Бир нече тилкеде добуштар жокко чыкты. БШК талаштуу шайлоо жыйынтыктары боюнча чечим кабыл алууда

Борбордук шайлоо комиссиясы жана аймактык шайлоо комиссиялары талаштуу шайлоо округдары жана тилкелери боюнча арыздарды карап, айрымдары боюнча чечим чыгарууда. Ошол эле кезде БШКнын чечимине каршы сотко да арыз жазылды.
№13 округ
Жалал-Абад облусундагы №13 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айгүл Карабекова БШКнын шайлоону жокко чыгарган чечимин сотко берди. Бул тууралуу ал 5-декабрда Би-Би-Сиге билдирди.
3-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бактыбек Сыдыков алдыга чыккан №13 округдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Буга добуш берүүнүн купуялыгы бузулганы себеп болгон. БШК бул округда шайлоо толугу менен жокко чыгарылганын жапырт мыйзам бузуу орун алганы, дээрлик 35 добушканада шайлоочулардын баскан-турганы көзөмөлдөнгөнү менен түшүндүрүп жатат. №13 округда жалпы 94 добушкана жайгашкан.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, аталган шайлоо округунан талапкерлер Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова озуп чыккан. Жеке ишкер, 47 жаштагы Айгүл Карабекова шайлоочулардын 8 839 добушун топтоп, гендердик квота менен алдыга чыккан. №13 округдан шайлоого 14 талапкер катышкан.
Аталган шайлоо округунда өкүлү добушканадагы процессти телефон аркылуу көзөмөлдөп турганы айтылган Бактыбек Сыдыков шайлоо таза жана калыс болгонун билдирип, өзүнүн дарегине айтылгандарды каралоо аракети катары сыпаттоодо.
№26 округ
Жогорку Кеңештин депутаттыгына №26 көп мандаттуу шайлоо округунан талапкер Элдар Абакиров Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган. Ал бүгүн, 5-декабрда БШКда анын арызын караган жумушчу топтун отуруму өтүп, ага катышканын билдирди. Ал социалдык тармактагы видеосунда жыйында аталган округдагы 4 шайлоо тилкесинин жыйынтыктары жокко чыгарылып жатканын айтты. Ошондой эле добуш сатып алуу фактысы боюнча да укканы менен бөлүштү:
"Отурумдан чыктым. Отурумда эки жаңы маалымат алдык. Биринчиден, тергөө иштери жүрүп жатыптыр. Ички иштер министрлигинин каты бар экен, анда Нурлан Шаршеналиев деген киши 460 миң сомду кайсы бир талапкердин атынан таратканын мойнуна алыптыр. Бирок бизге кайсы талапкер экенин айтпай коюшту. Ал өзүнүн атынан тараткан, талапкер билбейт деген сыяктуу тыянак чыгарып коюшту. Менин оюмча, бул – акылга сыйбаган нерсе. Анда ар ким эле талапкердин атынан акча тарата бербейби. Экинчи жаңы маалым уктук. Аймактык шайлоо комиссиясы төрт шайлоо тилкесинин жыйынтыгын жокко чыгарып жатыптыр. Ошол жанагы добуш сатып алуу болду делген Калмак-Ашуу, Тар-Суу жана анын жанындагы айылдардыкы. Биз бул чечим менен макул эмеспиз. Биз бул чечимге да каршы арыз жазабыз. Бирөө добуш сатып алып жатса, төрт тилкенин эмнеге жокко чыгарат? Бул мыйзамга туура келбейт. Ал жерде мен мыйзамдуу үгүтчүлөрдү жалдап, мыйзам чегинде алган добуштарым бар да. Эми ИИМдин тергөөсүнүн жыйынтыгын күтөбүз",- деди ал.
№26 көп мандаттуу шайлоо округунан Саккараев Медербек, Исеналиев Эркинбек, Исаева Жамиля алдыга чыккан.
Элдар Абакиров добуштарынын саны боюнча эркек талапкерлер арасынан үчүнчү келген.
№16 округ
БШК 5-декабрдагы жыйынында №16 шайлоо округундагы шайлоону өттү деп тааныды. Бул округ боюнча жалпы он талапкер ат салышып, жыйынтыгында үч талапкер жеңүүчү болду. Алар: Дастан Жумабеков, Медер Чотонов, Кайрылбекова Медина.
Бул округ боюнча алты арыз-даттануу келип түшкөн, алар боюнча БШК чара көргөнү айтылды.
Добуш берүү жыйынтыгы жокко чыккан тилкелер
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков "бийлик шайлоону таза өткөрүү зарылдыгын эскертип, талапкерлерге добуш сатып албоону, ал эми шайлоочулардан добуш сатпоону катуу талап кылганын" жазды. Ошондой эле ал №13 округда шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкканын айтып, добуш берүү жокко чыгарылган айрым тилкелерди да санады.
