Израилдин соккусунан Бейрутта куралдуу топтордун төрт лидери набыт болду

Израилдин учкучсуз учагы Кола районундагы "Аль-Жамаа аль-Исламия" тобунун мүчөлөрүнө таандык болгон батирге сокку урду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилдин учкучсуз учагы Кола районундагы "Аль-Жамаа аль-Исламия" тобунун мүчөлөрүнө таандык болгон батирге сокку урду

Дүйшөмбүгө караган түнү Бейруттун борборундагы турак-жайга жасаган Израилдин соккусунан төрт киши набыт болгонун Ливандын коопсуздук кызматтарындагы булакка таянуу менен Франс-Пресс айтып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Израилдин учкучсуз учагы Кола районундагы "Аль-Жамаа аль-Исламия" тобунун мүчөлөрүнө таандык болгон батирге сокку урду.

Окуя болгон жерде тартылган кадрлардан көп кабаттуу үйдүн бир кабаты талкаланганын көрүүгө болот. Соккудан кийин ал жерде өрт чыккан.

"Палестинаны бошотуунун элдик фронту" уюму (PFLP) билдиргендей, соккудан алардын үч лидери набыт болду.

Франс-Пресс агенттигинин маалыматына караганда, аталган уюмдун коопсуздук кызматынын башчысы Мохаммад Абдель-Аал, командир Имад Одех жана Абдельрахман Абдель-Аал өлтүрүлдү.

Бул азыркы эскалация учурунда шаардын ичине жасалган алгачкы сокку болуп калды, буга чейин израилдик аскерлер "Хезболла" объектилери жайгашкан Бейруттун түштүк жакасына жана Ливандын башка аймактарына чабуул жасап келген.

Израилдин Коргоо күчтөрү бул окуялар боюнча комментарий бере элек. Алар түндө Ливандын чыгышындагы "Хезболланын" буталарына кол салганын гана айтууда.

Жекшембиде Израил Йемендеги хуситтердин турган жерине жана Ливандагы "Хезболланын" ондогон объектине абадан сокку урду.

Хусит бийликтери Йемендин батышындагы электр станцияларына жана деңиз портуна жасалган бир катар чабуулдардан кеминде төрт киши каза таап, 33 киши жарадар болгонун айтууда.

Израил бийликтеринин айтымында, бул соккуларды хуситтердин соңку чабуулдарына жооп катары жасады, алар Ирандын курал-жарактарын ташыган объекттерди талкаладык деп билдирди.

Хуситтердин жогорку саясий кеңеши Израилдин бул соккуларын "ырайымсыз агрессия" деп атап, "жооп сөзсүз болот" деди.

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы эки жумада миңден ашуун ливандык өлүп, алты миң киши жарадар болгонун айтып чыкты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жалпысынан алганда жекшемби күнү Израил 120 объектке сокку урганын айтууда.

Ливан бийлигинин айтымында, бул чабуулдардан кеминде 105 киши каза таап, 350 чамалуу киши жарадар болду.

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы эки жумада миңден ашуун ливандык өлүп, алты миң киши жарадар болгонун айтып чыкты. Алардын канчасы жайкын тургундар экени белгисиз.

Андан тышкары өлкө калкынын бештен бирин түзгөн миллион киши үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду.

Израилдин соңку эки жумадагы чабуулунан "Хезболланын" бир нече жогорку даражалуу мүчөлөрү набыт болду, алардын арасында Хасан Насралла да бар.

"Хезболланын" ракеталык чабуулунан улам үйлөрүн таштап чыгып кеткен Израилдин түндүк аймактарындагы тургундарды кайтаруу үчүн аталган өлкө чабуулун уланта берерин айтууда.

АКШ болсо жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырып келет.

Президент Байден Жакынкы Чыгышта масштабдуу согушту болтурбоо мүмкүнбү деген журналисттердин суроосуна жооп берип жатып "бул зарыл" деди.

Ал ошондой эле жакын арада Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшүүнү пландап жатканын айтты. (ErA)