"Кичинекей жеңиш". Журналист Канышай Мамыркулова жарым- жартылай акталды

Канышай Мамыркулова
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бишкек шаардык соту эркин журналист Канышай Мамыркулованы жарым-жартылай актады. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренеси боюнча күнөөсүз деп табылды. Бул айып боюнча кылмыш курамы жок болуп чыкты.

Бирок "Массалык башаламандыкка чакырык" беренеси боюнча райондук сот чыгарган өкүм күчүндө калды. Ошол эле учурда төрт жылдык пробация үч жылга кыскартылды.

Сотто алгач жарыш сөзгө чыккан жактоочу Нурбек Сыдыков айыпталуучунун жазгандары боюнча экспертиза толук кандуу жүргүзүлгөн эмес деген жүйө келтирди.

Айтымында, Мамыркулованын посттору экспертизага берилгенде айрым сүйлөмдөр контексттен жулунуп алынган.

Жактоочу укуктук баа берүүдө посттордун мазмуну толук каралышы керектигин белгиледи. Адвокаттын жүйөсүнө ылайык, журналисттин жазгандарында улут аралык кастыкты козутууга же массалык баш аламандыкка чакырык болгон эмес.

"Методикалык көрсөтмөлөрдө кайсы бир билдирүү адамдарга таасир этет же этпейт деп лингивистикалык эксперт так айта албайт деп жазылган. Бул мүмкүн эмес деп көрсөтүлгөн. Ошол себептүү массалык башаламандыкка чакыруу болгон деп айтууга болбойт. Далил жок",- деди ал.

Жыйынтыгында жактоочу апелляциялык даттанууну толук колдой турганын билдирип, биринчи инстанциянын өкүмүн жокко чыгарып, журналистти толук актоону суранды.

"Чарчап кеттим"

Канышай Мамыркулова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Канышай Мамыркулова

Жактоочудан кийин сөз алган журналист Канышай Мамыркулова өз позициясын билдирди. Ал социалдык тармактардагы жеке пикири жана коомчулуктагы көз карашы укуктук териштирүүнүн объектисине айланбашы керек эле деген оюн айтты.

"Чарчап кеттим. Ошол учурдагы билдирүүлөр сарказм жана тамаша иретинде жазылган. Бул нерсе укук коргоо тармагында териштирүүнүн объектисине айланбашы керек эле. Сот тармагынын иши эмнеге мындай солгундап жатат деп ойлочумун. Көрсө, ушул сыяктуу болоор-болбос иштерди козгоп, колуңарды байлайт тура. Мындан ары укук тармагынын иши жөнгө салынсын деп муну камерага атайын айтып жатам",- деди Мамыркулова.

Ал сот кандай чечим чыгарбасын, кабыл аларын билдирди. Ошол эле учурда бул тарыхта кала турган саясий иш экенин кошумчалады.

Өз кезегинде мамлекеттик айыптоочу буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган өкүмдү мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептей турганын айтты. Ал шаардык соттон аталган өкүмдү күчүндө калтырууну, айыпталуучунун жактоочулары тарабынан берилген апелляциялык даттанууну канааттандыруусуз калтырууну суранды.

Нурбек Сыдыков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурбек Сыдыков
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Соттун өкүмүнөн кийин журналисттин жактоочусу Нурбек Сыдыков алар тараптан берилген эки апелляциялык даттануу жарым-жартылай канааттандырылганын билдирди.

Ал Канышай Мамыркуловага "Массалык баш аламандыкка чакырык" беренеси боюнча коюлган айыптар да негизсиз деп эсептей турганын айтты. Жактоочу өз ара кеңешүүдөн соң мындан аркы кадамдар аныкталарын кошумчалады.

Кылмыш иши козголгондон бери процесске активдүү катышып келе жаткан журналист Жаркын Ибраева да соттун чечими боюнча оюн билдирди:

"Бул дагы кичинекей жеңиш. Соттун чечимине эч нерсе дей албайм. Бирок бирнчи берене экинчи берене менен байланган болчу. Бир берене боюнча актап, экинчи берене боюнча акталбай калганы мага суроо жаратты. Анткени экөө бири-бири менен байланган да. Бул шымдын бир багелегин кийин, экинчисин калтырып койгондой болуп калды, менин жеке пикиримде",- деди ал.

Журналист Мамыркуловага Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыкка чакырык" жана "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованы күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратуу жана төрт жылдык пробация жазасын чегерген. Үч жарым ай тергөө абагында кармалган журналист сот залынан бошотулган. Адвокаттары райондук соттун өкүмүнө макул болбой, шаардык сотко кайрылышкан.

Жактоочулар журналистке карата чыккан өкүм адилетсиз болгонун айтып келишет. Мурда мамлекеттик айыптоочу Канышай Мамыркулованы 8,5 жылга эркинен ажыратууну сураган.