Октябрь окуялары: “Класстык, таптык күрөшкө күбө болдук”

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

2020 октябрь окуялары

Сүрөттүн булагы, EPA

Былтыр 6-9-октябрда орун алган саясий окуялардын бир жылдыгына карата саясий илимдеринин доктору Асел Дөөлөт Би-Би-Сиге сереп салып берди.

Би-Би-Си: Кыргызстанда былтыр октябрдагы окуялар революция болгонбу же мамлекеттик төңкөрүшпү?

А. Дөөлөт: Октябрь окуяларын сүрөттөөгө бул эки термин тең жарабайт. “Революция” деш үчүн анын классикалык маанисинде алсак, бийлик алмашуу коомдо жана саясий системада терең өзгөрүүлөргө алып келиши керек эле.

Жыл башында жүргөн Конституциялык реформа андай өзгөрүүлөргө алып келе албады. Андыктан октябрь окуялары революциянын башталышы болгонбу деп да айтууга азыр эртелик кылат.

Былтыр октябрда орун алган окуяларды “мамлекеттик төңкөрүш” деп да атай албайбыз. Себеби, мамлекетик түзүлүш да түп тамырынан өзгөрүүлөргө дуушар болгон жок.

Алалы, күч түзүмдөрү, армия, элита өңдүү башкы түзүмдөр ошол бойдон эле калды. Аларга басым болду, бирок ички маңызы сакталып калды. Формасы бир аз гана өзгөрдү.

Мисалы, министрлерди алмаштырып коюшту, бирок логика, ой-жүгүртүү, философия ошол эле бойдон калды. Мамлекеттик түзүлүштө олуттуу структуралык өзгөрүүлөр болгон жок.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Би:Революция, мамлекеттик төңкөрүш болбосо, анда былтыр октябрда эмне болгон?

А. Дөөлөт: Биз ал күндөрү жарым-жартылай класстык, таптык күрөшкө күбө болдук. “Класстык” деген сөз канчалык кулакка жагымсыз угулбасын, бирок ошондой көрүнүш байкалды.

Эл арасында былтыркы окуялар катардагы жарандар тарабынан революция деп кабылданып калды. Андыктан мен алдыда бул терминди ошол түшүнүктө колдоном.

Кыргызстандагы Акаев, Бакиев жана Жээнбековдун тушундагы революциялардын башкы себеби, элдин мамлекеттик башкарууга болгон нааразылыганан улам чыкты.

Айрыкча, элеттеги жана жаңы конуштардагы жакыр адамдарда, өзгөчө жаштарда мындай нааразылык көп болду. Бизде, адатта, кедей адамдардын пикири эске алынбайт. Аларды “кайсы бир күчтөргө же криминалга жетеленме, өз ою жок” деп ойлошот.

Митингге чыгышса да “акча же арак үчүн чыгышты, палоо таратышкан” ошон үчүн аянтка чыгышты деген ой калыптанып калган. Бул биздин коомдо калыптанган колониалдык түшүнүк дээр элем. Себеби, биз өз элибизди караңгы кылып, аларды митингге кандай көйгөйлөр чыгарганын түшүнбүгүз келбейт.

Албетте, ар бир революциянын келип чыгыш себептери бар.

Октябрь окуяларынын чыгышынын себептерин талдай турган болсок, эң эле башкы себеби, бул пандемияга байланыштуу экономиканын төмөндөп кеткени болду. Жээнбековдун өкмөтү эл арасындагы нааразылыкты такыр эле эсепке албай койду.

Октябрь окуяларына бир жыл толду

Сүрөттүн булагы, EPA

Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсүндө, пандемиянын айынан үй-бүлөлөрдүн 27 пайызында эң болбоду дегенде бир мүчөсү жумушунан айрылган. Бул ар бир төртүнчү үй чарбачылыгынын кирешеси төмөндөгөнүн же такыр эле андан кол жууганын билдирет.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, Кыргызстандагы ар бир үчүнчү адам жакырчылыкка кептелген. Ал эми Улуттук статком эмгек акысы 37% түштү деген. Бул сандар өзү эле сүйлөп жатпайбы, бул жерде коомдогу нааразычылык өсүп жатканын билүүдө генийликтин деле кереги жок болчу.

Бирок өкмөт аны такыр этибарга албай койду, ал күндөрү парламент депутаттары да каникулга чыгып кетишти. Бул пандемиядан жабыркап жаткан элде абдан чоң кыжырданууну пайда кылган.

Мен кийин октябрь окуяларынын катышуучуларынан интервью алганда да бул нерсе ырасталып жатты. Жумушу жок калып, миграцияга кетейин десе жолдор жабык, туристтик тармак такыр отуруп калды да, анан социалдык жарылуу болду.

