Ислам Каримовду биринчи катчы кылган кыргыз

Мирзоалим Ибрагимов Ислам каримов

Папан Дүйшөнбаев, жазуучу жана журналист, Бишкек

Биз билгендерге ылайык, Ислам Каримовдун багынын ачылуусуна теги кыргыз болсо да Өзбекстанда иштеп жүрүп Исхак Раззаков менен Азиз Токтобаевдей карьералык эң чоң бийиктиктерге жетишкен, ошол убакта Өзбек ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы болуп иштеп турган Мырзалим Ибраимовдун салымы аябагандай чоң болгон экен.

Белгисиз биринчи катчы

ислам каримов

Сүрөттүн булагы, adu.uz

1989-жылы июнда компартиянын Кашка-Дарыя обкомунун 1-катчысы Ислам Абдуганиевич Каримовдун Өзбекстандын компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп шайлануусу республикада жашагандардын басымдуу көпчүлүгү үчүн күтүүсүз окуялардан болгон. Анткени, мурда ал партиялык же мамлекеттик чоң кызматтарда болбогондуктан анын ким экенин элдин көпчүлүгү билишкен эмес. Мурдагы советтик мезгилдеги салтка ылайык, республикалардын биринчи жетекчилигине мурда Борбордук Комитетте катчы же өкмөттүн башчысы, эң эле болбоду дегенде ири облустарды жетектеп жүрүп Н.Назарбаев, К.Махкамов, А.Масалиев, С.Ниязов сыяктуу элге кеңири таанылгандар келишсе, Борбордук Азиядагы эң ири республикалык партиялык уюмду жетектөөгө кесипкөй партиялык иштерге аралашканына 2 жыл гана болгон, республикадагы саясый, экономикалык салмагы, таасири жупуну облустун 1-катчысы шайланганы сырттагылар үчүн деле күтүүсүз болгон.

Кыргызда “бирөө өлмөйүнчө, бирөөнүн багы ачылбайт” дегендей, эгерде 1986-1988-жылдарда “пахтанын иши” деген кампанияда республикадагы элге кеңири белгилүү ири жетекчилердин дээрлик баардыгы репрессияланбаганда партиялык иерархиядагы үчүнчү, төртүнчү эшалондогуларга республикалык партиялык уюмду жетектөөгө ХХ кылымда кезек жетмек эмес. Бирок, аны эске алганда деле И.Каримовдун Каршыдан республиканын 1-катчылыгына секирүүсү номенклатуралык логикага сыйышкыс көрүнүш болгон. Анткени, республикада репрессияланбагандардын арасында деле И.Каримовго салыштырганда ири облустарды, тармактарды жетектеген салмактуу, белгилүү фигуралар болгон. Бирок, алардын баардыгынын баштарынан аттап келип И.Каримовдун биринчи жетекчиликке отуруп калуусунун сыры эмнеде?

Биз билгендерге ылайык, Ислам Каримовдун багынын ачылуусуна теги кыргыз болсо да Өзбекстанда иштеп жүрүп Исхак Раззаков менен Азиз Токтобаевдей карьералык эң чоң бийиктиктерге жетишкен, ошол убакта Өзбек ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы болуп иштеп турган Мырзалим Ибраимовдун салымы аябагандай чоң болгон экен.

Мырзалим Ибраимов деген ким?

Мирзоалим Ибрагимов

Сүрөттүн булагы, Википедия

Өз убагында Кудаяр хандын катчы-иш башкаруучусу болуп жүргөн Зиябидин Максымдын 1880-жылдарда жазылып бүтүп, кыргызча 2007-жылы жарыяланган “Фергана хандарынын тарыхы” деген китебинин 97-бетинде Нүзүп баштаган бийлердин Шералыны Коконго такка отургузууга алып бараткан учурун баяндаган жеринде “Андан кийин Арзымат бий бир канча кишилери менен келди.Ал да:- Эй падыша Аалам, кабыл алсаңыз, кызматыңызды кылсак!- деп турду” ( Магзуни (Зиябидин Максым, Фаргана хандарынын тарыхы, Б., 2007-ж., 97-б.) деп жазылат. Ал эми ушул эле китептин 162-163-беттеринде Арзымат бийдин душмандардын баатырларына каршы жекеме-жеке чыгуудагы эрдиктери баяндалат.

