Батыш жээктеги балдардын өлүмү. Израиль аскердик кылмышка айыпталды
Изобель Юнг, Джош Бейкер жана Сара Обейдат
Би-Би-Си Жаңылыктар кызматы

Өткөн жылы 29-ноябрда күндүз Батыш жээктеги палестиндик балдар өздөрү күндө ойноп жүргөн көчөгө чыгышкан. Бир нече мүнөттөн кийин алардын экөөнүн - 15 жаштагы Базил жана сегиз жаштагы Адамдын өмүрү Израиль аскери аткан октон чарт үзүлдү.
Жарым кылымдан ашык убакыт оккупацияда келаткан Батыш Жээктеги израилдик коопсуздук күчтөрүнүн иш-аракетин иликтөөнүн алкагында Би-Би-Си балдар өлтүрүлгөн күнү болгон окуяны тактап чыкты.
Мобилдик телефон менен видеокөзөмөл камераларындагы жазуулар, Израилдин аскерлеринин кыймылы тууралуу маалыматтар, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана окуя болгон жерди тыкыр иликтөө, анын ичинде өлчөөлөр баары адам укуктарынын олуттуу бузулганын көрсөткөн далилдерди ачыктады.
Биз тапкан далилдер БУУнун адам укуктары жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча атайын баяндамачысы Бен Саулдун Адамдын өлүмү “согуш кылмышы” деп айтуусуна негиз болду.
Дагы бир укук мамилелери боюнча эксперт, доктор Лоуренс Хилл-Коуторн өлүмгө дуушар кылуучу күч колдонууну "башкаруусуз" деп мүнөздөдү.
Израилдин Коргоо Күчтөрү (IDF) каза болгондордун жагдайлары "каралууда" деп билдирди, бирок "согуштук курал башка жолдор калбай калганда, камакка алуу протоколдорунан кийин дароо коркунучтарды жоюу үчүн же камакка алуу максатында гана колдонулат" деди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
7-октябрдагы Хамастын Газадан Израилге кол салуусунан улам бир нече ай ичинде Иордан дарыясынын Батыш жээгинде зордук-зомбулук күчөгөндүктөн, Би-Би-Си израилдик аскерлер палестиналыктардын үйлөрүн граффити менен талкалап, палестиналык жарандарды курал менен коркутуп, коңшу Иорданияга аймакты таштап кетүүнү талап кылганын жана мындайда палестиналык курал көтөргөн адам дароо жок кылынышы мүмкүн экенин тастыктады.
29-ноябрдагы видеотасмаларда Базилдин чарбалык дүкөндүн жанында экенин, анын жапкычтары бекем жабылып турганын көрүүгө болот. Израилдин аскерлери келгенде, Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги ХАМАС тарабынан башкарылбаган Палестинанын аймагы – Женин шаарында дүкөндөр тез жабылат.
Күбөлөрдүн айтымында, Израил армиясынын Женин качкындар лагерине жакын жерде жүргүзгөн операциясы учурунда ок атышуулар угулуп турду.
Футбол фанаты жана Лионель Мессинин күйөрманы болгон Адам 14 жаштагы улуу агасы Баханын жанында турган. Көчөдө бардыгы болуп тогуз бала болгон, алардын баары видеокөзөмөл камераларына тартылып калгандыктан, кийинки окуяны 360 градуска жакындатып көрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Бир нече жүз метр алыстыкта Израилдин кеминде алты брондолгон аскерий автоколоннасы бурчтан бурулуп, балдарды көздөй бет алганда, алар ачык эле тынчсыздана баштады. Балдардын бир нечеси кетүүгө кам урду.
Так ушул учурда уюлдук телефондон брондолгон унаанын алдыңкы эшиги ачылганын көрүүгө болот. Ичиндеги аскер балдарды түз карап турган. Базил жолдун ортосуна чуркап, аскерлерден 12 метр алыстыктагы Адам качып баратты.
Анан бери дегенде мылтыктын 11 жолу атылган үнү угулду.
Окуя болгон жерди изилдеген Би-Би-Си октун кеңири аймакка тийгенин аныктады. Төрт ок темир мамыга, экөө дүкөндүн жапкычына тийип, бири токтоп турган унаанын бамперин, дагы бири кармагычты тешип кеткен.

Би-Би-Си алган медициналык корутундулар көрсөткөндөй, эки ок Базилдин көкүрөгүнө тийген.
Дагы бир ок сегиз жаштагы Адам качып баратканда желкесине тийген. Анын улуу агасы Баха тез жардам сурап кыйкырып, кандын изин калтырып, инисин коопсуз жерге сүйрөп кетүүгө аракет кылган.
Бирок өтө кеч болуп калган. Баха Адам жана анын досу Базил көз алдында каза болгонун айтты.
"Нес болуп калганымдан улам, өзүм жөнүндө ойлогон да жокмун. Иним менен сүйлөшүүгө аракет кылдым. Мен: "Адам, Адам!" деп атын атай баштадым, бирок андан эч кандай жооп болбогондуктан, өлүп калганын түшүндүм", - деди Баха Би-Би-Сиге ыйлап.

