Израил-ХАМАС согушу: Эр-Рияддагы саммит Эл аралык соттун прокуроруна кайрылды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Араб жана ислам өлкөлөрүнүн лидерлери Эр-Рияддагы жыйында Эл аралык кылмыш сотундагы прокурордон Израилдин Палестиндеги аскердик кылмыштарын иликтөөнү талап кылышты.
"Эл аралык соттун прокурору Израил бардык оккупацияланган аймакта, анын ичинде Иерусалимде палестин элине жасаган аскердик кылмыштарды жана адамгерчиликке каршы кылмыштарды иликтөөнү аякташы керек, Ислам кызматташтыгы уюмуна жана Араб өлкөлөрүнүн лигасынын генералдык катчыларына бул талаптын аткарылышына көз салуу тапшырмасы берилип, укуктук мониторинг боюнча адистер менен эки бөлүм түзүлсүн",-деп айтылат корутунду декларацияда.
Мониторинг боюнча бөлүмдөр Газа тилкесинде 2023-жылдын 7-октябрынан тарта Израил жасаган кылмыштарды документтештирип, эл аралык гуманитардык укуктун бузулган учурлары боюнча материалдарды сотко даярдайт.

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency
Эр-Рияддагы жыйынга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы катышып, Кыргызстан Палестина элинин көз карандысыздыкка жана суверендүү мамлекетти түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын тааный турганын билдирди. Ал палестиналыктардын таламдарына жана каалоолоруна жооп берген бирден-бир туура чечим - Коопсуздук Кеңешинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын тиешелүү резолюцияларынын аткарылышы керектигин айтты.
Бириккен Улуттар Уюму мындан мурда эле Израилди Газа тилкесинде жашаган адамдарды "коллективдүү жазалоо" менен "аскердик кылмыш" кылып жатат деп билдирген эле. Израил өз кезегинде коргонууга укугу бар экенин жана ХАМАС исламчыл тобун жок кылууга умтулуп жатканын айтууда. 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери басып кирип, 1400 адамды өлтүрүп, 200 дөн ашык адамды барымтага алып кеткенден бери Израил Газа тилкесине тынбай абадан сокку урууда.
"Израилдин Палестиндин жарандык калкын коллективдүү жазалоосу элди зордоп эвакауация кылуу сыяктуу эле аскердик кылмыш болуп саналат",-деди 8-ноябрда БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк. Ал ошондой эле аскердик кылмышты ХАМАС да кылганын айтты.
ХАМАС башкарган саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Газада он бир миңден ашык адам курман болду. Анын ичинде 4609 бала жана 3100 аял бар. Ошондой эле 28200 адам жаракат алды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аскердик кылмыштар деген эмне жана ал үчүн кандай жазалоо чаралары каралганына Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын кабарчысы Айн Галлахер төмөнкү макалада токтолот.
Эл аралык гуманитардык укук деген эмне?
БУУ билдиргендей, кайсы гана конфликт болбосун карапайым калкты коргоо биринчи орунда болушу керек, эч бир тарап бул мыйзамдан жогору эмес. Бул эл аралык гуманитардык укук катары белгилүү.
"Бир тараптын мыйзам бузуулары экинчи тараптан мыйзам бузууну актоо катарында колдонулбайт",-дейт Улуу Британиядагы Юридикалык мектептин жана адам укуктары борборунун доценти Тара Ван Хо.
«Ошол сыяктуу эле, Израил менен палестин өкмөтүнүн, ХАМАСтын ортосунда күчтөрдүн тең эместиги бир да тараптын милдетин жокко чыгарбайт».

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Женева конвенциясы деген эмне?
1939-45-жылдары Дүйнөлүк экинчи согуш убагында нацисттердин алты миллион еврейди кырганы бул мыйзамдардын күчүн кеңейтүүгө алып келди, ошондой эле БУУ түзүлдү.
1949-жылы бекиген Женева конвенциясынын негизги төрт принциби:
1. Согуш болуп жаткан зонада медициналык кызматкерлер жана ооруканалар коргоого алынып, аларга эркин иштегенге уруксат берилет.2. Согушта жарадар болуп катардан чыккандар медициналык жардам алганга укуктуу.3. Аскер туткундарына гумандуу мамиле кылуу зарыл.4. Согушкан тараптар карапайым элди коргоого милдеттүү (электр жана суу менен камсыздаган жарандык инфраструктурага кол салууга болбойт).