Арзымат бий Ала-Бука менен Аксы районуна чектеш аймактагы багыш уруусунун бийи болгон. Айрым жерлерде ал миңбашы болгон, Шералыны такка отургузууда өзгөчө чоң роль ойногон деп да айтылат, бирок анын айныксыз чындык экенин ырастаган тарыхый булактарды жолуктура элекпиз. Ошол убактагы окуялардын көбүнө өзү күбө болгон Зиябидин Максымдын китебинде “бий” деп гана айтылат. Ал жана анын укум-тукумдары тууралуу тарыхый маалыматтар аз эмес, бирок темага тийиштүүсүнө гана токтолсок, Арзымат бийдин экинчи аялынан Маматкул деген төрөлгөн. Маматкулдан- Шайыбек, Кожоназар, Мамыт, Бекназар. Бекназардын кыргыз аялынан – Орунбай, Дос, өзбек аялынан- Ибраим. Ибраимден- Мырзалым, Таштан, Данакан. Ибраимдин кыштоосу Өзбекстандын азыркы Заркент кыштагы, ал эми жайлоосу Ала-Бука районундагы Чанач-Сай тарап болгон, ага Заркенттеги кыштоону Арзымат бийдин дагы бир урпагы Шатман болуш тартуу кылган экен.

Анын карьерасынын башталышы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мырзалим Ибраимов 1928-жылы Наманган облусунун Ала-Бука району менен чектешкен Заркен деген кыштагында туулат, бирок Ферганага окууга тапшырганы барганда берилген документте туулган жери- Фергана шаары болуп жазылып калат. Ал 15 жашынан Заркенттеги мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп, 1948-жылы компартияга мүчө болуп, 1949-жылдан комсомолдук ишке өтөт. Ошол жылы Россиядан ооп келип, айылда токойчу жана тери даярдагыч болуп иштеп жүргөн Абзий деген татар улутундагы адамдын Кадыра деген кызына үйлөнөт. Ошондон баштап анын ташы тездик менен жогору кулай баштайт. Жакындарынын айтымдарында, Кадыра айым Мырзалым агабызды парткомдордон да бекем кармап, дайыма “иште, иште, мындай кыл, андай кыл” деп сүрөп гана турчу экен. Ал 1951-жылы Ферганадагы пединс¬титутту аяктайт. 1952-1958-жылдары Өзбекстан ЛКСМ БКнын катчысы, 1958-жылдын апрелинен 1963-жылдын февралына чейин Өзбекстан ЛКСМ БКнын 1-катчысы болуп иштейт. Ошол убакта Грузиянын ЛКСМ БКсынын 1-катчысы Э.Шеварнадзе, ВЛКСМдын Ставрополь крайкомунун 1-катчысы М.С.Горбачев менен таанышат. Ошондон тартып ал Э.Шеварнадзе менен ынак мамиледе болуп, катташып, курортторго эс алууга, кийин Москвага барганда ага дайыма кайрылып тийип турчу болуп калат.

М.Ибраимов 1963-1964-жылдары Фергана айыл чарба обкомунун 2-катчысы, 1964-1968-жылдары Фергана облаткаруу комитетинин төрагасы, 1968-1973-жылдары Өзбекстандын пахта тазалоо өнөр жай министри болуп иштеп, 1973-жылы партиянын Наманган обкомунун 1-катчысы болуп шайланат. Ошол жылдары эксперимент катары түзүлгөн Пап агроөнөр жай комплексинин иши илгери жүрүшүп, аны жетектеген Ахмаджан Адыловдун ити чөп жеп турган мезгил болот. Пап Агрокомплекси бир нече совхоздордон турган, пахтачылык менен кошо мал чарбасына да адистешкен бирикме болгон экен. Эксперименталдык болгондуктан анын ишин Өзбекстандын ошол убактагы жетекчиси Ш.Рашидов өзү көзөмөлдөп, маселелерин чечип берип турат.

