Аарылар балга каршы. Дубайдагы климаттык саммит

Алексей Калмыков, Би-Би-Си

Дубай

Сүрөттүн булагы, Reuters

Дүйнө климаттык кризисти баштан кечирүүдө, андыктан жылына бир жолу дүйнөлүк лидерлер БУУнун конференциясында глобалдык жылуулануу шартында адамзаттын аман калышын талкуулоо үчүн жыйналышат. Быйыл алар глобалдык жылуулануунун негизги булактары болгон мунай жана газ аркылуу байыган күнөстүү Дубайга COP 28-саммитине агылды.

Жакынкы эки жуманын ичинде дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнүн адегенде президенттери, королдору жана премьер-министрлери, андан кийин эксперттери жана сүйлөшүүчүлөрү таза, салкын келечекке багыт алуу үчүн жана кыйраткыч кырсыктар, жакырчылык, массалык миграция менен коштолгон климаттык катастрофанын алдын алуу чараларын көрүүгө аракет кылышат.

Быйыл милдет мурдагыдан да актуалдуу жана татаал.

Актуалдуулугу, дүйнө рекорддук эң ысык жылды башынан өткөрүп жатат жана эң ысык жылдардын жалпы рейтингинде акыркы 9 жыл алдыңкы 9 саптан түшпөй келет.

Татаалдыгы, Орусиянын Украинага кол салуусуна Израиль менен ХАМАСтын согушу кошулду. Мунун баары дүйнөдөгү Ковидден кийинки инфляциянын жана Кремлдин ЕБ менен газ согушунан улам Европадагы энергетикалык кризистин тушунда болууда.

“Ал маселелер дүйнөлүк лидерлерди алаксытат. Мындай шартта бир пикирге келүү кыйыныраак”, - деп, Ак үйдө, Мамлекеттик департаментте жана АКШнын Энергетика министрлигинде иштеген, COP саммиттеринин америкалык ардагери, Колумбия университетинен Дэвид Сандалоу кырдаалды сүрөттөдү.

Эл жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө, миграциянын жана баанын көтөрүлүшүнө тынчсызданууда. Адамдар акча климатка эмес, аларга жумшалышын талап кылышууда. Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштүн башында турган өлкөлөрдүн бийликтери да күн тартибин өзгөртүүдө. Улуу Британия кээ бир климаттык милдеттенмелеринен баш тартты, ал эми Нидерландда климаттын өзгөрүүсүнө күмөн менен караган партия жаңы эле жеңишке жетти.

Жетекчилер азыр башка маселелер менен убара. Планетанын эки алдыңкы аскерий жана экономикалык державасынын башчылары – АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин – Дубайга барышпайт. Жума күнү саммитти ачуу дарактарга, пингвиндерге жана жалпы эле айлана-чөйрөгө аяр мамилеси менен белгилүү болгон Улуу Британиянын королу Чарлз III тийди.

Чарлз III пингвиндердин арасында

Сүрөттүн булагы, WIREIMAGE/GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чарлз III пингвиндердин арасында
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ушул кезге чейин БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча бир гана конференциясы чоң ийгилик менен аяктады – 2015-жылы Париждеги COP21де дүйнөнүн бардык өлкөлөрү быйылкы кылымда глобалдык температуранын өсүшүн өнөр жай дооруна чейинки деңгээлден 2°C ашырбай кармоого макул болушкан, идеалдуу вариантта атүгүл 1 ,5 ° C ашырбоо каралган.

Париж келишиминин максаттарына жетүү күн сайын кыйындап баратат. Шамал жана күн энергиясында рекорддук кубаттуулуктар ишке киргизилгенине карабастан, дүйнөлүк мунай менен газды керектөө менен кошо эмиссиялар да көбөйүүдө.

Планетабыз өнөр жай революциясына чейинки мезгилге караганда болжол менен 1,1-1,2°C жылуу, ал эми кылымдын аягында окумуштуулар 2,4-2,4°С жылуу болорун айтышууда.

Ошондуктан БУУнун конференциясы көңүл чордонунда турат. Бул жыйында бүткүл дүйнө же “жашыл революцияны” тездетүүгө макул болот же тескерисинче өз ара урушуп, аны кечиктирет.

COP28 эмне жөнүндө, кандай реалдуу жыйынтыктарды күтсө болот жана эмне үчүн бул саммит баштала электе эле чуулгандуу болбосо да, талаштуу болуп чыкты?

Дубай саммит

Сүрөттүн булагы, AFP

COP28 реалдуу түрдө эмнеге жете алат?

Конференциянын негизги темалары Париж келишиминин алгачкы жыйынтыктарын чыгаруу, жакыр өлкөлөргө акчалай компенсация төлөө жана казылып алынган отундун келечектеги ролу болот. Төмөндө алар жөнүндө да сөз болмокчу, бирок алгач COP28дин ийгилигин кантип өлчөө керектиги жөнүндө кеп кылсак.

