Израиль Рафахтагы элге "гуманитардык тилкеге" көчүүгө буйрук берди

Рафах

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израил бийликтери буйрук бергенден кийин палестиндиктер Рафахтын чыгышын таштап кетип жатат.

Израилдин аскер өкүлдөрү палестиндиктерге Рафах шаарынын чыгыш жагынан чыгып кетүүгө буйрук берилгенин билдирүүдө. Газанын түштүгүндөгү шаарда "чектелген" аскердик операция башталганы турат.

100 миңден ашык адам Хан-Юнис менен аль-Мавасидеги "кеңейтилген" гуманитардык тилкени" карай жөнөгөнү кабарланууда.

Согуштун жети айынан кийин Израиль Хамасты чөгөлөтүш үчүн Рафахты албасак болбойт деп билдирүүдө.

Тель-Авив талап кылып жаткандай, Рафахка ири чабуул башталса, Израилдин аскер күчтөрүнүн карапайым жарандарга карата планы кандай болору мурда эле белгилүү болчу.

Байдендин администрациясы Израилди шаарга кол салуудан алыс болууга үндөгөн, анткени куралсыз миңдеген жайкын адамдар ажал айдаган сокку алдында калышат.

Рафахтан башпаанек тапкан палестиналыктар бир нече айдан бери Израил басып кирет деп жүрөк заада болуп күтүп, чатырларда, мектептерде жана батирлерде күн кечирип келди. Рафахка келгенге чейин көптөрү Газанын башка аймактарына барууга Израилден чакырык алышкан, бирок аларга башка коопсуз жай табылган жок.

Эл аралык кысымдарга карабастан, ЦАХАЛ ХАМАСтын калган согушкерлерин жок кылуу үчүн Рафахка басып кирерин бир нече жолу эскертип келатат.

"Жакынкы күндөрү биз ХАМАСка аскердик жана дипломатиялык кысымды күчөтөбүз, анткени бул биз үчүн барымтадагыларды бошотуп, жеңишке жетүүнүн бирден - бир жолу",-деди Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жөттөрдүн Песах майрамын утурлай.

Кээ бир палестиндиктер Рафахты таштап Газанын түндүк жагындагы тургундар баш паанектеген башка райондорго кетип жатышат

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кээ бир палестиндиктер Рафахты таштап Газанын түндүк жагындагы тургундар баш паанектеген башка райондорго кетип жатышат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Акыркы күндөрү Израилдин аба күчтөрү Рафахтагы буталарга сокку урууда. Жекшембидеги соккулардан кеминде 16 палестиналык каза тапты, алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар, деп билдирди палестин автономиясынын расмий маалымат агенттиги Wafa. Апрелдин ортосунда Израил резервисттердин эки бригадасын "Газадагы фронтто ыкчам иш-аракет жүргүзүү үчүн" чакырганын билдирген болчу.

Нетаньяху Израил операция башталганга чейин карапайым калкты эвакуациялоону пландап жатканын айткан. Аскер өкүлдөрү Газанын тургундарын Газа тилкесинин аймагында курула турган гуманитардык анклавдарга көчүрө турганын билдирген. Ал жакта азык-түлүк, суу, турак-жай жана медициналык кызмат болот дейт.

Израиль Газада эки гуманитардык коридор ачмакчы болууда. Буга чейин Байден Нетаньяхудан Газанын тургундарын коргоону талап кылган.

Египеттин расмий өкүлдөрүнүн айтымында, эвакуация операциясы эки-үч жумага созулат жана АКШ, Египет жана башка араб өлкөлөрү менен макулдашылып жүргүзүлөт. Алардын айтымында, Израил Рафахка аскерди бөлүп-бөлүп, негизинен согушкерлер менен ХАМАСтын лидерлери жашынган аймактарга киргизген жатат. Согуш кеминде алты жумага созулат деп күтүлүүдө.

Израилдин расмий өкүлү «Нью-Йорк Таймска» берген интервьюда айткандай, Израиль эгер басып кирсе, ал палестиналыктарга Аль-Маваси деп аталган жээктеги тар тилкеге жана Газанын башка аймактарындагы кеңейтилген "гуманитардык аймакка" көчүүнү сунуштайт.

Израил Аль-Мавасиден тышкары канча жерди жарандар үчүн "гуманитардык аймак" катары бөлүүгө аракет кылары белгисиз. Planet Labs компаниясы спутниктен тарткан сүрөттөр акыркы бир нече айда ал жерде адам саны кыйла көбөйгөнүн көрсөттү: жекшембиде тартылган сүрөттө январдын ортосунда бош турган аймакта лагерлер туруп калганын көрүүгө болот.

Рафахтагы чатыр лагери

Спутниктен алынган сүрөттөрдө Хан-Юнистин батышында жаңы лагерь курулуп жатканын да көрүүгө болот. Өткөн бейшембиде тартылган сүрөттөрдө 100гө жакын чатыр болсо, жекшембидеги сүрөттө 400дөн ашык чатыр бар.

Шейшемби күнү салгылашуу Газанын башка аймактарында дагы уланды: Израилдин аскерлери Газа тилкесинин эң түндүк шаарларынын бири Бейт-Лахияга бир нече аба соккуларын жасаганын айтууда.

Израилдин коргоо армиясынын басма сөз катчысы Авичай Адрай шейшемби күнү тургундарга Бейт-Лахиядан дароо эвакуация болуу үчүн "шашылыш эскертүү" менен кайрылды. "Сиз коркунучтуу согуш тилкесиндесиз",- жазды Адрай социалдык тармактарда арабча.

