Израил Ливанга кургактан басып кирүү ниети тууралуу Ак үйгө кабар берди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Израил Ливанга кургактан чабуул жасоого даяр турганы боюнча Ак үйгө кабар бергенин америкалык расмий өкүл CBS телеканалына ырастады.
Анын айтымында, Израилдин кургактагы операциялары бүгүн башталышы мүмкүн.
Буга чейин "Хезболланын" баш катчысынын орун басары Наим Кассем видео кайрылуу жасап, Израилдин кургактан чабуулуна даяр экенин жана алар болгон күчү менен каршы тура аларын билдирген.
Наим Касемдин айткандары Хасан Насралла өлтүрүлгөндөн кийин "Хезболланын" атынан элге кайрылган биринчи билдирүү болду.
Ал Хасан Насралланын ордуна жаңы лидерди тандоо "мүмкүн болушунча эртерээк" ишке ашарын кошумчалап, Израилге каршы күрөш буга чейинки пландардын негизинде уланат деди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кассем ошондой эле каза болгон бардык жогорку даражадагы командирлердин ишин колго ала турган орун басарлары жана мураскерлери бар экенин баса белгиледи.
Ушул эле күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху "Жакынкы Чыгышта Израилдин колу жетпей турган жер жок" экенин эскертти.
Ал арада Израилдин аскердик оор техникалары Ливандын чек арасына жакын жерге топтолуп жатат.
Аз санда болсо да запастагы аскерлер армияга чакыртылды. Израилдин жогорку даражалуу генералы аскерлерге кайрылып, "Хезболлага" таандык аймактарга чабуул коюуга даяр болгула деп буйрук берди.
Мунун алдында Израилдин коргоо министри Йоав Галлант Ливандын чек арасына жакын жерде турган аскерлерге барып, "Хезболлага" каршы абадан, деңизден жана кургактан бардык күчүбүздү колдонобуз" деген. (SA)