Адылов “Пахтакорго” айдаганда

Мирзоалим Ибрагимов

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Спорт комитетти жетектеп турган убагы

М.Ибраимовдун айтымында, теги кыпчак-кыргыздардан чыккан, аябагандай чоң уюштуруучулук таланты менен айрымаланган Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССР Жогорку Советинин депутаты, партиянын борбордук комитетинин мүчөсү А.Адыловдун бир хоббиси күлүк аттарды таптоо болсо, экинчи хоббиси велосипед тебүү болуптур, ал пахта аянттарын, башка чарбаларын велосипед менен айланып жүргөндү жакшы көрчү экен. Адегенде ал экөөнүн мамилеси жакшы эле болот, бирок Адылов райкомдун 1-катчысын жаш баладай кагып-силкерин, обкомдун кызматкерлерин таптакыр тоготпой, кадр маселелерин өзү эле чечип келатканын билгенден кийин аралары сууй баштайт. Ал жеке өзү Адыловду партиялык тартипке чакырууга аракеттенип да көрөт, бирок андан эч нерсе чыкпайт. Ошентип тиреше баштаган убакта бир ирет Папка барып, Адыловду дагы велосипедчен жүргөн жеринен жолуктуруп “Сизди агрокомплекске жетекчи кылбай эле, спорт комитетине төрага кылсак туура болмок экен” деп тамашалап калат. Ага Адыловдун ачуусу келип “ал спорт комитетке жакында сиз барып, “Пахтакор” стадионунда топ тебесиз” деп жооп берет. Ошондон көп өтпөй эле М.Ибраимовду Ш.Рашидов чакырып республиканын спорт комитетин жетектөөнү сунуштап, “Пахтакор” футболдук клубунун абалына түздөн түз керт башы менен жооп бере турганын айтат.

М.Ибраимов спорт комитетти жетектегенден тартып “Пахтакордун” маселелерине баш оту менен киришет, ал клубдун оюнчулары түгүл техникалык кызматкерлерине чейин таанычу, аты жөндөрүн билчү экен. 1978-жылдан тартып команданын көрсөткүчтөрү кескин жакшырып, эки оюнчусу Союздун курама командасына чакырыла баштайт, ал эми 1979-жылы “Пахтакор” Союздун чемпионатында байгелүү орундардын бирин ээлейт деп турганда команда түшкөн самолет Украинада (августта) катастрофага учурап, негизги жана запастагы оюнчулардын дээрлик баардыгы курман болот. Ошондо республиканын Ш.Рашидов баш болгон жетекчилеринин баардыгы ыйлашыптыр.

М.Ибраимов жаңы команда түзүү, эски команданын жетим-жесирлеринин тиричиликтик маселелерин чечип берүү боюнча аябагандай чоң иштерди аткарат, бирок андан кийин команда баары бир мурдагы деңгээлине жете алган эмес. Ал клубдун оюнчуларынан теги Аксыдан чыккан кыргыз Марат Кабаевди (Алина Кабаеванын атасы) да жакшы билген, жакшы мамиледе болгон. Марат Кабаевдин чоң атасы А.Осмонбеков уюштурган кыргыз атчандар дивизионунун взводунун командири, Күжүрмөн Кызыл Туу ордени менен сыйланган Асанбек Кабаев. М.Кабаевдин атасы Асанбек Кабаевдин биринчи татар аялынан төрөлүп, Өзбекстанда калып калган. М.Ибпаимов ошол убакта Өзбек ССРинин мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басары катары спортко ж.б. кураторлук кылган, өзүндөй шар кеткени, ачык сүйлөгөнү менен айрымаланган Ислам Каримов менен таанышып, ага-инилердей болуп калышат.

М.Ибраимов 1988-жылга чейин Өзбекстандын спорт комитетинин төрагасы болуп иштеп, 1988-жылы 60ка чыкканда Өзбек ССРинин Министрлер Советинин СССР Министрлер Советиндеги өкүлү болуп дайындалып, кайра эле 1989-жылы 6-мартта Өзбек ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы болуп шайланат. Бул рокировкага караганда КПСС БКнын Саясый Бюросунда өмүрүндө чарбалык кызматтарда бир күн да иштебеген, дайыма идеология жаатында, дипломатиялык кызматтарда жүрүп, кырдаалга байланыштуу эле Өзбекстанга 1-катчы болуп шайланып калган Рафик Нышановду башка кызматка жылдырып, анын ордуна М.Ибраимовду сунуш кылуу боюнча план болгону ачык эле байкалып турат. Бирок, ал план Р.Нышанов СССР Жогорку Советинин Улуттар Палатасына төрага болуп шайлангандан кийин өзгөрүп кетет.

