"Тирүүлөрдүн тозогу". Израилдин Газага чабуулу
Жереми Боуэн, Би-Би-Синин эл аралык маселелер боюнча редактору

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Газа тилкесиндеги Хан Юнис шаарынын борборунда кармаш күчөгөндүктөн, Израил жөн жай тургундарды шаардан чыгып кеткиле деп буйрук берди. Израил Газага басып киргенден бери жүздөн ашуун жоокери каза болгонун маалымдады. Газанын саламаттыкты сактоо министри аймакта набыт болгондордун саны 18 миңден ашканын билдирди. Израил бул сандарга ишенбей келген, бирок БУУ бул маалымат тастыкталганын бышыктады.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Газага гумжардамды көбөйтүүгө чакырган резолюциясын кабыл алды. Уюмдун жетекчиси согуш саламаттыкты сактоо түзүмүнө олуттуу кедергисин тийгизип жатканын маалымдады.
БУУнун Улуттар уюмундагы дипломаттар шейшемби күнү Башкы Ассамблеяга чогулуп, Газада тез арада ок атышууну токтотуу боюнча кайрадан добуш берерин кабарлашты.
Өткөн айда бир аптага созулган элдешүүгө ортомчулук кылган Катардын премьер-министри кайрадан ок атышпоо келишимине жетүү үмүтү өчүп баратканын айтат.
"Хамастын" жогорку даражадагы бир өкүлү "биздин талаптар аткарылмайынча бир да туткун Газадан тирүү чыкпайт" деп эскертти. Израилдин премьер-министри "Хамаска" кайрылып, куралыңарды таштагыла деп билдирди.
БУУнун Палестиналык качкындар боюнча жетекчиси Газадагы кырдаалды "жердеги тозок" деп сыпаттады.
Ал эми Иордан дарыясынын Батыш Жээгиндеги палестиналыктар өз укуктары жана эркиндиктери кескин чектелип жатканын айтууда.
"Ыйлаба, алар бейишке чыгат "

Сүрөттүн булагы, screenshot
Хан-Юнистеги Ал-Наср ооруканасынын алдында кепинге оролгон адамдардын сөөгү жатат. Алардын баары түн ичинде Израил күчтөрүнүн колунан каза тапты.
Арасында бул дүйнөгө келген күнү өлтүрүлгөн Аси Абдул Вахабдын да сөөгү жатат. Жанында апасы Аси жана атасы Яхьянын сөөгү турат.
"Ыйлаба, алар бейишке чыгат", - дешти алардын уулу Мухаммедге жаназага тургандар.
Израилдин чабуулу Газаны жарандар үчүн "тирүүлөрдүн тозогуна" айлантты. Көз жумган палестиналыктардын арасында миңдеген жаш балдар да бар. Алардын үй-бүлөлөрү, кырдаалды өзгөртүүнүн жалгыз эле жолу бар дешет.
"Баары эле жардам тууралуу кеп кылышууда. Жардам эмес, кан төгүүнү токтототушсун" дейт Ибрахим Ашраф.
Америкалыктардын айтымында, Израил өтө көп сандагы күнөөсүз адамдарды өлтүрүп жатат. Анткен менен БУУнун ок атышпоого чакырган соңку аракетине АКШ дале вето коюп келет.
Чыр-чатактын чордону

Сүрөттүн булагы, screenshot
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Хевро́н шаарында чыңалуу күчөдү. Мусулмандар жана жөөттөр үчүн да ыйык деп саналган Иордан дарыясынын Батыш Жээгиндеги бул шаар - ондогон жылдардан бери чыр-чатактын чордонуна айланган.
Палестиналыктардын көпчүлүгүнүн мүлктөрүн алып коюшкан. Алар шаардын борборунда жашай да, иштей да алышпайт. Анткени мында жөөттөр отурукташып алышкан. Аларды Израилдин армиясы коргойт.
Израил өкмөтүндөгү улутчул жөөттөр да Хеврон шаарында жашайт. 7-октябрдагы кол салуулардан бери конуштун жанындагы ар кандай курактагы палестиналыктарга коменданттык саат киргизишип, үйлөрүнөн чыкпоого буйрук беришкен.
Шади Аль-Мотасел "иттерим үй-бүлөмү келгин жөөттөрдөн коргойт" дейт. Ал бир нече аптадан бери үйүнөн чыга албай, тиричилиги токтоп калды:
"Бизди зомбилер дешиңиз мүмкүн. Эки аптадан бери камап келишет. Үйдөн чыга албайбыз, ишке бара албайбыз же балдарыбызды сыртка алып чыга албайбыз. Жашоо оор".
Коменданттык саат бир аз жеңилдеди, бирок коопсуздук күчтөрү анын биз менен сүйлөшүп жатканын жактырышпады.
"Аларга бардык укукту беришкен. Бизде андай эмес. Алар бизди адам катары көрүшпөйт".
Келгин жөөттөр анын үйүнүн алдында армиядагы резервисттер менен үй-бүлөлөрүнүн жолугушуусун белгилеп жатышты. Иш-чара хеврондук жөөттөрдүн урматына кылынган иштери үчүн ыраазычылык иретинде өттү, дейт уюштуруучу Энат Коэн.
"Арабдар убактысынын көпчүлүгүн коменданттык саатта отуруп өткөрүшкөнү туурабы?", - деп сурадык.
"Мен коменданттык саат тууралуу эч нерсе билбейм. Арабдардын жүрүм-туруму туура эмес", - дейт ал.
Жаңжалдын маңызы дал ушул Хеврон шаарында. Бул чыр-чатактын тамырларын, эмне үчүн ал эч качан жайгарылбай келген себептерин эске салган жер.
Ал гана эмес, эгер израилдиктер менен палестиндер элдеше турган болсо, терең тамырлашкан ишенимдердин айынан көптөгөн курмандыктар болду деп айтуу үчүн зарыл болчудай.
Бош керебет да, үмүт да жок

Сүрөттүн булагы, Reuters
Газага кайтып келсек, Израил "Хамас" жарандарды тирүү калкан катары колдонуп жаткандыктан улам, алар жапа чегип жатат дейт.
Чалгын кызматтарынын маалыматтарына таянып, Израил буталарга так сокку уруп жатканын айтат.
Дейр-эль-Балахтагы Ал-Акса ооруканасы бейтаптарга толгон. Мында бош керебеттер да, үмүт да жок болуп турат.