Калктын бул жакыр катмарынын нааразылыгына шаардыктар да кошулду. Алар пандемияда өтө жабыркабаса да, Жээнбековдун башкаруусуна башка себептер менен нааразы болушту.

Буга, адегенде, эле анын 2017-жылдагы президенттик шайлоодогу талаштуу жеңиши, харизмасы жок экени, кадрдык саясаты, анын чабал өкмөтү жана башка себептери болду.

Ошентип ар кандай социалдык класстардагы адамдардын нааразычылык шарданы менен бийликке популист саясатчылар келди. Алар "Кумтөр", президенттик башкаруу, Баш мыйзамды өзгөртүү, курултай деген таалуу нерселер менен ойношту.

Эмне үчүн мындай ураандар өтүмдүү болуп, абакта жаткан мурунку депутат Садыр Жапаров жеңип чыкты? Себеби, саясатчыларга такыр эле ишеним калбай калган. Андыктан мындай ураандар элге үмүт берди.

Он жылга созулган парламенттик башкаруу толук ишке ашпай, элге партиялык программаларга эмес, ушундай популисттик убадалар ишенимдүү болуп туруп алды.

Октябрь окуяларында эмне болду дегенге, мен ушундай баа берет элем.

Октябрь окуяларында 1 адам каза таап, ондогондору жарадар болгон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Би:Октябрь окуялары буга чейинки 2005 жана 2010-жылдардагы окуялардан эмнеси менен айырмаланат?

А. Дөөлөт: Бул окуялардын айырмасын бир маекте эле ачып берүү оңой эмес. Бирок мен бир катар олуттуу өзгөчөлүктөрдү белгилей кетейин.

2005 жана 2010-жылдардагы революцияларда масштабы кенен болду, элитанын жана алардын аймактагы тарапкерлеринин кызматташтыгы бүт регион боюнча байкалып турган десек болот.

Мына ушул кызматташтык Акаевге, Бакиевге каршы күрөштө натыйжалуу болгон.

2020-жылдагы окуяларда элитанын ролу салыштырмалуу бир канча аз болду.

Ар кайсы партия өкүлдөрүнөн, жаштардан турган Координациялык кеңештин аркасынан митингге чыккан массаны ээрчите алган жок. Алардын авторитети төмөн болгондуктан, анча таанымал эмес, абакта жаткан Садыр Жапаров элге көбүрөөк жакты.

Былтыр августта шайлоого 1,5 ай калганда Садыр Жапаровдун рейтинги болгону 8% болгон. Бул орто көрсөткүч, ал Кыргызстандын булуң-бурчуна өтө эле таанымал эмес болчу дегенди билдирет.

Мында дагы бир нерсе, буга чейин калыптанып калган КСДП, “Ата Мекен”, “Республика” партияларынын катачылыгы болду. Алар аркасынан митингчилерди ээрчите алышкан жок.

Октябрь окуялары саясаттагы лидердин жана алардын саясий авторитетинин кризисин көргөздү. Бул биздин саясий система үчүн өтө опурталдуу.

Cаясий илимдеринин доктору Асел Дөөлөт

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Cаясий илимдеринин доктору Асел Дөөлөт

Бирок 2005, 2010 жана 2020-жылдагы окуяларды байланыштырган, баарына мүнөздүү бир нерсе бар. Бул социалдык-экономикалык чечилбей келген көйгөйлөр жана аларга жакыр катмардын нааразылыгы десек болот.

Мисалы, жеке турак жайы жана жери жок адамдарды алалы. Жер басып алуу көрүнүшү 2005-жылдагы окуялардын алдында башталган. Бирок андай жер участогу жок адамдар кийинки 2010 жана 2020-жылдарда да болду.

Жери жок болсо адам каттоого да тура албайт, каттоого турбаса билим берүү, саламаттыкты сактоо кызматтарын дагы пайдалана алышпайт. Ушундай фундаменталдык укуктары корголбогон жарандардын нааразылыгы бардык революциялардын башкы себептеринен болуп келди.

2010-жылы электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшү, ал эми 2020-жылда пандемиядан чыккан экономикалык кризис фактору болду. Бул жерде чечилбей жаткан социалдык-экономикалык көйгөйлөр башкы себеп болуп жатканын байкасак болот.

Дагы бир себеп, ар бир революциядан кийин сапаттуу өзгөрүүлөрдүн болбой жатканы.

Баары өзгөрүүнү каалап, митингге чыгышкан, бирок биз бир циклдан чыга албай жатабыз. Бир да революция жакырчылык, жарандар арасындагы теңсиздикти жоё албады.

Азыр деле бул маселе чечилген жок, азыр деле бай кишилер башкарууда болуп жатат. Биздин коомдун ушул фундементалдык көйгөйлөрү чечилмейин нааразылык кала берет.