Шаирбек Ташиев сурак берип чыкты

Сүрөттүн булагы, Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына сурак берип чыкты. Маалыматты ИИМдеги өз булактар ырастады.
Азырынча Шаирбек Ташиев кайсы иш боюнча суракка чакырылганы беймаалым.
10-мартта социалдык тармактарда мурдагы депутат Жусупбек Коргонбай уулу менен Шаирбек Ташиевдин сүйлөшүүсү делген видео тараган. Тасмада Коргонбай уулу Шаирбек Ташиев экөө Грузияда кумар ойногонун, казиного 1 миллион 320 миң доллар уттуруп жиберишкенин эске салган. Ал карыздын бир бөлүгүн Камчы Көлбаев жапканын кеп кылган.
Бул окуядан кийин Коргонбай уулу Камчыбек Ташиевдин опузасы менен депутаттык мандатын тапшырганын билдирген. Жусупбек Коргонбай уулу Би-Би-Сиге Шаирбек Ташиев менен кумаркана жөнүндө сүйлөшкөнү чын экенин айткан.
"Сүйлөшүү болсо, болгон дейм да. Эмнесин жашырмак элем. Мен чындыкты сүйлөгөн адаммын", - деген Коргонбай уулу.
Февралдын аягында дагы бир видео тарап, анда Шаирбек Ташиев делген адам алты гектар жерде базасы бардыгын, 10 миллион долларга сатып жиберүүнү көздөгөнүн, бирок кийин ал жерге суусундук заводун курууну пландап жатканын айткан. Ошондой эле жубайына 37 миң долларга кымбат бриллиант сөйкө-шакек алып бергенин кеп кылган.
Шаирбек Ташиев өзү же анын адвокаттары бул сүйлөшүүлөрдү төгүндөп же бышыктай элек.
Шаирбек Ташиевдин сүйлөшүүлөрүн ким тыңшап, байманалуу жашоосун ашкерелеген видеолорду ким жасап, монтаждаганы беймаалым.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын делген адамдардын ушул өндүү видеолору жарыялангандан кийин бери дегенде эле эки депутат, Кундузбек Сулайманов жана Куванычбек Конгантиев мандатын тапшырган.
Быйыл 10-февралда саясий тандем ыдырап, президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди УКМКнын төрагасы кызматынан алган.
