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Геноцид деген эмне?
Терминди иштеп чыккан польшалык юрист Рафаэль Лемкин өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн көбүн Холокост убагында жоготкон. 1948-жылы БУУ Геноцид жөнүндө конвенция кабыл алган.
"Геноцид деген кылмышкерлердин бир өзүнчө адамды же аскердик же куралдуу топтордун мүчөлөрүн эмес, өзүнчө иденттүү топту толугу менен же жарым-жартылай жок кылуу максатында жасаган иши",-дейт доктор Ван Хо.
"Мына ушундай конкреттүү түрдө жок кылуунун көрүнүшү геноцидди эл аралык кылмышта далилдөөнү аябай татаал кылат".
Ошондой эле балдардын төрөлүшүн кыскартуу же зордоп көчүрүү да геноцидке кирет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1998-жылы руандалык Жан-Поль Акайесу Эл аралык кылмыш трибуналы геноцид боюнча соттогон биринчи адам болуп калды. Аны 1994-жылы 800 миң адамдын өлүмү боюнча күнөөлүү деп табышкан.
Мындан башка дагы эки иш БУУ колдогон соттордо каралган - 70-жылдары камбоджалык кызыл кхмерлердин чам улуттук азчылыктарын жана вьетнамдарды өлтүрүүсү, 1995-жылы Боснияда Сребреницада 8000 мусулман эркек менен балдардын кыргын болушу.
Адамзатка каршы кылмыш деген эмне?
Геноцидден айырмаланып, мында карапайым элге кол салууда конкреттүү этникалык же расалык топтор жок. Ага киши өлтүрүү, депортация, кул кылуу, жыныстык зомбулук, апартеид, кыйноолор жана кыйнап жоготуулар кирет.
"Биринчиден, карапайым элге багытталган кол салуу менен карапайым элге зыян алып келген, бирок чынында конфликтке катышкан кимдир бирөөгө же объектини бутага алган кол салууну айырмалашыбыз керек",-дейт доктор Ван Хо.
"Экинчиден, чабуулдардын артында аны кеңири масштабка системалуу түрдө алып чыккан айрым бир уюшма болушу керек, ага катышкан адамдар ошол чабуулдун бир бөлүгү экенин билиши абзел".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Согуш кылмыштары деген эмне?
Аскердик кылмыштар эл аралык же ички куралдуу конфликт учурунда болот.
"Аскердик кылмыштардын ар кайсы келишимдерден келип чыккан узун тизмеси бар, бирок эң көп тараганы - адамдарды коргоого албай, ашкере зыян келтирүү же гуманитардык уюмдарды милдетин аткарууда коркунучка кептеген учуру",-дейт доктор Ван Хо.
Бул кылмыштар кандай жазаланат?
Эл аралык сот БУУнун бир бөлүгү. Бир өлкө экинчи өлкөгө каршы доо коюп ушул сотко кайрыла алат. Азыркы убакта эл аралык сот 2017-жылы аскердик репрессиядан дээрлик миллион адам качкан окуяда рохинжаларга каршы геноцид болдубу деген маселени карап жатат. Иш Гамбиянын арызы боюнча каралууда.

Сүрөттүн булагы, ICC
Эл аралык кылмыш соту 2002-жылы түзүлгөн. Бул улуттук бийлик сот акыйкаттыгын ишке ашыра албаганда гана кийлигише турган акыркы инстанциядагы сот.
АКШ, Кытай, Россия, Индия жана Израил бул макулдашууга кол коюшкан эмес. Ал эми Палестин автономиясы буга 2015-жылы кошулган.
Эл аралык соттун прокурору Карим Хан жакында Египетке барып, бирок Газага кире албады. Ал басма сөз жыйынында израилдик аскерге эскертүү берди.
"Бейкүнөө адамдарга жана кайтаруудагы объектилерге кандай гана кол салуу болбосун, мыйзам жана согуштун салтына шайкеш келиши керектигин алар көрсөтүшү керек",-деди ал. "Ар бир турак үй, мектеп, оорукана, чиркөө, мечит - бул жайлардын баары кайтарууга алынышы керек".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
ХАМАСтын кол салуусунан жабыркаган израилдиктер өздөрүнүн өкмөтүнүн каршылыгына карабай, Эл аралык сотко кайрылып, иликтөөнү баштоону өтүнүшкөн.
Тель-Авивдин жанындагы Райхман университетинин эл аралык кылмыштар боюнча юристи Яэль Виас Гвирсман өлтүрүлгөн, барымтага алынган же дайынсыз жоголгон кырк курмандыктын үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоодо.
Анын айтымында, ХАМАС жана Исламчыл Жихад адамгерчиликке каршы кылмыш кылды.
«Эл аралык сот баары үчүн берген мандатын аткарсын», - деди ал Би-Би-Сиге. «Курмандыктар үчүн чындык менен акыйкаттык болушу керек».

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Доктор Ван Хо жоопкерчиликке умтулуу эч убакта «үмүтсүз» болбойт дейт, бирок бийлик тараптагы иштин машакаты да бар экенин белгилейт.
«Эл аралык сот үчүн олуттуу тоскоолдук - керектүү маалыматтын бир бөлүгү бир гана мамлекеттин же куралдуу топтун колунда экени, алар өз ыктыяры менен бул маалыматтарды бербейт», — дейт.
Доктор Ван Хо ар бир мамлекет биринчи кезекте өзүнүн кызыкчылыгын көздөп турганда, акыйкаттык үчүн «оор кармаш" болот дейт.
«Тилекке каршы, биз бул тандоо карапайым адамдардын башына түшкөн мүшкүл экенин көрүп жатабыз». (КС)









