Ливандагы "Хезболла" деген ким жана ал Израил менен согушабы?

Шейх Хасан Насралла 1992-жылдан бери "Хезболланы" башкарып келе жаткан шиит динаятчысы

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шейх Хасан Насралла 1992-жылдан бери "Хезболланы" башкарып келе жаткан шиит динаятчысы

Израилдин аскери Ливандагы "Хезболла" кол саларын билгенден кийин жекшембиде анын миңдеген ракеталык куралын учак менен бомбалаганын билдирди.

"Хезболла" өз кезегинде өткөн айдагы чоң кызматтагы командиринин өлүмүнө өч алуу үчүн Израилди көздөй жүздөгөн ракета менен дрондорду учурганын жана пландары эч кандай үзгүлтүккө учурабаганын айтууда.

Бул Израил менен Ливандын чек арасындагы он айдан бери күн сайын болуп жаткан атышуулардын эң курчуган учуру болуп калды жана эки жоонун ортосунда толук масштабдагы согуш чыгып кетиши ыктымалдыгы опурталдуу.

"Хезболла" деген ким?

Ал 1980-жылдардын башында региондо үстөмдүк кылган шиит күчтөрү - Иран тарабынан Израилге каршы туруу үчүн түзүлгөн.

Ал убакта Израилдин аскери Ливандагы жарандык согуштан пайдаланып өлкөнүн түштүгүн оккупациялап алган эле.

"Хезболла" 1992-жылдан бери улуттук шайлоолорго катышып келатат жана эң таасирлүү саясий күчкө айланды.

Анын куралдуу канаты Ливандагы израилдик жана америкалык аскерлерге ажал чачкан чабуулдарды жасаган. Израил аскери 2000-жылы Ливандан кеткенде, бул жоопкерчиликти "Хезболла" өзүнө алган.

Андан бери "Хезболла" Ливандын түштүгүндө миңдеген жоокер менен ракеталык арсеналды сактап калган. Чек арага чектеш талаштуу райондордо Израилге каршы аракетин улантып келатат. Батыш өлкөлөрү, Израил, Перс булуңундагы өлкөлөр жана Араб өлкөлөрүнүн лигасы аны террордук уюм деп тааныган.

2006-жылы "Хезболла" чек арадагы кандуу рейд жүргүзүп, андан Израил экөөнүн ортосунда толук масштабдагы согуш дүрт эткен.

Израиль аскери ошондо Түштүк Ливанга басып кирип, "Хезболла" коркунучун жок кылууга аракет көргөн. Бирок "Хезболла" алсырап жатып калган жок, андан бери кайра согушкерлеринин санын көбөйтүп, жаңы курал-жарак менен камсыз болду.

"Хезболланын" лидери Хасан Насралла ким?

Шейх Хасан Насралла "Хезболланы" 1992-жылдан бери башкарып келаткан шиит динаятчысы.

Ал уюмдун саясий жана аскердик таасирлүү күчкө айланышында маанилүү роль ойноду.

Анын Иран жана анын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи менен тыгыз байланышы бар.

Насралла көп жылдан бери эл алдына ачык чыкпайт, бул Израил өлтүрүп коет деген коркунучтан улам болушу мүмкүн.

Бирок "Хезболла" аны мурдагыдай эле кастарлайт, ар бир аптада анын сүйлөгөндөрү теледен көрсөтүлүп турат.

Ливан-Израил

"Хезболла" канчалык күчтүү?

"Хезболла" дүйнөдөгү эң мыкты куралданган мамлекеттик эмес түзүлүштөрдүн бири. Аны каржылап камсыздап турган Иран.

Хасан Насралла "Хезболланын" катарында 100 миң аскер бар экенин билдирген, бирок башка көз каранды эмес булактар аскер саны 20 миңден 50 миңге чейин деп эсептейт.

Алардын көбү жакшы машыгуудан өткөн, Сириядагы жарандык согушка катышкан согушкерлер.

Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун маалыматына караганда, "Хезболланын" карамагында 120 000-200 000 ракета менен снаряддары бар.

Бул арсеналдын чоң бөлүгү "Жер-Жер" классындагы артиллериялык чакан ракеталар. Мындан сырткары анда зениттик жана кемелерге каршы ракеталар, Израилдин аймагына сокку ура турган башкарылган ракеталары да бар деп айтышат.

Газа тилкесиндеги ХАМАСтын курал-жарагы, согуштук арсеналы буга караандабайт.

Ливандын жашоочулары Израил "Хезболланын" ракеталарына жооп кылып алардын үйлөрүнө сокку урганын айтууда

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ливандын жашоочулары Израил "Хезболланын" ракеталарына жооп кылып алардын үйлөрүнө сокку урганын айтууда

"Хезболла" Израилге согуш баштап жибереби?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

ХАМАСтын согушкерлери өткөн жылы Израилге кол салганда "Хезболла" палестиндиктерге тилектештик билдирип, Израилдин позицияларын аткылаган.

Андан бери ал Израилдин түндүгүн көздөй жана Голан тоосундагы Израилдин позицияларына каршы 8000 ашык ракета учурду, анын бронтехникасын ракеталар менен аткылап, дрондор менен чабуул койду.

Израилдин коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) жооп иретинде аба соккуларын жасады жана "Хезболланын" позицияларына танктардан ок атып, артиллерия менен сокуу урду.

Ливандын саламаттык сактоо министрлиги соңку он айда 560 адам курман болгонун билдирди. Алардын көбү "Хезболланын" согушкерлери, бирок кеминде 133 карапайым тургундар.

Израилдин бийликтери 26 жайкын турган менен 23 аскер курман болгонун айтууда.

Согуш болуп жатканына карабастан, байкоочулардын баамында, азыркыга чейин эки тарап толук масштабдуу согушка өтүп кетишкен жок. Бирок кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонуулар бар.

27-июлда Израил оккупациялап алган Голан тоосунда ракеталык аткылоодон 12 бала курман болгондон кийин ушундай кооптонуу күчөдү. Израил ракеталык чабуулду "Хезболла" жасады деп жатат, алар болсо муну четке кагууда.

Андан кийинки күнү Тегеранда ХАМАСтын саясий лидери өлтүрүлдү. Израил буга катышы бар жогун ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Ошондон бери региондо "Хезболла" менен Иран Израилге жооп кылат деп күтүп турушкан убак. (КC)