"Шайназаров менен алысыраак тууганбыз". №8 округдагы шайлоонун чыры

Сүрөттүн булагы, Shailoo.gov.kg
- Author, Элеонора Куленбекова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын журналисти
Боршайком дээрлик 30 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, мандат тие турган жаңы депутаттарды аныктады. Жыйында №8 округдагы талаштуу жыйынтык боюнча да чечим чыгып, ага ылайык, Жылдызкан Жолдошевага мандат тийбей калды. Жолдошева БШКнын соңку жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди. Анын ордунда депутат боло турган Нуржамал Төрөбекова БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров менен туугандык байланышы тууралуу Би-Би-Сиге комментарий берди.
"Эл мага добушун берсе, эмнеге мындай интрига менен мен чабылып калышым керек? Мен БШК жыйынтыгын тааныбайм. Бүт Кыргызстан тааныбайт деп ойлойм", - деп билдирди №8 округдан шайлоого аттанган мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошева.
30-ноябрдагы кезексиз парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча, Жолдошева аял талапкерлердин ичинен эң көп добуш топтоп, депутаттык мандат алары белгилүү болгон эле. Бирок №8 округдагы аймактык шайлоо комиссиясы Жолдошева көп добуш алдым деген эки тилкеде эреже бузуулар болду деген жүйөө менен добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.
Дүйшөмбү күнү Боршайком №8 шайлоо округундагы добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын чыгарды. Жеңүүчү үчилтикке Жанар Акаев, Улан Примов жана Нуржамал Төрөбекова кирди. БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаровдун кичи мекени Кара-Суу районунун айрым айылдары да кирген аталган округдан аял талапкерге мандат ыйгаруу ошентип талаш менен коштолду. Себеби, Жолдошева буга чейин Төрөбекова менен Шайназаровдун жакын туугандык жайы бар экенин айтып жаткан:
"Эки атадан биригишет. Бирок Тынчтыкбек Шайназаров элге, коомчулукка мындай маалымат берип атат. Мени да ошентип коюптур. "Жылдыз эже менен сегизинчи-тогузунчу атадан биригебиз" дептир. Биз такыр бирикпейбиз, мага демек элүүнчү атадан болсун. Себеби Шайназаров менен менин эч кандай тууганчылыгым жок", - деди Жолдошева.
Би-Би-Си сөз болуп жаткан Нуржан Төрөбекова менен байланышып, БШК төрагасы менен туугандык жайын тактады.
"БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров менен алысыраак тууганбыз. Менин чоң энем менен жети аталарыбыз бир болуп кетет. Бирок муну менен мага шайлоодо артыкчылык берилген дегенди билдирбейт. Мен элиме кызмат кылуу ниетинде депутаттыкка талапкер болуп, эл ишеними менен добуш алдым", -деди Төрөбекова.
БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров өзү дагы буга чейин Төрөбекова менен алыскы тууган экенин журналисттерге ырастап, бирок анын таасири болду деген божомолдорду четке каккан.
"Мен Мады айылынан болом жана ал жактыктар баары менин тууганым. Эгер ата жагымдан карап келсек, жетинчи же сегизинчи атага кошулабыз. Эгер тактап келсек, Жылдыз Айтбаевна (ред: Жолдошева) да менин эжем болот. Аны менен да сегизинчи, тогузунчу атадан биригебиз", - деп билдирген Шайназаров "Азаттыкка".
Анткен менен Жылдызкан Жолдошева №8 шайлоо округу боюнча БШК чечимин тааныбай турганын жана бул боюнча сотко кайрыларын Би-Би-Сиге билдирди.

Сүрөттүн булагы, shailoo.gov.kg
Кадыралиевага мандат тийген жок
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал арада №9 шайлоо округунан талапкер Ыргал Кадыралиева дагы соңку санактан кийин мандатка илинбей калды. Алдын ала жыйынтыктарда Кадыралиева гендердик квота менен бул округдан мандатка илинери кабарланып жаткан. Талапкер буга чейин президентке да кайрылуу жасап, добуштарын коргоп берүүнү суранган.
"Үч күндөн бери БШКда жүрөм. Мына бүгүн 8-декабрда колума БШКнын чечимин алдым. Мен жалпы 1787 добуш чогулткамын анын 688ин уурдап алышты. Бул жерде мага же менин тарапкерлериме эч кандай иш козголгон эмес. Арыз түшкөн эмес, бирок ошого карабай, жети участканын жыйынтыгын жокко чыгарганда менин гана добуштарымдын жыйынтыгы өзгөрүп, катар номерим алмашкан. Башка бир дагы талапкерге бул таасирин тийгизген эмес", - деп билдирди парламенттин мурдагы депутаты.
Ыргал Кадыралиева дагы БШКнын соңку чечими боюнча сотко кайрыларын айтып жатат.
Буга чейин №26 округдан шайлоого аттанган талапкер, парламенттин VII чакырылышынын депутаты Элдар Абакиров БШКга кайрылып, анын округунан 460 миң сом тараткан талапкерге чара көрүүсүн талап кылган. Дүйшөмбүдө БШКда бул округга тийиштүү арыз-даттануулар боюнча да жыйын өттү.
"Акча тараткан адам бар экен, ага айып угузулуптур. Бирок ал адам талапкердин, анын үгүтчүлөрүнүн же ишенимдүү адамдарынын же ыйгарымдуу укуктуу өкүлдөрүнүн тизмесинде жок. Талапкерге же бир тууган эмес. Бирок бизге даттануучулар айтып атат, ал ошол талапкерге жүгүрүп иштеген деп. Бирок видеолорду бизге көрсөтүшкөн жок", - деди БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев.
Ошентип мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, БШК анын жыйынтыгын четинен бекитип, арыз-дооматтарды кароону улантып жатат. Ал арада нааразы талапкерлер сотко кайрыларын айтып жатышат.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыгын 14-декабрга чейин чыгарып бүтүшү керек. Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин, 15 күндүн ичинде биринчи жыйынга чогулат.