Атылганга чейин Базил колуна бир нерсени кармап турганын көрүүгө болот. Бул эмне экени белгисиз. Кийинчерээк Цахал окуя болгон жерден тартылган сүрөт менен бөлүшүп, колундагы жардыруучу зат экенин айткан.
Окуя болгон жерде биздин иликтөөбүздүн далилдери бир катар көз карандысыз эксперттерге, анын ичинде адам укуктарын коргоочу адвокаттарга, согуш кылмыштары боюнча тергөөчүгө жана терроризм боюнча экспертке, ошондой эле БУУнун мүчөлөрүнө жана башка бейтарап органдарга берилди. Айрымдары өз тыянактарын купуя кат аркылуу билдиришти.
Эксперттер окуяны иликтөөгө макулдашып, айрымдары эл аралык укук бузуулар болуп жатканын айтып, муну токтотпош керек дешти.
БУУнун адам укуктары жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча атайын баяндамачысы Бен Саулдун айтымында, эгер Базилдин колунда жардыруучу зат болсо, анда мыйзамдуу түрдө күч колдонулушу туурабы деген суроолор жаралбай койбойт.
"Адамдын өлүмүнө байланыштуу бул аянычтуу окуяда эл аралык гуманитардык укукта айтылган "жарандарга атайылап, ылгабай же пропорционалдуу эмес кол салууга тыюу салуу" көз көрүнөө тепселген. Бул согуш кылмышы жана кишинин жашоого болгон укугун бузуу болуп саналат" деди Саул мырза.

Бристол университетинин Эл аралык укук борборунун тең директору, доктор Лоуренс Хилл-Коуторн мындай дейт: "Жоокерлер бронетранспортерлордо болгон. Коркунуч болгон күндө да алар камакка алууну пландап, айдап кетип калышса болмок. Бул эч кимди бөлбөстөн, өлүмгө дуушар кылуучу күчтү колдонбоо тууралуу эл аралык укукту бузуу болуп эсептелет».
Израиль коргонуу күчтөрү билдиргендей, сол жактагы Базил досу Баха менен көчөдө жүргөндө жардыргыч затты кармап турган.
Израиль армиясы шектүүлөр аларды көздөй жардыргыч зат ыргытмакчы болгонун жана дароо коркунучка салганын билдирди. "Аскерлер ок менен жооп беришкен жана соккулар туура болгону аныкталган", - деп билдирди Израилдин аскер өкүлдөрү.
Бирок биз текшерген видео далилдерге жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө караганда, Адамдын куралы жок окшойт, башына ок тийгенге чейин качып жүргөн.
Израиль коргонуу күчтөрү Базил менен Адамдын өлүмүнүн жагдайлары "каралып жатат", Батыш жээктеги израилдик аскерлердин ишмердүүлүгүнөн улам балдардын ар бир өлүмү дайыма тыкыр иликтенет деп билдирди.
Бирок Би-Би-Синин далилдерин карап чыккан бир нече мурдагы израилдик жоокерлер Израилдин укуктук системасы өлүмгө дуушар кылган аскерлерди, коюлган дооматтын негиздүү болгонуна карабастан коргойт деп ишенишет.
2018-2020-жылдары Иордан дарыясынын батыш жээгинде кызмат өтөгөн мурдагы сержанттардын бири, "Израилде бир палестиналыкты өлтүргөн израилдик жоокер Израилде киши өлтүрүүчү катары кабыл алынышы керек", бирок Адам сыяктуу учурларда"негизинен кылмыш ишин козгоо мүмкүнчүлүгү 0%" деп айтты.
Израилдик укук коргоочу Йеш Дин уюмунун маалыматы боюнча, израилдик аскерлерге каршы даттануулардын бир пайыздан азы гана соттук териштирүүгө жетет.

Газадагы согуштун башталышы менен бирге Израиль оккупацияланган Батыш жээкте да аскердик операцияларын күчөтүп, өткөн жыл балдар үчүн эң кесепеттүү жыл болуп калды.
ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, 2023-жылы 124 бала курман болсо, алардын сексен беши 7-октябрдан кийин өлтүрүлгөн.
Ушул жылдын башынан бери Батыш жээкте 36 палестиналык бала израилдик журт которгондор же аскерлер тарабынан өлтүрүлгөн.
Батыш Жээк согуштук аймак деп эсептелбегендиктен, эл аралык мыйзамдарга ылайык күч колдонуу чектелүү болушу керек.

ЦАХАЛ күч колдонуу эрежелеринин чоо-жайын ачпаса да, мурунку жана азыркы израилдик аскерлер өмүргө реалдуу жана дароо коркунуч болгондо бул акыркы чара болушу керек экенин айтышты. Башкача айтканда көп баскычтуу мамиле кылуу керек.
Алардын айтымында, алгач араб жана иврит тилдеринде оозеки эскертүү, андан кийин көздөн жаш агызуучу газ сыяктуу өлүмгө алып келбеген куралдарды колдонуу, андан кийин бутка ок атуу, андан кийин гана тикелей атууга болот.
Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Палестина автономиясынын саламаттыкты сактоо министрлиги Би-би-Сиге 2023-жылдын январынан 2024-жылдын январына чейин Израилдин огунан ажал тапкан эки жаштан он жети жашка чейинки балдардын өлүмү боюнча медициналык отчетторду алууга мүмкүнчүлүк берди. Бул өлүмдөрдүн так жагдайлары бизге белгисиз жана айрым балдар чынында эле израилдик аскерлердин өмүрүнө коркунуч туудурган болушу мүмкүн.
Бирок биздин анализ көрсөткөндөй, алардын 98% га жакыны дененин өйдө жагынан жаракат алган, бул деген атып өлтүрүү ыктымалдыгы жогору дегендик. Демек, мындай учурларда аскерлер жарадар кылуу, өлтүрүү максатында атышат. (МА)