Anera гуманитардык уюмунун Иерусалимдеги кеңсесинин директору Сандра Рашид Израил ага Рафахта боло турган операция тууралуу маалымат бербегенин, бирок уюм өзүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлөсү үчүн Аль-Мавасиде баш паанек тапканын айтты. Израил шаарга аскердик жүрүш жасай турганы тууралуу кабар бербегенин БУУнун өкүлдөрү да айтууда.

Израилдин аскерлери Газанын тургундарына Аль-Мавасиге көчүүнү алгач октябрдын башында сунуш кылган жана декабрда Хан-Юнис шаарын камалоого буйрук берип жатканда бул талапты кайталашкан.

Рафахты кантип жана эмне үчүн алыш керек?

Израиль Хамастын аскердик канатын сындыруу үчүн Газанын Египет менен чек арасына жакын жайгашкан Рафахты көзөмөлгө алуу керек деп жатат. Израилдин аскерлери Хамастын 20 аскер батальонунун 24 жок кылганын жана эми Рафахтагы калган согуштук күчтөрдү ойрондош керек деп ырасташууда.

Израил согушкерлерди жана Хамастын жогорку аскердик жетекчилигин жок кылуудан тышкары, октябрдагы чабуулдан кийин барымтага кеткен 129 адамды куткарууну көздөп жатат, алардын көбү Рафахта деген божомол бар.

Wall Street Journal маектешкен эксперттер Израиль Хамастын калган төрт батальонун Рафахка кирмейинче жок кыла албайт деп эсептейт, бирок узак мөөнөттүү стратегиялык максат Газа менен Египеттин чек арасындагы тар тилке болгон "Филадельфия коридоруна" көзөмөл орнотуу болушу мүмкүн.

Израиль көптөн бери чек аранын астындагы контрабандалык туннелдер Газадагы куралдуу топторго, анын ичинде ХАМАСка курал-жарак жана башка тыюу салынган материалдарды жеткирүүдө маанилүү ролду ойнойт деп ырастап келет.

Израиль 2005-жылы Газадан чыгып кеткенде бул коридорду көзөмөлдөбөй калган. Чек ара аймагында Египеттин бийлиги менен макулдашуу боюнча этият гана чаралар көрүлөт. Каир буга чейин Рафах аймагындагы чек ара тилкесине Израилдин аскер жайгаштыруу сунушун четке каккан.

Рафах Египет мененболгон чек арада жайгашкан, бирок Египет Газанын тургундарын өз аймагына киргизбейт, ошондуктан алардын бара турган жери жок.

Жардамдын басымдуу бөлүгү Газа тилкесине Рафах аймагындагы эки өткөрүү бекети аркылуу келет. Учурда бул жакта БУУнун агенттиги жана башка жардам топтору, ошондой эле иштеп жаткан ооруканалар жана клиникалар жайгашкан. Жардамдын, айрыкча азык-түлүктүн токтотулушу кесепеттүү болушу мүмкүн. БУУ жана башка эл аралык гуманитардык уюмдар Газада ачарчылык мына-мына башталат деп эскертишүүдө.

Эл аралык гуманитардык уюмдардын аракетине карабай, Газадагы азык-түлүк көйгөйү курчуп баратат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эл аралык гуманитардык уюмдардын аракетине карабай, Газадагы азык-түлүк көйгөйү курчуп баратат

Байдендин администрациясы Израилди Рафахтагы ири аскердик операциядан баш тартууга бир нече жолу үндөгөн. Өткөн аптадагы онлайн жолугушууда америкалык расмийлер Израил сунуш кылган чабуулдун варианттарын карап чыгышты, бирок бул пландар президент Байдендин карапайым калктын коопсуздугу жөнундөгү талабына туура келген жок деп билдирди New York Times.

"Президент Байден абдан ачык айтты: Биз Рафахтагы ири аскердик операцияны колдой албайбыз",- деди мамлекеттик катчы Энтони Блинкен жума күнү. Анын айтымында, мындай кадам шаарда калган жарандарга "оор кесепет алып келет" жана Израиль, анын ою боюнча, аскердик максаттарын башка ыкмалар менен ишке ашырса деле болот.

Шейшемби күнү Вашингтондо өткөн пресс-конференцияда АКШнын Газадагы гуманитардык иштер боюнча атайын өкүлү Дэвид Саттерфилд Байдендин администрациясынын Израилдин Рафахты басып алуу пландарына тынчсыздануусун ырастады.

"Биз ишенимдүү жана гуманитардык плансыз Рафахта жер үстүндөгү операцияны колдой албайбыз",- деди ал.

Рафахтын чабуулу Тель-Авивдин Вашингтон менен болгон мамилесин ого бетер бузуп жибериши мүмкүн. Алардын мамилеси Ирандын ракеталык чабуулунан кийин кичине оңоло баштаган эле. АКШ жана Израилдин башка союздаштары Израилдин аймагын Ирандын ракеталык чабуулунан коргоого жардам берди.

Бирок региондо чыңалуу күчөп баратат. АКШнын Коргоо министрлигинен кабарлашкандай, Ирак менен Сириядагы аскерлерге бир күн ичинде, дээрлик эки ай ичинде биринчи жолу кол салуу болду. Жекшембиде коалициялык күчтөр Сириядагы Румалин базасынын жанында ракета учурган аскердик жайды жок кылышкан. Дүйшөмбү күнү Айн-эль-Асад авиабазасынын аймагында эки дрон атып түшүрүлдү. (КС)