Ислам Каримовдун бактысы кантип ачылган?

М.Ибраимовдун биринчи катчылыкка сунушталбай калуусунун бир нече себептери болуптур. Биринчиси, ошол убакта чоң кызматка сунуш кыларда КГБ ал адам жөнүндө болгон маалыматтардын баардыгын жыйнап, саясый бюрого берчү экен. КГБ М.Ибраимовдун таржымалын дагы тереңирээк териштире баштаганда эле анын кыргыз экени билинип калган. Анын үстүнө Кербендеги туугандарынын айтымдарында, Өзбекстанда чоң кызматта иштеп жүргөн учурларында ал өзбекче таптаза сүйлөп баратып эле кыргызча сөздөрдү аралаштырып жибергендиктен Наманган, Нанайдагы тааныш өзбектер “тууганыңар алигиче өзбекче таза сүйлөй албайт, Мырзалим акебиз кайра Кыргызстанга келем деп жүрөт окшойт” деп аския айтып калышчу экен.

Экинчиден, 1988-жылдан тартып саясый бюродо алтымыштан ашкандардын баардыгын кызматтарынан кетирип, ардактуу эс алууга айдоо кампаниясы башталат. Ошол учурда саясый бюронун Г.Алиев, Е.Лигачев, А.Громыко, В.Чебриков, М.Соломенцев сыяктуу ж.б. таасирдүү мүчөлөрүнүн баардыгы “пенсияга чыккандыгына байланыштуу” деген шылтоо менен бошотулган. А түгүл алардын бир тобу М.Горбачевдун тапшырмасы менен “пенсия жашындагылар, кайра курууга бут тоспой ыктыярыңар менен кызматтарыңардан кеткиле” деген маанидеги атайын кайрылуу менен да чыгышкан. Москвада андай кампания күч алып турганда пенсия курагынан өткөн М.Ибраимовду 1-катчылыкка сунуштоо Кремлдин саясатына каршы келмек. Ошондуктан М.Ибраимовдун талапкерлигин алып салып, андан жаш, энергиялуу, “пахта ишине” аралашпаган кадрлардан табууну суранышканда, ал көп ойлонбой эле өзү жакшы билген И.Каримовду сунуштаптыр. Саясый бюродогулар анын талапкерлигине макул болушуп, ага БКнын пленумун “уюшкандыкта өткөрүүгө” көмөктөшүүнү тапшырышат. Алар пленумдун жүрүшүндө Рашидовчулар же Усманходжаевчилер уюшуп алып, И.Каримовду шайлабай коюшабы деп чочулашса керек.

М.Ибраимов обкомдордун, министрликтердин жетекчилери менен алдын ала сүйлөшүп, пленумдун шыдыр өтүп, И.Каримовдун 1-катчылыкка шайланып калуусуна чоң салым кошот. Аны өзбектер да жакшы билишкендиктен 1990-жылдардын ортосунда Наманганда Т.Юлдашев, Ж.Намангани баштаган радикал исламчылар күч алганда “ Каримовду ушул 1-катчы кылдырган” дешип бир нече жолу анын Заркенттеги туугандарынын үйлөрүн өрттөөгө да аракеттенишет. Бирок, И.Каримов жергиликтүү укук коргоо органдарына катуу тапшырма бергендиктен алар Ибраимовдун туугандарынын үйлөрүн аскердик складдай кайтарып сактап алышат.

