Коопсуздук кеңешинин күн тартибинде - аскер саясаты

Сүрөттүн булагы, Facebook
- Author, Кубат Чекиров
- Role, Би-Би-Си, Бишкек
Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан чакырыктар менен коркунучтардын маалында өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу өтө маанилүү экенин баса белгиледи.
Бул багытта чоң күч жумшалып, бир топ иштер жүзөгө ашырылып жатканына токтолду. Ал соңку 30 жыл ичинде мамлекет биринчи жолу чек араны коргоо үчүн зарыл болгон заманбап куралдарды сатып алганын айтты.
"Бул бир гана "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттары эмес, башкалары да бар. Анын ичинде биз өнөктөш жана союздаштарыбыздан Борбор Азияда азырынча андай аналогдору болбогон курал-жарактардын жаңы түрлөрүн сатып алдык. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин муктаждыктары үчүн "Airbus" маркасындагы 2 жаңы тик учак алдык. Коргоо министрлиги үчүн бюджеттик каражаттардын эсебинен 5 тик учак капиталдык ремонттоодон өтүп, андан тышкары жаңы "Ми-17 В5" тик учагы сатып алынып, кошумча дагы "Ми-17" маркасындагы тик учагын сатып алуу пландалган. Мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруунун алкагында аба чабуулунан коргонууну камсыз кылууга жардам бере турган "Печора" модернизацияланган мобилдүү зениттик-ракеталык комплекс сатылып алынды. Ушул сыяктуу жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Россия менен аба чабуулунан коргонуунун бириккен региондук системасын түздүк",- деди Жапаров.
Ошол эле учурда Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө экенин, кайсы бир башка өлкөгө кол салуу максатын көздөбөй турганын айтты.
"Кандай гана чыр-чатак болбосун, аны алдын алууга же бир гана дипломатиялык жол менен чечүүгө болот деп эсептейм. Биз ички жана тышкы саясатта дал ушул принципти карманабыз. Ошол эле учурда, бизге карата куралдуу агрессия көрсөткөндөр болсо, анын кесепетинен жарандарыбыз курман болуп жатса, үйлөрүбүз жана башка инфратүзүмдөрүбүз талкаланып өрттөлүп жатса, биз андайга жөн гана байкоо салып отура албайбыз. Биз кандай гана агрессор болбосун, тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз",- деди ал.

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстан жаңы аскердик доктринаны карап кабыл ала турганын президент Жапаров бир жыл мурда эле билдирген.
Бул маселеге Куралдуу күчтөрдүн 30 жылдык мааракесине арналган салтанатта сүйлөгөн сөзүндө токтолгон.
"Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн эффективдүү куралдуу күчтөрдү түзүү биздин эң башкы милдетибиз»,-деген президент.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстандын аскердик доктринасы азыркы учурдагы жаңы коркунучтарга көп жагынан жооп бербей калганы жашыруун эмес.
Жаңы доктрина каралат дегенден бери бир жыл өттү. Андан бери аскердик саясаттагы өзгөрүүлөр жаңы куралдардын сатып алынышы менен чектелген жок.
2021-жылдан бери армияга жаңы куралдар жана аскердик техника келип жатат. Аскер кызматындагылардын эмгек акысы көбөйтүлдү.
Коргоо министрлиги жогорку окуу жайларга аскердик кафедраларды кайтара баштады. Баштапкы аскердик даярдык сабактарын бардык мектептерге киргизүү аракети көрүлүүдө. Ошондой эле ар бир областта бирден аскердик коллеж ачууну максат кылып жатканын Коргоо министрлиги билдирген эле.
Чек арага чектеш жашаган жарандарга өзгөчө учурда курал алып жүрүүгө уруксат берүү маселеси каралып чечилди.
Азыркы убакта дүйнөдө куралдуу чыр-чатактар күчөп, геосаясий кырдаал курчуп турган убак. Бир жылдан бери Украинада Россия менен согуш жүрүүдө. Афганистанда талибдер бийликке келгенден бери регионалдык коопсуздукка коркунуч дагы күчөдү. Тажикстандан Кыргызстанга эки жыл катары менен чек арадагы айыл-кыштактарга агрессия болду.
2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу конфликт болуп, эки тараптан каза тапкандар жүздөн ашты. Анын ичинде кыргыз тараптан 62 жаран, тажик тараптан 41 адам деп айтылган.
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бул конфликтти “Тажикстандын алдын ала пландалган агрессиясы” деп атап, Тажикстан тараптан кол салууга жарандык эле кийимчен, “сакалчан жана колдорунда куралы бар адамдар” аралашканын айткан.
“Алар Кыргызстандын аймагын ылгабай аткылашты. Аскердик жана жарандык инфраструктура аткылоого кабылды. Мындан тышкары алар тарабынан колго түшкөн аскер кызматкерлерибизди кыйноого алуу фактыларын аныктадык. Алар өтө мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Буга чейин биз муну көргөн эмеспиз. Буга чейин чыр-чатактар болуп, жоокерлер октон каза болгон. Мында сөөктөрдү шылдыңдоо болду. Бул террористтик жана экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө гана мүнөздүү”, - деген Марат Иманкулов.
Сырттагы коркунучтар токтобой жаткан шартта улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттин саясаты жаңы реалдуулукту эске алуу менен кайра каралып чыгууга тийиш.
Ошол эле убакта Кыргызстан өзүнүн аскердик саясатын коргонуу принциптеринин негизинде курарын билдирип келатат. Бирок "тынчтыкты кааласаң согушка даярдан" деген кеп бар эмеспи.

Сүрөттүн булагы, Official
Негизги коркунучтар жана душмандар
Он жыл мурда кабыл алынган доктринада негизги коркунучтар катары эл аралык терроризм диний экстремизм жана сепаратизм аталган.
Ошол эле убакта региондогу куралдуу конфликттер, сырттан басып кириши мүмкүн болгон мыйзамсыз куралдуу топтор да бар.
Кыргызстандын куралдуу күчтөрү 1992-жылы советтик армиянын бөлүктөрүнөн түзүлгөн. Армиядагы аскер саны ачык булактарда көп жылдар бою он миңдин айланасында болуп келатат.
Андан сырткары ИИМ, УКМК жна ӨКМ карамагындагы аскерлешкен түзүлүштө дагы тогуз миңдей жоокер бар.
Коңшулардын аскер саясаты
Казакстан жаңы аскердик доктринасын 2021-жылы кабыл алган. Анда салттуу коркунучтар менен гибриддик коркунучтар, кибер чабуулдар да каралган.
Ал эми Кыргызстан менен чек арада кырчылдашып келаткан Тажикстанда аскердик доктрина 2005-жылы кабыл алынгандан бери жаңыра элек.











