"Хезболлага" чабуул уланат: Израил ок атышпоо сунушун четке какты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Израил АКШ жана Евробиримдиктин "Хезболла" менен элдешүү сунушун четке какты. Биньямин Нетаньяху Израил армиясына согушту толук кандуу улантууну буйруду жана кечээки ок атышпоо чакырыгын жоопсуз калтырды.
АКШ, Британия, бир катар араб өлкөлөрү жана Евробиримдик биргелешкен билдирүү жасап, "Хезболла" менен Израилди ок атышууну 21 күнгө токтотууга чакырган эле. Алар эки тараптын ортосундагы чыр-чатак чыдагыс абалга жеткенин жүйөө келтиришкен.
"Израилдин да, Ливан элинин да мүдөөлөрүнө жооп бербеген ири аймактык кагылышуу коркунучу кабыл алынгыс", – деп айтылат биргелешкен билдирүүдө.
Израил армиясынын башчысы Герци Халевинин айтымында, өлкөнүн аба күчтөрү Ливандын чек арасына жана алыскы аймактарына сокку уруусун улантып жатат. Израилдин түндүгүндөгү тургундардын өз үйлөрүнө кайтуусуна жардам берүү үчүн аталган өлкөнүн армиясы Ливанга кургактан чабуулга өтүүгө даярданууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Халеви билдиргендей, кургактан чабуулга өтүү үчүн кошумча бригада чакырылды.
"Хезболланын" өкүлү, Ливандын транспорт министри Али Хамиенин айтымында, мындай чабуул израилдик аскерлер үчүн "сейил бакта жүргөндөй" болбойт.
Шаршемби күнү Израилдин массалык аба соккуларынан Ливанда элүүдөн ашуун адам өлүп, жүздөгөн киши жарадар болгонун өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Шаршембинин таңында "Хезболла" тобу Тель-Авивге баллистикалык ракета учуруп, бул тарыхта биринчи жолу аталган шаарга чейин жеткенин Израил армиясынын өкүлү Франс Пресс маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, ракетаны жок кылууга үлгүрүшкөн, жоготуулар болгон жок.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Хезболла" билдиргендей, чабуулдун бутасы Тель-Авивдин четинде жайгашкан Израилдин чалгындоо агенттиги “Моссаддын” штабы болгон. Израил бийлиги ракета эл жашаган аймактарга багытталганын айтууда.
"Хезболланын" мүчөлөрү миңдеген пейжер жана рацияны жардырууну уюштурганы үчүн Израилдин чалгын кызматтарын айыптап келет.
Ливандын транспорт министри Али Хамие Израилдин соккусу Ливан аркылуу өткөн чакан көпүрөнүн Сириядагы бөлүгүнө тийгенин ырастады.
"Хезболла" тобу өз кезегинде бейшемби күнү Израилдин түндүгүндөгү Хайфа шаарына жакын жердеги аскердик объектке кол салганын билдирди. Франс Пресс агенттигинин маалыматына ылайык, "Хезболла" ракеталар менен "Rafael Advanced Defense Systems комплекстерин бомбалады".
Буга чейин Ливандан Израил аймагына кырк бештей ракета атылганын израил армиясы кабарлаган. Алардын айрымдары абада жок кылынып, калгандары ачык жерлерге кулап түшкөнү айтылган.
Rafael Advanced Defence Systems ракетадан коргонуу системасын иштеп чыккан израилдик компания. Аталган компания өзүнүн объектилерине зыян келтирилгени тууралуу маалымат жок деп айтууда. (ErA)