М.Ибраимовдун тууганы Нурмат Жайлообаевдин эскерүүсүнөн:

- Мырзалим аке чоң кызматтарда иштеп жүргөндө өзүнүн кыргыз экенин аябай эле жашырып жүрдү. Бирок, туугандары менен байланышын үзгөн жок. Ал эки-үч жылда бир жолу жайкысын Заркенттеги Таштан деген үкөсүнүн үйүнө келип же ал жердеги пионер лагердин коноктор үйүнө жайгашып, анан Ала-Бука, Кербенге өтүп, көзү өткөн туугандарына куран окутуп кетип жүрдү. Мен Москвада окуп жүргөнүмдө ал жакка барган сайын мага телефон чалып, кээде жолугуп ал жайымды сурап турчу. Ал Э.Шеварнадзе жөнүндө көп айтчу. “Москвада Эдуард да жүрөт, ага жолугам” дегенин бир нече жолу уккам. 1975-жылы чет тилден, философиядан кандидаттык минимум тапшыруу керек болуп калганда Наманган обкомунда 1-катчы болуп иштеп жаткан Мырзалим акеге барсам, ал мурда өзү менен бирге иштешкен Анжиан обкомунун 1-катчысы И.Б.Усманходжаевге телефон чалып, мага обкомдун машинасын бердиртип, Анжиандагы мединститут аркылуу ишимди бир күндө бүтүртүп берген.

1981-жылы жайында мага телефон чалып, Чанач-Сайды көптөн бери көрө элекмин, ошерде эс алгым келет дегенде “Октябрь” совхозунда директор болуп иштеген бир тууган иним Асылбек Жайлообаев экөөбүз Чанач-Сайдын эң кооз жерине боз үй тиктирип, электр жарыгын тарттырып, мебелдерине чейин жеткирип жасалгаласак, Мырзалим аке бир күн жаткандан кийин кан басымы көтөрүлүп кетип, айылга баса берген. Кийин Фрунзеде, Заркентте бир нече ирет жолугуштук.

Акыркы жолу мен аны 1989-жылы жайында мейманчыладым. Ошол убакта үй куруп жаткан элем. Кадыра жеңе экөөсүн үйгө чакырып коюп, цементке жүгүрүп кетсем, алар үйгө келип калышыптыр. Үйгө кирип кечирим сурай баштаганымда Мырзалим аке “Конок күткөн да сендей болобу. Бизди чакырып коюп өзүң жоксуң же...” деп тамашалай баштады эле, Кадыра жеңебиз “Нурмат туура кылат. Алы-күчү барында үйүн бүткөрүп алганы жакшы. Кызматтагылардын баардыгы эле сага окшоп бөдөнөдөй болуп үйү жок жүрө бериш керекпи” дегенде Мырзалим аке карс-карс күлүп тим болгон. Ал ошол убакка чейин Ташкентке же айылына өзүнө үй курдурган эмес экен. Силерге айтып берип жаткандардын көбүн ошондо уккам. Ошондон кийин Союз ыдырап, Өзбекстандагы саясый абал начарлап, катташпай калдык. Ал Заркентке маал-маал келгени менен Кыргызстан тарапка өтчү эмес. Ал 2014-жылы сентябрда Ташкенде жарыкчылыктан өттү . Малик, Марат, Бахадыр деген балдарынын алды да чоң кызматтарда иштеп жүрүшүп пенсияга чыккан.

...Биз ушул материалды даярдоодо интернетти караштырып жатып, М.Ибраимовдун 2011-жылы 25-декабрда Ташкентте Өзбекстанда 16 жыл Министрлер советинин төрагасы болуп иштеген Н.Ж.Худайбердиевди акыркы сапарга узатып жатканда “Озодлик” радиосуна берген интервьюсун жолуктурдук. Ал мурда республиканы жетектегендердин көпчүлүгүнүн абалдары жүдөңкү экенине, бийлик элден алыстап, мамлекеттик органдардын бардыгы имараттарын жөнөкөй адамдар кире алгыс, туш тарабы тосулган чептерге айландырып алышканына кейигенин билдирип, И.Каримовду түз болбосо да кыйыр түрдө сындап кетиптир. Албетте, өз шакирттерине, фавориттерине нааразы болгондор тарыхта аз эмес. Б.Ельцинди деле Москвага Е.Лигачев алып келген, А.Масалиевди деле Т.Усубалиев өзү чоңойткон.

Кабарчы ошол жерде мурда М.Ибраимовдун Өзбекстандагы эң таза жетекчилерден болгонун айтып, ага бир мисал да келтире кетиптир.