"Шах жана мат": Хасан Насралла өлтүрүлдү, "Хезболлага" эми эмне болот?

Анастасия Успенская, Би-Би-Си, Лондон

Насралла "Хезболланы" ондогон жыл бою жетектеп келген

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Насралла "Хезболланы" ондогон жыл бою жетектеп келген

Ишембиге караган түнү Израилдин аба чабуулдарынан "Хезболла" өздөрүнүн алмашкыс лидери Хасан Насралладан эле айрылып калган жок, алардын бутунун алдындагы жер көчкөндөй эле болду.

"Ал тек гана символ эмес, ал жоочу топтун стратегиясын аныктоочу жана аскердик айла-амалдарын жөндөөчү фигура. Алмашкыс лидердин өлүмү топ үчүн олуттуу кесепеттерди алып келет",- дейт Бейруттан талдоочу Зейна Ходр.

Насралланын таасиринин масштабы "Хезболладан" алда канча кеңири тараган. Анын Израилдеги жана Батыштагы каршылаштары ал Жакынкы Чыгыштагы топ жарган лидер болгонун тааныйт.

Насралла "Хезболланы" 32 жыл жетектеп, Ирандын көмөгү менен анын аскердик стратегиясын, саясатын аныктап, бирок ошол эле учурда Тегерандан кайсы бир деңгээлде өз алдынчалыкты кармап келди.

Жөнөкөй учурда ага тең-тайлаш бирөөнү табуу кыйын болмок, азыркыдай кыйчалыш мезгилде бул ого бетер оорлойт. Себеби Израилдин операцияларынын натыйжасында жоочу топ Насралладан тышкары бир топ жогорку командирлеринен ажырап, ички коопсуздук тутуму бир кыйла эле ыдырай түштү.

"Ал тез өсүп жаткан уюмду чаптап турган фигура эле",- деп эсептейт Карнеги институтунун Жакынкы Чыгыш борборунун кызматкери Моханад Хаге Али.

Анын пикирине караганда, Насралланын өлүмү менен жоочу топтун өзүнөн баштап Ирандын жетегиндеги Израилге каршы коалицияга чейин баардык деңгээлдеги жагдай өзгөрөт.

"Хезболланын" моралдык духу сынды, бирок кайсы убакытка чейин?

"Хезболла" эң эле катуу уюмдашкан тутум. Аны көп учурда дүйнөдө мамлекеттик эмес эң күчтүү армия деп келишет

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Хезболла" эң эле катуу уюмдашкан тутум. Аны көп учурда дүйнөдө мамлекеттик эмес эң күчтүү армия деп келишет
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Хезболланын" буга чейинки лидери Аббас Мусави 1992-жылы Израилдин ракеталык чабуулунан каза болгон. Анын ордуна топту жетектөөнү Хасан Насралла колго алган.

Аббас Мусави да өз учурунда алмаштырылгыс деп эсептелген. Айрым эксперттер мындай түзүмдөрдүн ичинен узак убакыт бою тарбияланган жаңы лидерди табуу салыштырмалуу оңой деп эсептешет.

Бул жолу дагы ошондой болушу мүмкүн. Хезболла кааласа, каалабаса да жаңы лидерди жарыялоого аргасыз. Жаңы лидердин биринчи кадамы Насралланы жоготуудан кийин куралдуу топтун канчалык бат калыбына келишин аныктайт.

Эксперттердин айтымында, жакынкы күндөрү "Хезболланын" ичинде туруксуздук жана аскердик стратегиясында өзгөртүү болушу мүмкүн.

Насралла көп жылдан бери эл алдына ачык чыкпай, өзүнүн жашаган жерин жашырып келген. Бирок анын өлүмү Израилдин аскердик жана чалгындоо жаатында артыкчылыгын көрсөттү.

Анын өлүмүнө алып келген Бейрут соккусунан кийин "Хезболла" сынып калбаганын көрсөтүү үчүн Израилге карай бир нече ракета аткан.

Эксперттердин айтымында, мунун өзү топтун катуу соккуга дуушар болгонун түшүндүрөт.