"Мен бул саммиттерге көп жылдардан бери катышып келем, бир нерсени анык айта алам, баары өтө жай жүрүп жатат" деди 1995-жылы Берлинде өткөн биринчи СOPко катышкан Дэвид Сандалоу. “СОР саммитеринде дээрлик 200 мамлекет чогулат, ар бир чакан кадам алардын ар биринин макулдугун талап кылат. Ар кимдин ар кандай кызыкчылыктары бар жана бир маселени бекитүү процесси өтө узакка созулат.”

“Эгерде сиз БУУнун конференциясы климаттын өзгөрүшүнө карата олуттуу чечим чыгарат деп күтсөңүз, анда ар бир COPтун жыйынтыгынан көңүл калат. Бирок, эгерде маанилүү маселелер боюнча канчалык алга жылганыбызга карап баа берсек, анда кандайдыр бир ийгиликтер да болушу ыктымал”.

Жеңиш болобу же иш ордунан чыкпай калабы — 12-декабрдан кийин, сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары коммюникенин акыркы тексти боюнча макулдашканда белгилүү болот. БУУнун буга чейинки климаттык конференцияларынын тажрыйбасы көрсөткөндөй, түнгө чейин созулган сүйлөшүүлөр дагы бир нече күнгө узарышы мүмкүн, бирок биз өлкөлөр бул жолу эмне жөнүндө макулдашканын эки жумадан кийин так биле алабыз.

Саммиттин төрт негизги темасы

Германия

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын газ согушу Европанын ушул сыяктуу Германиядагы көмүр менен иштеген электр станцияларынын жабылышынын кечеңдөөсүнө себеп болду.

Орусиянын газ согушу Европанын ушул сыяктуу Германиядагы көмүр менен иштеген электр станцияларынын жабылышынын кечеңдөөсүнө себеп болду.

1. Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштөгү прогресске биринчи баа берүү

Париж келишиминин 14-беренесинде дүйнө алгачкы жыйынтыктарды 2023-жылы чыгарып, андан соң ар бир беш жылда бир жыйынтыкка келиши керек деп жазылган. Бул жыйынтыктарга техникалык баа берүү сентябрда жарыяланган, бирок анын корутундулары көңүл калтырарлык болду. Анда “эгерде эмиссияны кыскартуу боюнча аракеттерди тездетпесек, Париж келишиминин максаттары ишке ашпайт” деп айтылат.

"Мүмкүнчүлүктөрдүн терезеси тездик менен жабылып баратат. 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 2019-жылдагы деңгээлден 43% жана 2035-жылга чейин 60% кыскартуу жана 2050-жылга карата CO2ни нөлгө түшүрүүгө жетишүү үчүн бир топ амбициялуу иш-аракеттер керек."

Эми эксперттердин кейиштүү корутундулары COP28 тарабынан жактырылышы керек жана аларды эске алуу менен бардык өлкөлөр 2025-жылга карата экологиялык зыяндуу заттарды контролдоо боюнча улуттук пландарды түзүшү керек.

2. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен Батыштын ортосундагы компенсация тууралуу талаш

2009-жылы бай өлкөлөр өнүгүп келе жаткан экономикаларга эмиссияларды кыскартуудан келип чыккан жоготуулардын ордун толуктоо үчүн жыл сайын 100 миллиард доллар берүүнү убада кылышкан.

Идея жөнөкөй: Батыш атмосферага парник газдарын чыгарып, андан байып кетти, ал эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөр азыр андай жол менен бара алышпайт, ошондуктан алар экономикасын таза энергияга жана транспортко өткөрүү үчүн каржылык жардамга муктаж.

Мурунку COP26 саммитинде Индия, Түштүк Африка жана башкалар убада аткарылбай калганына нааразы болуп, 100 миллиард эмес, 1 триллион доллар талап кылышкан.

Египетте өткөн акыркы COP27де тараптар компенсация фондун түзүү боюнча акыры бир пикирге келишкен.

Бирок ал кандай болот, качан, ким, канча төлөйт, ал милдеттүү болобу же ыктыярдуубу, бул фондду ким башкарат жана акча кимге жана кандай шарттарда берилет - бул суроолордун баары келечектеги саммиттердин энчиси болуп калды.

Пикир келишпестиктер ушунчалык олуттуу болгондуктан, COP28 компенсациянын механизми жана өлчөмү жөнүндө талкууну токтото албайт.

