыштын жаңы стратегиясы

Макрон менен Мирзиеёв Самаркандда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Макрон менен Мирзиеёв Самаркандда
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Француз лидери Астана менен Ташкентке барган сапарында экономикалык байланыштарды күчөтүүгө орчундуу көңүл бурду. Макрон менен Токаев экология, атомдук энергетика, өнөр жай жана айыл чарбасындагы кызматташтыкты бекемдөөнү макулдашты. Ошондой эле саламаттык сактоо, жогорку билим жана туризм тармагында да алака-катыш кылуу жагы белгиленди.

Ташкенттеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Макрон менен Мирзиеёв француз компанияларынын инвестициясын көбөйтүү жана коргоо боюнча өкмөт аралык келишим түзүштү. Өзбекстанда отуздай француз компаниясы иштеп жатканы жарыя болду.

AFP агенттиги Елисей сарайындагы өзүнүн булагына таянып, Макрондун Борбор Азияга сапары АКШ, Евробиримдик, Кытай жана Түркиянын таасири күчөп жаткан региондо өзүнүн позициясын жоготуп албоонун камындагы иш экенин билдирди. Ал эми Bloomberg дагы өзүнүн булактарына таянып, Макрондун сапарынын эки максатын - энергетикалык коопсуздукту бекемдөө жана "мурдагы советтик республикалардын Россияга көз карандылыктан чыгуу аракети" деп атады.

Байкоочулар бул сапарды кубаттуу өлкөлөрдүн Борбор Азиядагы кызыкчылыгы күчөгөн оюндардын уландысы катары карашууда. Украинада согуштан улам Батыш менен Москванын санкциялык эрегиши күчөгөн шартта Борбор Азиянын кадыры өстү. Батыш өлкөлөрү бир жагынан, Кытай экинчи жагынан бул регионду бооруна тартууда.

Европа кеңешинин президенти менен БА өлкөлөрүнүн лидерлери июнь айында эле Чолпон-Атада жолугушкан. Сентябрда Берлинде Германия менен Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн башчылары жолугуп жыйын курду. Андан мурда бул региондун лидерлери Вашингтондо 5+1 форматында Байден менен жолугушту.

Кыргызстандык эксперт Денис Бердаковдун пикиринде жазында Бээжинде Борбор Азия менен Кытайдын саммити өткөндөн кийин Батыш дагы бул региондо стратегиясын өзгөртүүгө барууда.

"Батышта Борбордук Азия менен карым-катыштын сапаттык жаңы парадигмасын киргизүү керектигин түшүнүштү. Бул парадигмага карасак, биринчиден, БА лидерлеринин Нью-Йоркто Байден менен жолугушуусунда адам укуктарынын, этникалык азчылыктардын укуктарынын сакталышы ж.б. жөнүндө талаптар болгон жок. Экинчиден, жашыл экономикага өзгөчө көңүл бурулууда. Аны өнүктүрүүгө гранттар жана арзан кредиттер менен кеңири каржылоо жүрүүдө. Үчүнчүдөн, Борбор Азияга тоо-кен байлыктарын казууга немис, жапон, түштүк кореялык, канадалык, британдык жана америкалык компаниялар көп келген жатат",-деп жазды Денис Бердаков өзүнүн Телеграм-каналында.

Көп векторлуу саясат

Борбор Азиядан барган беш президент Берлиндеги саммиттин алдында Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Украинада согуш башталганы Евробиримдиктен Кыргызстанга товар ташуу 300% өстү. Бирок, Евробиримдик эл аралык санкцияларга кабылган Россияга Кыргызстан жана региондогу башка өлкөлөр көмүскө жол менен товар ташып жатабы деп шектенүүдө.

Анткени, Европадан Кыргызстанга өтө көп өлчөмдө ташылып баштаган товарлардын көп түрүн согушта колдонуу ыктымалдыгы бар. Бирок Евробиримдиктеги өлкөлөр бул регионго кысым көрсөтүүнүн ордуна бооруна тартып, колго алуу стратегиясын тандагандай.

Мисалы, Берлиндеги кыргыз элчиси Өмүрбек Текебаев Германияда кеминде 50 миң кыргызстандыкка иш табыларын билдирген.

Көп жылдан бери Россиянын шаарларына агылган кыргызстандыктар үчүн маршрут эми батыш өлкөлөрүнө карай өзгөрүүдө.

Борбордук Азия өлкөлөрү өзүнүн башкы саясий, аскердик жана экономикалык союздашы болгон Москванын маанайын карап иш кылбаса болбойт. Ошол эле убакта Батыш менен болгон мамиленин да бузулушун каалабайт.

"Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өзүнүн улуттук кызыкчылыктары бар. Ошондуктан улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен тышкы саясатын жүргүзүп, Евробиримдик менен кызматташтык жүргүзүүгө умтулуп келишүүдө. Алар Россия менен бир аскердик уюмда болгон менен экономикалык кызыкчылыктары биринчи кезекте",-дейт эл аралык мамилелер боюнча адис Сыймык Эдилбек уулу.

Евробиримдиктин Борбор Азияда чоң кызыкчылыгы бар, анткени Борбор Азиянын стратегиялык географиялык орду бар жана Европа менен Азиянын ортосундагы кызматташтыкта орчундуу роль ойнойт, чоң энергетикалык ресурстары бар. Ошондой эле Афганистандагы окуялардын контекстинде регионалдык коопсуздукту камсыз кылууда бул региондун мааниси чоң.

Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык мамилелерди түзгөнүнө 30 жылдан ашты. Эки региондун алакасы 1990-жылдардан тартып кеңейе баштаган. 2007-жылы Евробиримдик Борбор Азия боюнча биринчи стратегиясын, 2019-жылы жаңы стратегиясын кабыл алды. Анда бул региондун Евробиримдик үчүн стратегиялык маанисине басым жасалган.

“Евробиримдиктин стратегиясы - Борбордук Азиянын туруктуу, гүлдөгөн жана кызматташтыкка даяр регион катары өнүгүшүнө жардам берүү”,-деп айтылат Евробиримдиктин расмий сайтындагы маалыматта. (КС)