"Бул толук масштабдуу согуш жана Израил бул мүмкүнчүлүктү "Хезболланын" лидерлик түзүмүн жана инфраструктурасын жок кылуу үчүн колдонуп жатат", - деди Лондон Экономика мектебинин эл аралык мамилелер боюнча профессору Фаваз Гергес.

Анын пикирине караганда, Хасан Насралла өлүмүнөн кийин "Хезболланын" аймактагы таасири азаят.

"Бул шах жана мат. Биз токтоп калбайбыз. Түндүктөгү чек араны таштап кеткен тургундарды үйлөрүнө кайтарышыбыз керек. Биз ошол багытта баратабыз. Бирок эртеби-кечпи "Хезболла" кайрадан бутуна туруп кетиши мүмкүн. Биз ага даяр болушубуз керек", – деди Би-Би-Сиге Израил армиясындагы ишенимдүү булак.

Аскердик кубаты жана саясий келечеги

Хасан Насралланын өлүмү менен "Хезболланын" аскердик кубаты солгундап кетиши күмөн.

Насралланын мүмкүнчүлүктөрү чынында анын Иран бийлиги менен жеке алакасына жана ирандык демөөрчүлөрдүн арасындагы кадыр-баркына байланышкан эле.

Насралланын өлүмү менен өздөрүнүн Ливандагы таасиринин масштабына жана жалпы эле алып караганда Жакынкы Чыгыш боюнча Ирандын стратегиялык позициясына олуттуу кесепет болорун Тегеран түшүнүп турат.

Ошондуктан Иран статус-квону калыбына келтирип калуу үчүн андан көз каранды болгон иштин баарын тездетүүгө шашат. Бул аскердик жардамдарды да камтыйт.

Anadolu

Сүрөттүн булагы, Anadolu

"Хезболла" жөн гана радикалдуу аскерлешкен топ эмес, саясий партия дагы. Алар 2005-жылдан бери карай Ливан өкмөтүнүн курамына кирип, ушул учурда парламентте он беш мандатка ээ.

2022-жылга чейин "Амаль" радикалдуу партиясы менен союздашып, "Хезболла" парламенттик көпчүлүктү түзгөн. Бирок өлкөдөгү тереңдеп кеткен экономикалык кризистен улам ал абалынан кол жууган.

Ошого карабай ал Ливанда саясий таасири дагы деле мурдагысындай күчтүү бойдон.

Изралдин жана Батыштын пикири боюнча, Ливан чындап келгенде радикалдардын туткунунда калган, ливандык көптөгөн саясатчы да ушул пикир менен макул жана "Хезболланы" террордук уюм деп ачык атап келишет.

2019-жылы ливандыктар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо "Хезболлага" каршы нааразылык күчөп, алардын коррупциялык схемаларга тийиштиги, калкты коркутуп-үркүтүп жана экономикалык терең кризиске батырганына нааразы пикир ачыкка чыккан.

Азыркы учурда бийликтеги ливандык сунниттер жана христиандар алсырап, дендароо болуп турган "Хезболланы" саясий айдыңда кысышы мүмкүн. Бирок алар буга карата пайдалана турган механизмдер азырынча белгисиз.

Болжолдуу мураскер

Хашем Сафиддин "Хезболланын" жогорку даражалуу өкүлүнүн бири Фуад Шукранын зыйнатында

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хашем Сафиддин "Хезболланын" жогорку даражалуу өкүлүнүн бири Фуад Шукранын зыйнатында

"Хезболланын" жаңы лидерин топтун ичиндегилер эле эмес, Ирандагы өнөктөштөрү да бекитиши керек.

Көптөгөн эксперт Хашем Сафиддинди Насралланын мураскери деп эсептешет.

"Хезболлага" жакын булактардын айтымында, Сафиддин дагы Бейрутта Израил аскерлери сокку урган аймакта болгон жана аба чабуулунан аман калган.

Ал Насралланын штабындабы же кол салууга тушуккан башка аймакта экени азырынча белгисиз.

Сафиддин Хасан Насралланын аталаш бир тууганы. Ал "Хезболланын" саясий канатын көзөмөлдөйт жана топтун Жихад кеңешинин мүчөсү.

2017-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Сафиддинди издөөдө жүргөн террористтердин тизмесине кошкон.

Ал бир нече жолу Израилди коркутуп, аларды "ыйлаганга даяр болгула" деген.