3. Мунай өлкөлөрү менен Батыштын ортосунда мунай жана газдан баш тартуу боюнча талаш

Нефть өндүрүүчүлөр бул саммитти мунайсыз жана газсыз таза келечекке жетүү мүмкүн эместигин жарыялоо үчүн пайдаланып жатышат. Батыш, тескерисинче, казылып алынган отундарды азайтып, бара-бара жок кылмайынча, климаттык максаттарга жетүү мүмкүн эмес экендигине дүйнөнү ынандырууга аракет кылууда.

Бул тууралуу талаш-тартыштар азыркы СOPто өзгөчө кызуу болот.

Себеби, биринчиден, саммит ири мунай өндүрүүчү өлкөдө өтүп жатат, жана күн тартибин ири мамлекеттик мунай компаниясынын башчысы жетектейт.

Экинчиден, дүйнөдө энергетикалык кризис болуп жатат. Энергияга суроо-талап жаңы, таза энергия булактарын жайылтуудан ашып түшүүдө, ал эми казылып алынган отундар этап менен жоюлууда. Мунун баары дүйнөдө жыргалчылыктын өсүшүнө тоскоол болууда.

Үчүнчүдөн, Батыш өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө компенсация төлөө маселеси боюнча Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен компенсация талап кылууда. Батыш сыяктуу эле, алар да акыркы 150 жылда күйүүчү майлардын көзөмөлсүз күйүп жатышынын негизги себеби болгон өнөр жай революциясынан пайда көрүүдө. Эми Батыш аларды Европадагы футбол клубдарын сатып алууга жумшала турган миллиарддаган акчанын бир бөлүгүн жакыр өлкөлөргө жардам берүү үчүн климаттык фондго жумшоого чакырып жатат.

4. “Жашыл энергетикалык” кубаттуулукту үч эсеге көбөйтүү тууралуу милдеттенме.

Бул COP28деги эң келечектүү маселе.

Кытай менен АКШ бул боюнча макулдашууга жетишти, ошондуктан башкалар да аларды ээрчиши ыктымал. Бул үчүн күн батареяларын жана шамал турбиналарын гана эмес, эски инфраструктураны да модернизациялоо – зымдарды жана көмөкчордондорду алмаштыруу керек. Ага триллиондогон доллар акча талап кылынат.

Бай өлкөлөрдө акча бар, бирок энергияга болгон суроо-талаптын өсүшү жакыр, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө күч. Ал жерде азыркыга чейин энергия муктаждыктары негизинен газ жана көмүр жагуу менен толукталат.

“Жашыл энергетикага” өз каражаты жок өлкөлөргө чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу милдети учурдагы шарттарда чечилбейт. COP28 бул шарттарды өзгөртүүгө аракет кылып, Пакистан, Индонезия, Египет же Перудагы шамал жана күн электр станцияларына акчалуулар канткенде инвестиция саларын ойлонуштурушу керек.

Жаңжалдар жана пессимизм

Дубай

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дубай COP28ге 70 миң катышуучуну тарта алды, бул аны тарыхтагы эң ири COP конференциясына айлантты.

COP28дин ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү алгач төмөн деп бааланган жана саммит өзү жаңжалдар менен кошотолуп келет. Анын себеби, климат боюнча активисттердин көз карашында Грета Тунбергге толугу менен карама-каршы келген адамдын төрага болуп дайындалышы.

Султан Ахмед аль-Жабер Абу-Дабинин улуттук мунай компаниясын жетектейт. Adnoc — дүйнөдөгү эң ири мунай өндүрүүчүлөрдүн бири.

Конференциянын алдында Би-Би-Си ачыкка чыгып кеткен документтерди жарыялады. Ага ылайык БАЭ делегациясы COP28 климаттык саммитин уюштуруучу катары ыйгарым укуктарын колдонуп, бир нече ири өлкөлөрдүн, анын ичинде Кытай жана Бразилиянын бийликтери менен жолугушууларда мунай компаниясынын кызыкчылыктарын алга сүрөгөн.

Султан Ахмед аль-Жабер бул жолугушууларда мунай жана газ келишимдерин талкуулаганын четке кагат. Бирок эмиссияларды азайтуу боюнча дүйнөлүк талкуунун калыс арбитри катары ага карата дооматтар муну менен эле бүтпөйт, анткени ал жетектеген компания жакынкы беш жылда эмиссиянын негизги булагы болгон көмүр-суутектерин өндүрүүнү кыскартуунун ордуна, көбөйтүүнү пландап жатат.

Отко май тамызган нерсе, БАЭ дагы бир жылга БУУнун климаттык конференциясынын төрагасы болуп кала берет. Мунун баары Владимир Путиндин айынан.

Киийнки COP29 Чыгыш Европада өтүшү керек, бирок Орусия дагы эле аймактагы өлкөлөрдүн бардык арыздарын бөгөттөп жатат. Эгер алардын бири да өтпөй калса, саммитти Германиянын Бонн шаары өткөрөт жана баарын ошол эле Эмираттык министр жетектейт.