ХАМАС тобунун лидери Исмаил Хания Иранда өлтүрүлдү

Исмаил Хания

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Исмаил Хания

ХАМАС тараткан билдирүүдө, Исмаил Ханиянын Тегерандагы резиденциясына Израил аскерлери 31-июль күнү таңга жуук сокку урганы, андан куралчан топтун жогорку лидери набыт болгону айтылат.

Куралчан топ Хания набыт болгон сокку кандайча, кантип жасалганын азырынча түшүндүрө элек.

Ханиянын каза болгонун Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу да ырастады.

Бул боюнча Израил тараптан азырынча расмий билдирүү жарыялана элек.

Исмаил Хания бир күн мурда ал Ирандын жаңы президентинин инаугурациясына катышкан болчу.

Кыйраган Газадан бир көрүнүш

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыйраган Газадан бир көрүнүш

Ханиянын уулдарына чабуул

Ушул жылдын апрель айында израилдин Газага урулган аба чабуулдарынан ХАМАС уюмунун саясий кеңешинин башчысы Исмаил Ханиянын үч уулу каза тапкан. Кезинде бул маалыматты Израил да тастыктаган.

Ошол тушта Хания Al Jazeera телеканалына телефон аркылуу маек куруп, анын уулдары согуш учурунда Газада болгонун билдирген.

Көп өтпөй ошол эле чабуулда Ханиянын үч уулу эле эмес, эки небереси дагы каза тапканы маалым болгон.

Ал чабуулга кабылган уулдарын "азапка баткандар" деп атап, анын жакындарынын өлүмү ошол кездеги ок атышууларды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө ХАМАСтын позициясына эч кандай таасир бербейт деп билдирген эле.

"Биздин талаптар так жана түшүнүктүү. Биз эч кандай чегинүүлөргө барбайбыз. Эгерде душман сүйлөшүүлөр кызып турган чакта менин уулдарыма кол салуу биздин позициябызды алматырып жиберет деп ойлосо жаңылышат",- деген эле.

Соңку Израил-Палестин чатагы кандуу булоонго айланып, миңдеген киши көз жумду. Дагы миңдеген киши качкынга айланып, кризис чечилбей келе жатат. Эки тарап согуш үчүн бири-бирин айыптап, мунаса табылбай келет.

Исмаил Хания ким болгон?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Абу ал-Абд катары да белгилүү болгон Исмаил Хания 1962-жылы Газа тилкесинин батышындагы Шати качкындар лагеринде төрөлгөн.

Анын ата-энеси 1948-жылы азыркы Израилдеги Ашкелон шаарынын жанындагы үй-жайын таштап качууга аргасыз болушкан.

Ал Газадагы Ислам университетинде араб адабияты боюнча билим алып, ошол жерде Ислам кыймылына кошулган.

Исмаил Хания 1987-жылы окуусун аяктап, ошол эле жылы аны Израил биринчи жолу камакка алган.

Мындан сырткары, ал палистиналыктардын Израилдин окуппациясына каршы алгачкы көтөрүлүшү болгон.

Демонстрацияларга катышканы үчүн израил бийлиги аны кайрадан колго түшүргөн.

1988-жылы ХАМАС Газада алдыңкы боштондук кыймылы катары белгилүү боло баштаганда, ал да бошотулуп, кийин дагы бир жолу кармалган. Ошондо аны 6 айга камашкан.

Ал, ХАМАСтын бир нече лидери менен кошо Израил менен Ливандын чек арасындагы Марж аль-Зухур аймагына депортацияланып, бир жыл бозгунда жүргөн.

Хания 1993-жылы Газага кайтып барып, Ислам университетинин деканы болуп дайындалган.

Беш жылдын ичинде ал ХАМАСтын негиздөөчүсү Ахмед Ясиндин жардамчысы кызматына чейин жеткен.

Анын Яси́н менен жакын мамилеси, жүрүштүн ичиндеги анын баркын жогорулатып, палестин бийлигинин атынан Хания тобунун өкүлү болуп дайындалган.

2003-жылы сентябрда, Хания менен Ахмед Яси́н Израилдин Газа шаарына жасалган аба чабуулунан аман калышкан.

Экөө тең Израилдин аскердик учагы жакындап келатканын угуп, бомба ташталарына бир нече секунда калганда имараттан чыгууга үлгүрүшкөн.

Алты айдан кийин, Ахмед Ясин Израилдин аскердик тик учагынын аткылоосунан каза болгон.

Ясин көз жумгандан кийин Хания ХАМАСтын лидери болуп шайланган. Хания Израилдин окуппациясына каршы куралдуу каршылык көрсөтүүгө чакырып, 2006-жылы өткөн Палестинадагы парламенттик шайлоодо ХАМАСТын үгүт өнөктүгүн жетектеген.

ХАМАС менен Палестиналык ФАТХ партиясынын ортосундагы жаңжалга карабай, президент Махмуд Аббас өкмөттү куроо милдетин ага тапшырган.

2018-жылы Кошмо Штаттары ХАМАСты террористтик топтордун катарына кошуп, Ханияга каршы санкцияларды жарыялаган.