БШК Курманкул Зулушевдин мандатын алды

Сүрөттүн булагы, Жогорку Кеңеш
- Author, Айдай Аманкулова, Заирбек Бактыбаев, Би-Би-Си
- Окуу убактысы: 1 мүнөт
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-мартта чукул жыйынга чогулуп, Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жеке арызын карап, мандатынан ажыратты.
Курманкул Зулушев Ош облусундагы 10-округдан шайланып келген. Ал 14 миңден ашуун добуш топтогон.
Ал "Ынтымак-Мекенчил" депутаттык тобунун мүчөсү, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитеттин төрагасы болчу.
Мурдараак социалдык тармактарда парламентте мандатын тапшырышы ыктымал делген эл өкүлдөрүнүн ысымдары жарыяланган. Алардын арасында Курманкул Зулушев да болгон.
Буга чейин Зулушев парламентте УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташивди каралоо аракети болуп жатканын айткан.
"Президенттин да, Камчыбек Кыдыршаевичтин да жөндөмүн, аракетин, пейилин, мамлекетчил экенин жакшы билебиз. Камчыбек Кыдыршаевич өзүн, үй-бүлөсүн, өмүрүн тобокелдикке салып мамлекет үчүн иш кылды. Бирок азыр мамлекеттик кызматкерлер, саясатчылар убакыттан пайдаланып ал кишиге жаман сөз айтуудан өйдө болушубуз керек", – деген Зулушев.
Курманкул Зулушев мандатын тапшырса, анын ордуна тизме боюнча мурдагы депутат Улугбек Ормонов кайрадан парламентке келиши мүмкүн.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан бошоткон.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Саясий тандем ыдырагандан кийин депутаттар Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов жана Куванычбек Конгантиев депутаттык мандатын тапшырган. Акыркысына кылмыш иши козголуп, эки айга камалган.
55 жаштагы Курманкул Зулушев бир топ жыл сот жана прокуратура тармагында иштеген. 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун ал баштаган үч судьядан турган коллегиясы ошол кездеги оппозициялык депутаттар - Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду оор беренелер боюнча актаган чечим чыгарып, аты таанылган. Бул чечимден кийин ал кызматынан бошотулган.
Курманкул Зулушевдин саясий ишмердүүлүгү 2015-жылы башталган. Ал "Республика – Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп шайланган. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо "Мекенчил" партиясынын тизмесинде 7-орунда талапкер катары катышкан. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин, 21-октябрында Башкы прокурору болуп дайындалган.
2022-жылдын 2-июнунда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалгандан кийин, 4-июнда Зулушев тергөө иштеринин мөөнөтүнө байланыштуу кызматынан убактылуу четтетилген. 16-июнда президенттин жарлыгы менен кайрадан кызматына кайткан. Ал бул кызматты 2024-жылдын 3-июнуна чейин аркалаган.
Зулушев Көк-бөрү федерациясынын президенти болуп иштеп, 2024-жылдын июль айында бул кызматтан кеткен. Ал эми былтыркы шайлоодо №10 округдан депутат болуп шайланган.
