"Мыйзам бузуулар башка аймактарда дагы болгон. Шайлоонун эртеси эле ар кандай далилдер тиркелген видеолор социалдык байланыш тармактарында жарыяланып жатты. Алардын бири, №8 округдун №5249 шайлоо тилкесинде болду деп жарыяланган видео элдин талкуусунда калды. Анда, пачкалап акча таратып жаткандарды видеого тартып алышкан. Мындай фактылар коомчулуктун нааразылыгын жаратты. Эл арасында "ушул кантип таза шайлоо болсун, добуштарды оптом эле сатып алган тура", – деген пикирлер айтылып жатты. Бул окуядан кийин Аймактык шайлоо комиссиясы № 8 округдагы № 5249 жана № 5514 шайлоо тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгарган чечим кабыл алышкан. Ошондой эле келип түшкөн арыздардын негизинде, Аймактык комиссиянын чечими менен 26-округдун №7030, №7029 жана №7028 шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган. Мындан тышкары, массалык мыйзам бузуу, добуш сатып алуу жана шайлоочулардын добушун мажбурлаган көрүнүштөр орун алган 9-округдун №5039, №5050, №5054, №5577, №5040, №5041 жана №5548 шайлоо тилкелеринин добуштарынын жыйынтыгы жокко чыгарылды" деп жазды Дайырбек Орунбеков.
Жолдошева: Менин 1008 добушумду жокко чыгарышты
Жогоруда сөз болгон 8-округдан Жанарбек Акаев, Улан Примов, Жылдыз Жолдошева эң көп добуш алган. Ал эми 9-округдан Данияр Төлөнов, Азамжан Жалилов, Ыргал Кадыралиева алдыга чыккан.
Талапкер Жылдыз Жолдошева өзү эң көп добуш алган тилкелердин жыйынтыгы жокко чыгып жатат деп сындады.
"Кантип?...КРнын БШК төрагасы Шайназаров Тынчтыкбек иним экөөбүз Мады а/өкмөтүндө төрөлөгөнбүз. Шайназаровдун жээни, б.а. карындашы Нуржамал Торобекова ушул округдан ал да шайлоого чыгат...
Кызыгы, Ысык-Көл облусунун, Ак-Суу районундагы 27-округдагы видеону баарыңар көрдүңөр, жалаң 5000 сомдукту таратып жаткан. Мына ушул видеону Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады а/өкмөтүндө жайгашкан Кыргыз-Чек айылында жайгашкан 5249 (595 добуш), 5514 (414 добуш) УШКга жалган жалаа аркылуу жармаштырып, менин эң көп 1009 добуштарымы 8-аймактык комиссия жокко чыгарган. Бул видеону жалган жалаа менен УШК 5249, 5514 кө чапташтырган материалды Ош облусунун ОИИБ карап чыгып, кылмыш ишин ачкан эмес жана мыйзам бузууну тастыктаган эмес. Ошого карабастан мыйзамды одоно бузуп, аймактык комиссия чечим чыгарган. Бирок КР БШКсы азырынча чечим кабыл ала элек. Ошого карабастан Президенттик Администрациясынын катчысы Дайырбек Орунбеков өз баракчасына алдын ала, КР БШК чечим чыгара электе 8-аймактык комиссиянын мыйзамсыз чыгарган чечимин жарыялады" деп жазды Жолдошева.
Ал кошумчалагандай, 8-округда Нуржамал Төрөбекова да шайлоого катышкан. Алдын ала санактар Жолдошева 2 941, Төрөбекова 2 857 добуш алганын көрсөтүүдө.
Шайлоо жыйынтыгы: кимдер алдыда?
Кыргызстанда кезексиз парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары белгилүү болгон. 30 округда кайсы үч талапкер алдыга озуп чыкканын Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын интерактивдүү картасынан көрө аласыз.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 1-декабрга карата берген маалыматына ылайык, мөөнөтүнөн мурда өткөн Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо 4 294 243 шайлоочунун ичинен 1 584 446 жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90 пайызын түзөт.
БШК билдиргендей, 2021-жылдагы көрсөткүчтөр менен салыштырганда добуш бергендердин саны 351 873 адамга көбөйгөн. Бул 28,6 пайыздык өсүш болуп эсептелет. 2021- жылы 1 232 573 шайлоочу добуш берген.
Чет өлкөлөрдө да катышуу жогорулаганы белгиленди. Быйыл чет жакта 16 178 жаран добуш берген, бул 2021-жылга салыштырмалуу 60,7 пайызга көп. 2021-жылы чет өлкөлөрдөн 9 825 киши добуш берген.
Борбордук шайлоо комиссиясы округдук комиссиянын протоколдорунун негизинде, добуш берүү күнүнөн тарта 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 14-декабрына чейин) округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын аныктайт, башкача айтканда, чөлкөмдөн шайланган үч депутатты белгилейт.








