Израил Газадагы ХАМАС курган туннелдерди сууга бастырууда

Себастьян Ашер, Би-Би-Синин Жакынкы Чыгыш боюнча аналитиги

Газанын туннелдеринде бекинген палестин жоокерлери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Газанын туннелдеринде бекинген палестин жоокерлери

Израил армиясы ХАМАСтын Газада курган туннелдерин деңиз суусуна бастырып баштаганын биринчи жолу ырастады.

Бир нече апта мурда ХАМАСтын Газа тилкесинде курган эбегейсиз туннелдер тармагын сууга бастыруу боюнча Израилдин планы биринчи жолу талкууланганда бул бүт баарын кабатыр кылды эле.

"Хамастын" колунда барымтада тургандарга бул жагдай дагы бир коркунуч апкелет деп алардын үй-бүлөсү ого бетер кооптонуп калды. Анткени туткундардын көбү ушул туннелдерде кармалып турат.

Эксперттер деңиз суусун пайдалануудан Газанын кыйналып турган калкы ичип аткан таза суу булактарына олуттуу зыян болот деп жатат.

Израил армиясы туннелдердин бир бөлүгүн сууга бастырганын ырастап, бирок анын алдында суу булактары ууланбасын деп комплекстүү текшерүүлөрдү жасаганын билдирди.

Армия ошондой эле ХАМАСтын жер алдынан туудурган коркунучун жоюнун башка дагы чаралары көрүлүп жатканын эскертти.

Кыйма-чийме курулган туннелдер

Израилдин негизги буталарынын бири - лидерлердин бункерлерин жана башкаруу пункттарын камтыган ХАМАСтын туннелдеринин эбегейсиз лабиринти. Барымтага алынгандардын көбү ушул туннелдерде экени шексиз.

Көп жылдар бою Газа тилкесине Египеттин чек арасынын алдынан өткөн туннелдер аркылуу бар-жоктун баарысы ташылып келди. Газаны ХАМАС көзөмөлдөгөн учурдан баштап жер алдындагы жол кеңейип, согушкерлер жашынып, курал-жарак камдай турган жайга айланды.

Хамас туннелдер

ХАМАС буга чейин туннелдердин узундугу 500 км деп ырастаган. Алардын көбүнүн кире турган жерлери үйлөрдүн, мечиттердин, мектептердин жана башка коомдук имараттардын ичине катылган.

Израилдин аскерлери өтө зарыл болбосо туннелдердин ичине кирбеши ыктымал. Анын ордуна алар жардыргыч заттарды колдонуп же сууга бастырууда.

Газадагы туннелдер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

ХАМАС деген эмне жана анын максаты эмне?

ХАМАС – 2007-жылдан бери Газа тилкесин башкарып келе жаткан палестиналык согушчан топ. Бул топ Израилди жок кылууга ант берип, анын ордуна Ислам мамлекетин түзүүнү каалайт.

ХАМАС бийликти колго алгандан бери Израиль менен бир нече жолу согушкан. Ал Израилге миңдеген ракеталарды атты же башка согушчан топторго атууга уруксат берди жана башка өлүмгө алып келген чабуулдарды жасады.

Буга жооп иретинде Израиль ХАМАСка бир нече жолу абадан сокку урган. 2008-жана 2014-жылдары да Газага аскерлерин киргизген.

Египет менен бирге Израиль коопсуздук үчүн 2007-жылдан бери Газа тилкесин блокадага алган.

ХАМАС - же кээ бир учурларда анын аскердик канаты Иззедин ал-Кассам бригадалары - Израиль, АКШ, Евробиримдик жана Улуу Британия, ошондой эле башка державалар тарабынан террордук топ деп табылган.

Иран бул топту колдоп, каржылап, курал-жарак менен камсыз кылып, машыктырып келет.

Газа тилкеси деген эмне жана кимдер жашайт?

Газа тилкеси Израиль, Египет жана Жер Ортолук деңизинин ортосунда жайгашкан узундугу 41 км жана туурасы 10 км болгон аймак.

Дүйнөдөгү эл эң жыш жашаган жердин бири – бир чарчы километрге 57 миңден ашык адам туура келет.

Эки миллион чамал палестиндик Газаны өзүнүн үйү деп билет, алардын тең жарымы балдар.

Газа тилкеси

Алгач Египет басып алган Газаны 1967-жылы алты күндүк согуш учурунда Израиль ээлеп алган.

Израил 2005-жылы ал тилкеден өз аскерлерин жана 7000ге жакын жаранын чыгарып кеткен.

Бул жерде 2,23 миллион адам жашайт жана дүйнөдө калк эң жыш жайгашкан аймактардын алдыңкы катарына кирет.

БУУнун маалыматы боюнча, Газанын калкынын 75%дан ашыгы – 1,7 миллиондой адам – качкындар же качкындардын урпактары. Алардын 500 000ден ашыгы тилкенин аркы башындагы калк жыш жайгашкан сегиз лагерде жашашат.

Израил Газа тилкесинин үстүндөгү аба мейкиндигин жана деңиздин жээгин көзөмөлдөп, адамдардын жана жүктөрдүн өтүшүн катуу көзөмөлдөйт. (КС)