Газадагы мектепке чабуул: курмандыктар жана кыйроолор
Дэвид Гриттен, Би-Би-Си Жаңылыктары

Сүрөттүн булагы, Reuters
Оорукананын кызматкерлеринин айтымында, Газанын түштүк тилкесинде мектептин жанындагы качкындар лагерине Израилдин жасаган аба чабуулунан кеминде 29 палестиндик курман болуп, ондогондору жарадар болду.
ХАМАСтын көзөмөлүндөгү саламаттык сактоо министрлиги асмандан урулган сокку Хан-Юнистин чыгыш жагындагы Абасан аль-Кабир шаарындагы Аль-Авда мектебинин дарбазасына тушташ жерге тийгенин билдирди.
Израилдин аскер мекемеси өз кезегинде «ХАМАСтын согуштук канатындагы террористтерге "жогорку таамайлыктагы куралды" колдонушканын жарыялады. Аларды 7-октябрда Израилге болгон кол салууга катышкан деп айтууда.
Билдирүүдө Аль-Авда мектебинин «жанында» жайкын тургундар жабыркаганы жөнүндө кабарлар дагы каралып" жатканы айтылат.
Бул инцидент Израил аскери Абасан аль-Кабир жана Хан-Юнистин башка чыгыш тарабындагы райондорду эвакуация кылуу жөнүндө буйрук бергенден кийин болуп отурат. Он миңдеген адам качууга аргасыз болду.
Би-Би-Си сүйлөшкөн күбөлөр асмандан чабуул болгон убакта бул райондо баш калка издеп тентип жүргөн адамдар көп болгонун белгилеп, кандуу окуя кандай болгонун сүрөттөп айтып беришти.
Кол салуунун натыйжасында масштабдуу кыйроолор болуп, аялдар жана балдар курман болду.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Адамдардын денеси бүт жакта чачылып жатат, ал эми мектептен сырткары жүргөн адамдар жарадар болду.
21 жаштагы Айман Аль-Дахма Би-Би-Сиге айтып бергендей, ошол убакта бул райондо базар менен турак үйлөрдө 3000 адам бар эле.
Ал жардыруудан колу-буту жулунуп, денеси чачырап кеткен адамдарды көргөнүн айтып, курман болгондор санын “оңбогондой” деп атады.
«Алар бул коопсуз жер деп айтышкан, суу жана тамак, мектеп жана башкасы бар … Анан эле бир маалда күтүүсүздөн сага жана сенин жаныңдагы адамдарга ракета түшүп атпайбы».
Мохамед Аваде Анзех Би-Би-Сиге бул райондо адамдар жана соодагерлер көп болгонун айтты.
«Аңгыча, биз отургуча, даң деген үн чыкты. Караңгы боло түштү … Мен ымыркай баламды эмизип отургам».
«Кандай болгонун билбей калдым. Баламды көтөрдүм да жүгүрүп жөнөдүм … жүгүрүп баратып бутуман кан чууруп жатканын көрдүм».
Ал ошол көрүнүштү үрөй учурган деп атап, көчөдө ар кай жерде чачылып жаткан адам мүчөлөрүн көргөнүн айтты.
Икрам Саллоут аттуу тургун бул районго асмандан сокку урулат деп эч кандай алдын ала эскертүү болгон эмес жана конфликттин айынан үй-жайын таштап качып келген адамдар бул жакта көп жүргөн эле дейт.
«Качкындар көп болчу – көчөдө басышка мүмкүн эмес эле, чатыр менен адам жайнайт, арасында жаштары да көп».
Ал адамдардын алган жарааты абдан оор жана олуттуу экенин, кичинекей балдар да бар экенин айтууда.
Видеороликтердин бирөөндө жергиликтүү оорукананын полунда өлгөн ондон ашык жана оор жарадар болгон көп адамдар жатканы, арасында бир нече бала бар экенин көрүүгө болот.
Жарадар болгондор жеткирилген Насер ооруканасынан курман болгондор саны дагы көбөйүшү мүмкүн деп билдиришти.
Бул соңку төрт күндө качкындар жайгашкан же аларга жакын жердеги мектепке болгон төртүнчү кол салуу.
Израилдин аскер өкүлдөрү болсо бул жакты ХАМАСтын согушкерлери база кылып пайдаланып жаткан үчүн үч жолу сокку урушканын билдирүүдө.
- Ишембиде Газанын борбордук бөлүгүндө 2000 качкын баш калкалап турган Нусейрат лагеринде, мектепке урулган соккудан 16 адам курман болду.
- Жергиликтүү булактардын кабарлашынча, жекшембиде Газа шаарынын чиркөө мектебине урулган соккудан ХАМАСтын чоң кызматтагы өкмөттүк өкүлү жана үч адам каза тапты.
- Дүйшөмбүдө кечинде БУУ уюштурган Нусейрат мектебине кол салуудан бир нече адам жарадар болгону кабарланды.
Израилдин аскери 7-октябрдагы 1200 адам курман болуп, 251 адам барымтага алынган Израилдин түштүгүнө болгон кол салууга жооп кылып, Газа тилкесинде ХАМАС топторун жок кылуу операциясын баштаган.
ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бул тилкеде курман болгондор саны 3840 адамдан ашты. (КС)












