Арег Кочинян: Арменияда оппозиция максатына жетпейт

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
Арменияда эки күндөн бери 30 миңге чукул демонстранттар өкмөт башчы Пашиняндын отставкасын талап кылууда. Бул ирет демонстранттардын башында чиркөөнүн башчысы жүргөнү көпчүлүктү таң калтырды. Бирок, айрымдар бул акциянын артында Орусиянын кулагы көрүнүп турат дейт. Ошол себептен колдоочулар аз болуп, оппозиция өз максатына жетпейт дешет.
Армениянын саясий коопсуздук саясатын изилдөө борборунун жетекчиси Арег Кочинян Би-Би-Сиге берген маегинде Армениядагы акыркы саясий абалга токтолду.

Арег Кочинян: Каршы болуп жаткан коомдук-саясий топ кечээ Ереванда демонстрация уюштурду. Бул соңку эки жылдагы эң чоң демонстрация. Ага болжол менен 31 миңдей адам катышты. Бул демонстрация коңшу Азербайжан менен чек араны делимитация жана демаркация кылууга каршы болууда. Бул ирет нааразылык акциясын Армения чиркөөсүнүн архиепископу жетектегени таң калыштуу болуп жатат. Буга чейин бир дагы жолу Армениянын саясий жашоосунда чиркөө же дин кызматкери роль ойногон учур болгон эмес.
Азербайжан жана Армения ортосунда делимитация жана деморкация процесси курч маселе болууда. 30 жылдан бери Тоолуу Карабактын аймагында согуш, касташуу жүрүп атат. Азыр процесс эки өлкөнүн чек арасында жүрүүдө. Эң көйгөйлүү аймак – бул 1990-жылдан бери армян армиясы көзөмөлдөп келген төрт айылды Азербайжанга өткөрүп берүү. Анан, албетте, бул нааразылыкты, чыңалууну жаратты.
Би-Би-Си: Пашинян баштаган бийлик тарап буга кандай реакция кылууда?
Армения эркин жана демократиялык өлкө. Ар бир адам демонстрацияга чыгууга, өз оюн айтууга укугу бар. Бул окуядан эки күн мурун премьер-министрге маалымат жыйын учурунда мындай нааразылыкка кандай көз караштасыз деген так суроо болгон. Анда Пашинян “мен буга нормалдуу көз караштамын” деп жооп берген.
Эгерде укук бузуулар, мыйзамга каршы кыймыл-аракеттер болбосо, полиция коомдук тартипти гана көзөмөлдөп турарын билдирди. Бүгүн таң аткандан тарта архиепископ “баш ийбөө” акциясын жарыялады. Бул армян саясий жашоосунда көнүмүш адат болуп калган. Оппозиция жолду жаап, иш таштап, ачкачылык жарыялай баштады.
Бирок, уюштуруучуларга саясий масса жетишпей жатканы байкалууда. Тажрыйба көрсөткөндөй, Арменияда революция болуш үчүн кеминде 100 миңден 300 миңге чейин демонстрант чыгышы керек болот. 2018-жылы ошондой болгон. Азыр мындай сандар жок. Бул кыймылдын башында тургандар Пашиняндын отставкасын талап кылды.

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Пашинян өзү демонстранттарга чыктыбы?
Арег Кочинян: Жок, ал демонстранттарга чыккан жок. Ал жакта талап катуу болууда. Отставкага кетүүгө толук бир саат убакыт беришти. Бул Пашинянга эч кандай таасир эткен жок. Бүгүн оппозиция “баш ийбөө” акциясын баштаганын билдирди.
Андан сырткары, алар парламентте премьер-министрге ишенбөөчулүк квотасын баштарын билдиришти. Бул процесс үчүн оппозицияга депутаттардын үчтөн биринин добушу керек. Бирок, мындай мүмкүнчүлүк аларда жок. Процессти башташ үчүн бир дагы добушу жок. Процесс толук бүтүшү үчүн болжол менен 30 добуш керек болот. Мындай мүмкүнчүлүк аларда жок.
Би-Би-Си: Демонстрацияга чыкпаган башка жарандар кандай көз карашта болууда?
Арег Кочинян: Оппозициянын өзүндө акция боюнча эки башка пикир бар. Анын бирөөсү - “унчукпай макул болуу”, “унчукпай бекитүү”. Пашиняндын тышкы саясатына макул эместер бар, алардын айрымдары Азербайжан, Түркияга карата өтө эле ийилчээк мамиле болуп жатат дейт. Менин жеке оюм, көпчүлүк бул кыймылды кубаттаган жок.
Көпчүлүк бул кыймылдын артында Орусиянын кулагын көрүп турушат. Эмнеге дегенде, Орусиянын биздин аймактагы башкы максаты – армян-азербайжан кагылышын сактап туруу. Армения дагы, Азербайжан дагы 2020-жылдан бери Орусиянын союзу болуп эсептелбейт. Орусиянын союзу бул – конфликт. Орусия Украинага болгон согушун токтотмоюнча, эки өлкө ортосундагы чырды токтотпош үчүн болгон күчүн жумшайт.
Делимитация, демаркацияга каршы туруу – бул конфликтти кайра-кайра козгоп туруу. Ошон үчүн эл бул акциянын артынан Орусиянын кулагын көрүп турат. Ал эми Орусия азыр Арменияда эң популярдуу эмес өлкө. 1990-жылдары Орусияны өнөктөш катары эсептесе, азыр бул сан 30 пайыздан төмөндөп кетти. Андан сырткары, калктын 40% Орусияны коркунуч катары көрөт.

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
Би-Би-Си: Айрым саясатчылар, аналитиктер, анын ичинде сиз дагы Азербайжан жана Түркия менен мамилени оңдой баштоо керек деп айтып келгенсиз. Бул бүгүнкү күндө канчалык реалдуу?
Арег Кочинян: Узак мөөнөттүү келечекте Арменияга дагы, Азербайжанга дагы тынчтык керек. Бул согуш канчалык созулган сайын, Орусиянын кесепеттүү таасири ошончолук арта берет. Эки өлкөнүн Орусияга болгон көз карандылыгы улана бермекчи. Мен бул Арменияга дагы, Азербайжанга дагы кызык эмес де ойлойм.
Буга кошумча айтсак, Россия Түштүк Кавказда саясий таасирин сактоонун тарыхый чегинде турат, бул келишимдерди бекитүү үчүн мамилелерди оңдоого кандайдыр бир мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Тынчтык келишимин түзүү үчүн бизге бир нече кадам калды. Бүгүн Алматыда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болот. Ал жакта эки гана суроо калды. Биринчиси, делимитация жана демаркацияны укуктук жактан баштоону сүйлөшүү.
Экинчи суроо, тынчтык келишимин түзгөндөн кийинки коммуникация кандай болот. Мисалы, жол, темир жолдор ж.б. Ушул эки суроо боюнча компромисске келе алсак, анда бир нече айдан кийин тынчтык келишими түзүлөт деп болжоп жатам.












